Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
1,039 Бардыгы / БАТКЕН. Президенттин Баткен облусундагы Өкүлү Абдыкарим Алимбаев менен Тажикстандын Согдий облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзоданын жолугушуусунда Кыргыз-Тажик чек арасында чек арачы аскерлердин санын кыскартуу жагы дагы сунуш этилди. Тажик тарап Чек арасылардын ордуна чектеш аймактардагы коопсуздукту милициянын көзөмөлүнө өткөрүүнү сунуш кылды. Мындан тышкары чек арадагы аймактарга курулуштарды экинчи тараптын макулдугу менен гана куруу […]
1,040 Бардыгы / БАТКЕН. Президенттин Баткен облусундагы Өкүлү Абдыкарим Алимбаев менен Тажикстандын Согдий облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзоданын жолугушуусунда Кыргыз-Тажик чек арасында чек арачы аскерлердин санын кыскартуу жагы дагы сунуш этилди. Тажик тарап Чек арасылардын ордуна чектеш аймактардагы коопсуздукту милициянын көзөмөлүнө өткөрүүнү сунуш кылды. Мындан тышкары чек арадагы аймактарга курулуштарды экинчи тараптын макулдугу менен гана куруу […]
БАТКЕНДЕ ЧЕК АРАЧЫЛАРДЫН САНЫН АЗАЙТУУ СУНУШ ЭТИЛДИ
06.12.2021 / Автор anarkan_kg

1,041 Бардыгы /
БАТКЕН. Президенттин Баткен облусундагы Өкүлү Абдыкарим Алимбаев менен Тажикстандын Согдий облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзоданын жолугушуусунда Кыргыз-Тажик чек арасында чек арачы аскерлердин санын кыскартуу жагы дагы сунуш этилди.
Тажик тарап Чек арасылардын ордуна чектеш аймактардагы коопсуздукту милициянын көзөмөлүнө өткөрүүнү сунуш кылды. Мындан тышкары чек арадагы аймактарга курулуштарды экинчи тараптын макулдугу менен гана куруу жагы дагы макулдашылды. Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы өкүлү Абдыкарим Алимбаев менен Тажикстандын Согдий облусунун жетекчиси Раджаббой Ахмадзода 3-декабрда “Кулунду” өткөрмө бекетинде жолугушту. Анда тараптар Кыргыз-Тажик чек арасындагы эң соңку окуяларды орой-чарай талкуулашты. Кездешүүнүн соңунда ар кандай чагымчыл аракеттерге бөгөт коюу максатында чектеш аймактын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү катуу убадалашты. Буга улай чек арачы, милиция жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, чек арадагы терс көрүнүштөрдүн алдын алуу жана болтурбоонун ыкчам аракеттерин көрүү жагы дагы катуу тапшырылды.
Баса, Кыргызстандын УКМКсына караштуу Мамлекеттик Чек ара кызматы ушул жылдын 1-декабрында Баткен облусунун Баткен районунун Дахма аймагында ок атылгандыгын жар салган. Анткени, шаршембиде кечки саат тогуздан өткөндө Мамлекеттик чек аранын шарттуу тилкесинде Тажикстан тараптан белгисиз кишилер болжол менен аңчылык мылтыгынан 7-8 жолу ок атышкан. Окуя болгон жерге эки өлкөнүн чек ара бекеттеринин жетекчилери дароо жетип келишип, мылтык аткандарды чогуу издөө тууралуу сүйлөшүшкөн. Күч органдарына дагы ошондо эле кабар берилген. Тараптар аталган аймакта биргелешкен кайгуул уюштурууну дагы өз ара макулдашышкан.
Ушул күнү, 1-декабрда, Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургунун кошуна өлкөнүн жарандары сабашып, ооруканага түшкөндүгү, кыргызстандыктар дагы өчөшүп бир Тажик жаранын кармашып, кийин араң бошотушкандыгы кабарланган. Кыргыз-Тажик чек арасындагы такталбаган аймактардын айынан бул аймакта бат-бат жаңжал чыгып турат. А түгүл 2021-жылдын жазындагы куралдуу кагылыштын кесепетинен эки тараптан ондогон тургундар жана аскерлер көз жумган.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
-
22.04.2025 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗ-ТАЖИК ЧЕК АРАСЫНА МЫНДАН АРЫ ЗЫМ ТАРТЫЛАТ
-
28.04.2025 / Автор anarkan_kg ОШТО ЖҮЗҮН ТОЛУК ЖАПКАН 300ГӨ ЖАКЫН АДАМГА КАТУУ ЭСКЕРТҮҮ БЕРИЛДИ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.