Аймак

“КАМБАР-АТА-1” ГЭСИ БОЮНЧА КАЗАКСТАНДАН АДИСТЕР КЕЛЕТ

“КАМБАР-АТА-1” ГЭСИ БОЮНЧА КАЗАКСТАНДАН АДИСТЕР КЕЛЕТ

 1,026 Бардыгы /

17-декабрда Кыргызстанга “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча Казакстандан атайын жумушчу топ келет.

Казакстандык адистер, өкмөт өкүлдөрү президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен келатканын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 10-декабрда Коомдук каналдагы маегинде билдирди. Анын айтымында, ГЭС куруу маселеси эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолуккан учурда көтөрүлгөн.

“Казакстандагы эл аралык финансылык борбордун жана казак өкмөтүнүн атайын өкүлдөрү “Камбарата-1” ГЭСин куруу боюнча президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен келатышат. Өзбекстан өкмөтү менен “Камбар-Ата-1дин” ТЭО (техникалык-экономикалык негиздемеси) иштеп чыгып жатабыз. Казакстандык кесиптештер келсе алар менен дагы ТЭОлордун баарын иштеп чыгып, бир финансылык моделге келебиз, эмдиги жылдан тарта кура баштайбыз. Акчаны ким, кантип таап келет, үлүшү канча болот муну биз карап жатабыз. Кайсы принциптер менен курулат, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан тарапта эмне болот дегенди президенттер өздөрү ич ара чечип алса болот. Биздеги болгон ресурсту чогуу пайдаланышыбыз керек экенин быйылкы жай көрсөттү. Суу аябай тартыш болду, аны бүт мамлекеттер түшүндү. Биз Нарын суусу, кийин Сырдарыя болуп өтүп кеткен суунун 1,5% эле өзүбүзгө колдонобуз. Калган суунун бардыгын кошуналар колдонот. Ошондуктан алар дагы өз ыктыярлары менен кошо иштешели деп жатат. Биз ошол долбоорду эмдиги жылы жылдырабыз”, – деди өкмөт башчы.

“Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу өткөн кылымдын 80-жылдарында эле пландалган. Курулуштун техникалык-экономикалык негиздемесин “Гидродолбоор” институтунун Ташкенттеги бөлүмү иштеп чыккан, кийинчерээк бул жагдайды Өзбекстандын нааразылыгына жооп кылып Кыргызстан эске салган. Союз таркаган соң долбоор унутулган. “Камбар-Ата–1” ГЭСи Нарын дарыясынын жогорку жагында Жалал-Абад облусунун аймагында курулмак.

2010-жылдан тартып кыргыз бийлиги долбоорду ишке ашырууну ойлоп, бул иштин өтөөсүнө чыкчу инвесторду Орусиядан тапкан. Бишкектин мындай планы Өзбекстанга жакпай, анын катуу сынына кабылган.

“Камбар-Ата – 1” ГЭСин курууга кызыккан инвестор буга чейин чыга элек, ага карабай Бишкек Ташкенттин макулдугун алууга жетишкен. Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын президенти болуп шайлангандан кийин долбоорду ишке ашырууга катыша турганын ырастаган.

2017-жылдын 6-октябрында “Узбекгидроэнерго” менен Кыргызстандын “Улуттук энергохолдинги” долбоор боюнча кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшкан.

2020-жылы Кыргызстандагы ири энергетикалык долбоорлорду ишке ашырууга Орусия менен Иран кызыгып жатканы белгилүү болгон.

2008-жылы “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууну өзүнө алып, бирок долбоорду ишке ашырууну кечеңдеткени үчүн кыргыз тарап макулдашууну жокко чыгарган орусиялык “Интер РАО” компаниясы ишти кайрадан калыбына келтирүүнү каалап жатканын билдирген.

Адистер “Камбар-Ата-1” курулуп калса, Кыргызстандагы ГЭСтердин эң ириси болорун белгилешет. Кубаттуулугу –1860 МВт, жыл сайын 5 млрд. кВт/с электр энергиясын өндүрүп турат. Салыштырып көрөлү: Токтогул ГЭСинин кубаттуулугу 1200 МВт, жылына 4 млрд. кВт/с электр энергиясын өндүрөт.

Долбоор боюнча “Камбар-Ата-1” ГЭСинин тосмосунун бийиктиги 275 метр («Токтогулдуку» – 215 метр). Кууш капчыгайга курулган станциянын төрт гидроагрегаты электр энергиясын өндүрөт.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17