Аймак

СУЗАКТА 50ГӨ ЖАКЫН ТУРАК ҮЙГӨ КЫЗЫЛ КИТЕП ТАПШЫРЫЛДЫ

СУЗАКТА 50ГӨ ЖАКЫН ТУРАК ҮЙГӨ КЫЗЫЛ КИТЕП ТАПШЫРЫЛДЫ

 195 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасына ылайык жүргүзүлгөн иш аракеттердин натыйжасында, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы 50гө жакын үй-бүлөлөрдүн жашап турган турак жайларынын кызыл китептери тапшырылды.

Сузак районунун башчысы Баратбек Сыдыкназаровдун демилгеси менен алгач, райондун аймагындагы ар бир айыл өкмөттөн аз камсыз болгон жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга турак жайларын мыйзамдаштырууга көмөк көрсөтүлгөн.

Мында жалпы 50гө жакын турак үйдүн жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик акты, техникалык паспорттору жасалып берилди. Жумшалган каражаттар райондук мамлекеттик администрация, айыл өкмөт жана кадастр мамлекеттик ишканасы менен биргеликте каржыланган.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17