Аймак

ОБЛУСТА ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТАРДЫН АЛДЫН АЛУУ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТҮҮДӨ

ОБЛУСТА ЗОРДУК-ЗОМБУЛУКТАРДЫН АЛДЫН АЛУУ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТҮҮДӨ

 1,083 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. 25-ноябрдан 11-декабрга чейинки аралыкта Жалал-Абад облусунун аймагында “16 күндүк зомбулуксуз жашоо” акциясы өткөрүлүүдө. Акциянын алкагында милиция жер-жерлерде профилактикалык иштерди жүргүзүүдө.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык,

алсак, Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн, райондук мамлекеттик администрациясынын, аймактык оорукананын, социалдык жана үй-бүлө, балдарды колдоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте “Зордук-зомбулуксуз жаркын жашоо” аталышындагы иш-чара өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө укук бузууларга бөгөт коюу, кылмыштуулуктун жана өспүрүмдөр арасындагы мектеп рекетчилигинин, эрте никеге туруунун, үй-бүлөлүк жана жаш балдарга карата зордук-зомбулуктардын алдын алуу маселелери талкууланды.

Мындан сырткары Кербен шаарынын борборунда ЖАМУ колледжинин студенттери жана мекеме-ишканалардын кызматкерлери менен биргеликте жөө жүрүш уюштурулду. Жөө жүрүштүн катышуучулары колдоруна зомбулуктардын алдын алууга багытталган лозунгдарды район борборунан көтөрүп өтүштү.

Ал эми Жалал-Абад шаарынын Балдар экологиялык борборунда зордук-зомбулуктарга каршы акция өткөрүлдү. Анда балдарды коргоо бөлүмүнүн, Жалал-Абад ШИИБдин ЖИИнин инспекторлору менен биргеликте иш-чарага катышкандар ортосунда талкуулар орун алды. Соңунда мектеп окуучуларына, студенттерге брошюралар таратылып берилди.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17