Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,321 Бардыгы / “Сапат” билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандынын түрк тергөөчүлөрүнө берген алгачкы көрсөтмөлөрү катуу басым жана кыйноо аркылуу алынган. Бул тууралуу 20-февралда “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Халил Ибрагим Йылмаз билдирди. Жактоочунун айтымында, 3-февралда өткөн соңку сот отурумунда Инанды эч бир террордук уюм менен байланышы жоктугун, кармалган алгачкы 37 күн бою басымга кабылганын, биринчи көрсөтмөлөрү […]
1,322 Бардыгы / “Сапат” билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандынын түрк тергөөчүлөрүнө берген алгачкы көрсөтмөлөрү катуу басым жана кыйноо аркылуу алынган. Бул тууралуу 20-февралда “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Халил Ибрагим Йылмаз билдирди. Жактоочунун айтымында, 3-февралда өткөн соңку сот отурумунда Инанды эч бир террордук уюм менен байланышы жоктугун, кармалган алгачкы 37 күн бою басымга кабылганын, биринчи көрсөтмөлөрү […]
АДВОКАТ: ИНАНДЫДАН АЛГАЧКЫ КӨРСӨТМӨНҮ БАСЫМ ЖАНА КЫЙНОО МЕНЕН АЛЫШКАН
21.02.2022 / Автор anarkan_kg

1,323 Бардыгы /
“Сапат” билим берүү мекемесинин башчысы Орхан Инандынын түрк тергөөчүлөрүнө берген алгачкы көрсөтмөлөрү катуу басым жана кыйноо аркылуу алынган. Бул тууралуу 20-февралда “Азаттык” радиосуна анын адвокаты Халил Ибрагим Йылмаз билдирди.
Жактоочунун айтымында, 3-февралда өткөн соңку сот отурумунда Инанды эч бир террордук уюм менен байланышы жоктугун, кармалган алгачкы 37 күн бою басымга кабылганын, биринчи көрсөтмөлөрү ошондо жаздырып алынганын кайталап айтты.
Анкара шаарынын Жогорку сотунда өтүп жаткан соттук жараяндын кийинки отуруму 14-апрелге белгиленди.
Адвокат Инандынын бир колу аны Кыргызстанда кармоо учурунда машинанын дөңгөлөгү астында калып сынганын, операция алигүнчө жасала электигин билдирди жана аны Түркияга кайсы өлкө аркылуу алып кетишкени дагы деле белгисиз экенин, себеби көзү таңылган бойдон алып жүрүшкөнүн кошумчалады.
Кыргыз жарандыгын алып, Бишкекте жашап келген Орхан Инанды 2021-жылы 1-июнда жоголгон. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган атайын кызмат аны Анкарага алып барганын айткан.
Анкаранын прокуратурасы Инандыны “куралдуу террордук уюмду башкарууга” айыптап, 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сунуш кылууда. Айыптоо корутундусунда Инанды “Гүлен” кыймылынын Борбор Азия боюнча жооптуу кишиси болгону жазылган.
2016-жылы 15-июлда Түркияда мамлекеттик төңкөрүш аракети болгонун жарыялаган түрк бийлиги бул үчүн бозгундагы диниятчы Фетхуллах Гүленди күнөөлөгөн жана анын кыймылын ФЕТО (“Фетхуллачы террордук уюм”) деп жарыялаган.
Инандынын жоголушу боюнча Кыргызстанда милиция Жазык кодексинин 170-беренеси (“Адам уурдоо”) менен кылмыш ишин козгогон.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Инандыны Кыргызстанга кайтарууну Анкарадан талап кыларын айткан. 2021-жылды 23-октябрда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып Жапаров Инанды кабылган окуяда Кыргызстандын да кемчилиги бар экенин айткан. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Инанды кыргыз жарандыгын алганда түрк жарандыгынан баш тартпаганын, ошондуктан Түркиянын укук тартибин коргоо органдарынын аны жоопко тартуусу мыйзамдуу экенин билдирген.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
-
06.05.2025 / Автор anarkan_kg Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата МЕНИН АТАМ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.