Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
ЖАЛАЛ-АБАДДА КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
БАӉГИ ЗАТ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОГОЛГОН АКЧА ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
772 Бардыгы / Музыкант Викрам Рузахуновдун Алматыдагы башаламандыкка тийиштиги бар деп шектелип кармалышына байланыштуу 9-январда Казакстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рапил Жошыбаев Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары Азизбек Мадмаров Рузахуновдун камалышына байланыштуу министрликтин нотасын тапшырды. Викрам Рузахуновго консулдун жолугушуусун тез […]
773 Бардыгы / Музыкант Викрам Рузахуновдун Алматыдагы башаламандыкка тийиштиги бар деп шектелип кармалышына байланыштуу 9-январда Казакстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рапил Жошыбаев Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Расмий маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары Азизбек Мадмаров Рузахуновдун камалышына байланыштуу министрликтин нотасын тапшырды. Викрам Рузахуновго консулдун жолугушуусун тез […]
ТИМ КАЗАКСТАНДЫН ЭЛЧИСИНЕ НОТА ТАПШЫРДЫ
10.01.2022 / Автор anarkan_kg774 Бардыгы /
Музыкант Викрам Рузахуновдун Алматыдагы башаламандыкка тийиштиги бар деп шектелип кармалышына байланыштуу 9-январда Казакстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Рапил Жошыбаев Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.
Расмий маалыматка караганда, жолугушуунун жүрүшүндө министрдин орун басары Азизбек Мадмаров Рузахуновдун камалышына байланыштуу министрликтин нотасын тапшырды. Викрам Рузахуновго консулдун жолугушуусун тез арада камсыз кылууга жана аны жакынкы арада бошотууга чакырды.
Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, министрдин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары М.Сыздыков жана Казакстандын элчиси Рапил Жошыбаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Ниязалиев казак тарапты Казакстандагы акыркы окуяларга чет элдик жарандардын катышуусу боюнча текшерилген жана ишенимдүү маалыматтарды гана жарыялоого чакырды. Ошондой эле консулдук мамилелер боюнча эл аралык жана эки тараптуу документтердин талаптарына ылайык, Кыргызстандын жарандарынын кармалышы тууралуу өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө өз убагында маалымат берүү зарылдыгын айтты.
Элчи кыргыз тараптын тынчсыздануусу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин жетекчилигине тез арада жеткирилерин айтып, жакынкы аралыкта кеңири маалымат берүүнү убада кылды. Ал азыркы оор кырдаалда Казакстандын компетенттүү органдары болгон окуянын бардык жагдайларын жана себептерин тактоо үчүн кылдат иликтөө жүргүзөт деп ишендирди.
“Консулдук Казакстандын аймагындагы Кыргызстандын ар бир жаранына жардам көрсөтүү боюнча бардык чараларды көрүп жатат. Казакстандын аймагында жашап, базарларда жана башка иштерде иштеп жатышкан мекендештерибиздин маселеси министрдин өзгөчө көзөмөлүндө”, – деп айтылат маалыматта.
9-январда Казакстандын “Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы” телеканалы башаламандыкка катышы бар деп кармалган, жарандыгы кыргызстандык делген адамдын видеосун тараткан.
Видеодо катуу сабалган адам “белгисиз адамдар” аны 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге барганын айткан.
Анын Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов экени белгилүү болгон. Соцтармактарда кыргызстандык активисттер казак бийлигин маалыматты бурмалабай берүүгө чакырууда.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги 9-январда тараткан маалыматка караганда, музыкант концерттик программаны алып баруу үчүн Алматыга чакырылган.
Авиабилет 2021-жылдын 16-декабрында сатылып алынганын жана ал Алматы шаарына 2-январь күнү 20:00дө учуп кеткенин милицияга жакындары билдиришкен.
Буга чейин Казакстандын Ичкы иштер министрлиги башаламандыкка тийиштүү делип кармалгандардын арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин айтып, кайсы өлкө экенин ачыктаган эмес.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
17.07.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ МААЛЫНДА АК-САЙДА ҮЙ КУРГАН ИШКЕР КАРМАЛДЫ
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg ЭАУда АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
-
16.01.2024 / Автор anarkan_kg ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРУУ БОЮНЧА ЫКЧАМ КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
24.01.2024 / Автор anarkan_kg ОШ ШААРЫНДАГЫ «МАНАС-АТА» КАФЕСИ БИРОТОЛО ЖАБЫЛДЫ
-
30.01.2024 / Автор anarkan_kg АБСАТТАР СЫРГАБАЕВ КЫЗМАТТАШУУ БАГЫТЫНДА КЫТАЙГА БАРДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.