Аймак

“АЧЫК ӨКМӨТ” ДОЛБООРУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

“АЧЫК ӨКМӨТ” ДОЛБООРУ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

 3 Бардыгы /

Кечээ, 19-ноябрда “Ачык өкмөт” долбоорунун алкагында уюштурулган жыйынтыктоочу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынан маалымдалды.

Алты ай бою Кыргызстан боюнча 7 райондо акимдер, шаар мэрлери менен түз эфирлер өткөрүлүп келген.

Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мирлан Карагулов, Базар-Коргон шаарынын мэри, Сайдыкум, Кеңеш айыл аймктарынын башчылары Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борбору менен биргеликте долбоорду ишке ашырды

“Ачык өкмөт” долбоорунун жыйынтыктоочу жолугушуусуна Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Асель Сансызбаева катышты.

Жолугушууда акимдин түз эфирдеги берилген суроолорунун аткарылышы, долбоордун максатына жетиши, ийгиликтүү окуялар, тажрыйба алмашуу болду.

Өз сөзүндө Асель Сансызбаева түз эфирлер учурунда берилген суроолордун 80% чечилгенин жана алдыда аткарыла турган иш планына да берилген суроолорду үстүндө иштөө да каралганын айтты. Райондо аткарылып жаткан иштерди медиа борбор аркылуу чагылдырып, өнөктөш катары кызматташабыз деп белгилеп кетти.

Бийлик өкүлдөрүнө калктын ишенимин арттыруу максатында Базар-Коргон районунун аймагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мекеме-уюмдары Ооган-Талаа жамааттык мультимедиа борбору менен биргеликте өткөргөн маалыматтык кампаниянын 2025-жылга карата иш-планы түзүлдү.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17