Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
ЖАЛАЛ-АБАДДА КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
БАӉГИ ЗАТ МЕНЕН АЛЕКТЕНГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ
ЛЕЙЛЕКТЕ ЖОГОЛГОН АКЧА ЭЭСИНЕ КАЙТАРЫЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
634 Бардыгы / Жогорку Кеңеш 2-февралдагы жыйынында чек ара маселесин жабык карады. Анда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев баштаган жетекчилер маалымат берди. Мунун алдында бир катар депутаттар УКМК жетекчиси №39 протокол жөнүндө түшүндүрмө бериши керектигин талап кылышкан. Аталган протокол коомчулукта ар кандай түкшүмөл суроолорду жаратууда. Жыйындан чыккандан кийин Камчыбек Ташиев […]
635 Бардыгы / Жогорку Кеңеш 2-февралдагы жыйынында чек ара маселесин жабык карады. Анда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев баштаган жетекчилер маалымат берди. Мунун алдында бир катар депутаттар УКМК жетекчиси №39 протокол жөнүндө түшүндүрмө бериши керектигин талап кылышкан. Аталган протокол коомчулукта ар кандай түкшүмөл суроолорду жаратууда. Жыйындан чыккандан кийин Камчыбек Ташиев […]
ЖОГОРКУ КЕҢЕШ №39 ПРОТОКОЛДУ ТАЛКУУЛАДЫ
03.02.2022 / Автор anarkan_kg636 Бардыгы /
Жогорку Кеңеш 2-февралдагы жыйынында чек ара маселесин жабык карады. Анда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев баштаган жетекчилер маалымат берди.
Мунун алдында бир катар депутаттар УКМК жетекчиси №39 протокол жөнүндө түшүндүрмө бериши керектигин талап кылышкан. Аталган протокол коомчулукта ар кандай түкшүмөл суроолорду жаратууда.
Жыйындан чыккандан кийин Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип, аталган протокол үч пункттан турарын, Кыргызстандын пайдасында иштей турганын айтты.
“Депутаттар “Ворухка жол берилет деген сөздөр чынбы, же чын эмеспи” деп сурашты. Протоколду окуп, анын мазмунун түшүндүрүп бердим. Ал жерде так айтылып турат. Эч кандай коридор берилбейт. Ашыкча жолдор курулбайт. Ак-Сайдын күн чыгыш тарабынан кете турган жолдун макамы мамлекеттер аралык келишим менен аныкталат. Мындай укук президенттерге гана таандык. Биз аларга сунуш беребиз. Ошонун негизинде аныкташат. Кимдин жолу болот, узундугу кандай болот, ким курат, ким тейлейт? Мунун баары ошол келишимде жазылат”, — деди Ташиев.
Эл өкүлү Нурлан Шакиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин №39 протокол боюнча айткандарына депутаттардын көпчүлүгү ынанганын билдирди.
“Ташиев келип маалымат берди. Көпчүлүгүбүз ынандык. Алгач суроо берүүгө 30га жакын депутат жазылган. Ташиев түшүнүктүү кылып айтып бергенден кийин эл өкүлдөрүнүн көбү суроо берүүдөн баш тартты. Аталган протоколдо Кыргызстандын кызыкчылыгын тебелей турган эч нерсе жок экен. Жол биздин аймактан өтүп, Кыргызстандын башкаруусунда болот экен”, — деди депутат.
Бирок Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун айтымында, чек ара боюнча депутаттык комиссия түзүп, стратегиялык саясатты изилдеп чыкпаса, абал оор болуп турат.
“Казактар айткандай, чек ара маселеси “шиши толуп, жарылганы турат”. Ошондуктан парламенттин эч нерсе болбогондой отурганы туура эмес. Кыргыз-тажик чек арасы боюнча депутаттык комиссия түзөлү. Анын максаты күнөөлүүлөрдү издеш эмес. Эмне себептен 30 жыл ичинде кошуна мамлекет менен ушундай абалга жеттик? Ушуну изилдеп туруп, андан кийин чек ара боюнча стратегиялык саясатты изилдеп чыгыш керек. Мындан кийин чыккан чыр-чатакты басып койгон болбойт. Бүгүнкү күндө жаңжалдар жогорку деңгээлге чыгып кетти”, — деди Айжигитов.
Жабык каралган жыйында депутаттык комиссия түзүлбөгөнү, Министрлер кабинетине эч кандай тапшырма берилбегени белгилүү болду.
Коомчулукта талаш жараткан №39 протокол 2021-жылы 1-майда Баткен шаарында кабыл алынып, ага Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМКсынын төрагасы Саймумин Ятимов кол койгон.
Былтыр протокол жаңы кабыл алынганда Тажикстандын “Ховар” улуттук агенттиги Кожалы-Ворух жолу биргелешип куруларын, аны Тажикстан тарап тейлей турганын жазып чыккан. Камчыбек Ташиев бул маалыматты четке кагып, ар бир тарап ар кандай түшүндүрө берерин айтты. Ал чек арада азыр кырдаал чыңалып турганын, ошол эле учурда курчуп кетишине эч кандай негиз жок экенин да кошумчалады.
Соңку бир жыл ичинде эле Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында эки чоң чыр чыкты. 27-январда кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал тынчыган.
Кыргызстандан жалпысынан 12 жаран жараат алса, Тажикстандын “Ховар” маалымат агенттиги жаңжалда эки тажик жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын жазып чыкты.
Былтыр апрелдин аягында кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда 36 кыргызстандык курман болуп, 180ден ашууну жараат алган. Тажикстан бийлиги бул жаңжалда 19 адам каза болуп, 87 киши жараат алганын билдирген.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
17.07.2023 / Автор anarkan_kg БАТКЕНДИ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ МААЛЫНДА АК-САЙДА ҮЙ КУРГАН ИШКЕР КАРМАЛДЫ
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg ЭАУда АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТКӨРҮЛДҮ
-
-
30.04.2024 / Автор anarkan_kg АКСЫДА 50 ОРУНДУУ ТИГҮҮ ЦЕХИ АЧЫЛДЫ
-
-
31.05.2023 / Автор anarkan_kg НИЯЗАЛИЕВАНЫН ШТАБЫНАН КАРМАЛГАН ЭКИ КИШИ КАМАККА АЛЫНДЫ
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.