Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
1,228 Бардыгы / Ар бир кризис – бул чоң мүмкүнчүлүк! Уинстон ЧЕРЧИЛЛЬ, Англиянын экс-премьер-министри Кыргызстандын Түштүк Башкалаасында Ош облусунун жана Ош шаарынын 200дөн ашуун жарандык активисти – жалаң каймактары чогулуп, атайын жыйын-масилет курушуп, Президент Садыр ЖАПАРОВго Элдик Курултай институтун чукул арада ишке киргизүүнү талап кылган атайын Кайрылуу жолдошту. Өлкө башчысы бачым мындай кадам жасабаса, бүгүнкү көп […]
1,229 Бардыгы / Ар бир кризис – бул чоң мүмкүнчүлүк! Уинстон ЧЕРЧИЛЛЬ, Англиянын экс-премьер-министри Кыргызстандын Түштүк Башкалаасында Ош облусунун жана Ош шаарынын 200дөн ашуун жарандык активисти – жалаң каймактары чогулуп, атайын жыйын-масилет курушуп, Президент Садыр ЖАПАРОВго Элдик Курултай институтун чукул арада ишке киргизүүнү талап кылган атайын Кайрылуу жолдошту. Өлкө башчысы бачым мындай кадам жасабаса, бүгүнкү көп […]
ОШТУКТАР ПРЕЗИДЕНТТЕН ЭЛДИК КУРУЛТАЙ ИНСТИТУТУН ТОКТООСУЗ ИШКЕ КИГИЗҮҮНҮ ТАЛАП КЫЛЫП ЖАТЫШАТ
26.01.2022 / Автор anarkan_kg

1,230 Бардыгы /
Ар бир кризис – бул чоң мүмкүнчүлүк!
Уинстон ЧЕРЧИЛЛЬ,
Англиянын экс-премьер-министри
Кыргызстандын Түштүк Башкалаасында Ош облусунун жана Ош шаарынын 200дөн ашуун жарандык активисти – жалаң каймактары чогулуп, атайын жыйын-масилет курушуп, Президент Садыр ЖАПАРОВго Элдик Курултай институтун чукул арада ишке киргизүүнү талап кылган атайын Кайрылуу жолдошту. Өлкө башчысы бачым мындай кадам жасабаса, бүгүнкү көп кырдуу кризис бара-бара өөрчүп олтуруп, а түгүл жер-жерлерде социалдык жана саясий жарылуулар үстөккө-босток жүз берээрин дагы абдан катуу эскертишти.


Абсаттар ЖОЛДОШЕВ, эмгек ардагери: – Президент Садыр Жапаров жеке өзүнүн демилгеси аркасында өткөн 2021-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамынын 1-бабынын 7-беренесине “Элдик Курултай – Эл Бийлигинин кеңешүүчү, консультативдик жана координациялоочу Жогорку органы!” – деген түзөтүү киргизилген. Тилекке каршы, бул берене эмдигиче ишке кире элек, мындайча айтканда, урунулбастан жөн эле турат. Мына ушунун кесепетинен Кыргызстанда жемкорлук ашкере күчөп, ал эми карапайым калктын турмуш-шарты күн өткөн сайын ого бетер оорлошуп гана баратат…


Абдумажид АРЫНОВ, коомдук ишмер: – Элдик Курултай институту кыргыздарда тээтигил 7-8-кылымдарда эле негизделген. Дал ошондо калкыбыз өтө олуттуу – тагдыр чечүүчү маселелерин ушундай көпчүлүк – Улут каймактары активдүү катышкан Чоң жыйында ырааттуу жана адилет түрдө эле жайгарып келишкен. Биз дагы дал азыр ушул принцип менен ийгиликтүү ийиндеше иштесек, бүгүнкү парламенттик жана өкмөттүк кризиске биротоло чекит дагы коюлмак. Эң эле башкысы: Бийлик бутактарынын дагы жоопкерчилиги ого бетер жогоруламакчы.


Барпы БАРАТОВ, Ош шаарынын тургуну: – Элдик Курултай институтун дал ушул тапта жандандыруу – учурдун эч кечиктирилгис талабы! Бирок, бул орчундуу иш-чарага делегеттарды – Өкүлдөрдү шайлоодо регионалдык, трайбалисттик жана партиялык өтө жаман адаттардан тыш болгонубуз оң! Антпесек, дал ушундай акмак илдетибиз бизди ичтен иритип, түгөнбөс чыр-чатактарга жол ачып, а түгүл бара-бара Кыргызстандын Жер бетинен жок болуп, Дүйнөлүк картадан чийилип кетишине дагы олуттуу коркунуч туудураары шексиз!


Манас ЭРГЕШОВ, жарандык активист: – Мына, эгемендүүлүгүбүздүн 31 жылынын ичинде биз ич ара араздашып, анан дагы бири-бирибизден өлүп-тирилип так талашып, деги эмне таптык?!? Намыстанбайлыбы, ыя, айланайындар? Жарандык согуштан көп жылдар бою башы чыкпаган Тажикстан экономикалык жактан бизден алдаганча озуп кетпедиби… Ал эми Өзбекстан, Казакстан жана Түркмөнстан жөнүндө кеп жок! Булардын ыкчам өнүгүп бараткандыгын көрүп, чындыгында, арданасың, эй?!?


Бахадыр НАРМЫРЗАЕВ, “Лөлүлөр” коомунун төрагасы: – Бүгүн бизге, бүтүндөй кыргызстандыктарга, ар тараптуу өнүгүүбүз үчүн эң ириде ыктымакчылык гана керек! Мындан башка дегеле жол жок! Эгерде азыр бирикпесек, катуу кетсем, кечирип коюңуздар, ордубузда тоңуп катып калабыз, же чачырап, азып-тозуп, биротоло жок болобуз…


Аида ТУРГАНОВА, жарандык активист: – Аялдар Кыргызстандын калкынын 65-70 пайызын түзөт. Демек, биз – коомубуздагы зор күчпүз! Тилекке каршы, эми ошол күч-дараметибизди эмдигиче толук кандуу пайдаланбай келатабыз. Анткени, биздин кайдыгерлигибиз жана кашаңдыгыбыз кендирибизди куп гана кесип жаткан чагы. Буга улай оор мүшкүл башыбызга түшүп, көпчүлүгүбүз – жалаң гана айымдар гөр тиричиликтин кесепетинен Орусия, Казакстан, Түштүк Корея, Түркия, АКШ өңдөнгөн өлкөлөрдө дагыле тентип иштеп, бала-чакабызды багып жүрөбүз.


Азиза АЙДАРОВА, Кара-Суу районундагы Аймактык Кеңештин төрайымы: – Көрдүңүздөр го, соңку тапта жер-жерлерде, анан дагы борборубуз Бишкекте азыркы Бийликке карата тенденция (жышаан) абдан активдешти. Кур дегенде кичине акыл токтотуп, ойлонбойлубу, туугандар? Анан дагы намыстанбайлыбы? Төрт президентибизди тактысынан кууп тындык. А дагы бирөөсүн түрмөгө тыктык. Мындан биз эмне таптык? Өнүгүп-өсүп кеттикпи? Жыргап жашап калдыкпы? Тескерисинче, бүтүнөй Дүйнө жүзүнө шерменде гана болдук. Эми минтип “Садыр Жапаров жоголсун!” деп олтурабыз. Эгерде кымындай абийириңер болсо, бул уяты жокторду ээрчибегиле?!?
Ошентип, Ош жергесинин (Ош облусунун жана Ош шаарынын) каймактары – жарандык активисттери Кыргыз Бийлигине өз позициясын ачыкташып, өлкөбүздө Элдик Курултай институтун токтоосуз орнотууну сунуш этишти. Эми бул жарандык демилге президент Садыр Жапаров тар абынан колдоо табаар бекен? Аман турсак, муну дагы көрө жатаарбыз…
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы, Ош шаары
Автор anarkan_kg
-
27.03.2024 / Автор anarkan_kg Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
-
11.03.2024 / Автор anarkan_kg Ислам ЭРМАМАТОВ: “КАТТА-ТАЛДЫК БАШ-БУЛАККА АЙЛАНДЫ!”
-
27.02.2024 / Автор anarkan_kg КУРГАК УЧУКТУ ЭРТЕ АНЫКТАП, ДАРЫЛАСА, АЙЫГАТ!
-
-
04.02.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна ЧАТКАЛДА “ЫР КЕСЕ” МАЙРАМЫ ТАРТУУЛАНДЫ
-
04.02.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна НООКЕНДЕ ЭТ ЖАНА КАРТОШКАГА БОЛГОН БААЛАР КӨЗӨМӨЛДӨНҮҮДӨ
-
07.02.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨНДӨ КУРАЛ-ЖАРАК САТКАН ДҮКӨНДӨР ТЕКШЕРИЛДИ
-
-
21.02.2024 / Автор anarkan_kg АЗЫРКЫ УЧУРДА ТӨМӨНКҮ УНАА ЖОЛДОРУ УБАКТЫЛУУ ЖАБЫЛДЫ
Маек
Темиржан КОЗУЕВ: “ДЕНИ САК УЛУТ – БАКУБАТ МАМЛЕКЕТ!”
“Өзгөн-Тазалык” муниципалдык ишканасынын директору Темиржан КОЗУЕВ бош убактысында спорт менен…
-
28.01.2025 / Автор anarkan_kg Аскарбек АХМАТОВ: “АРАВАН ООЖАЛЫП БАРАТАТ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.