Аймак

ОБЛУСКА ЖАҢЫ КЫЗМАТТЫК АВТОУНААЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ

ОБЛУСКА ЖАҢЫ КЫЗМАТТЫК АВТОУНААЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ

 1,293 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Бүгүн, 2-мартта Жалал-Абад ОИИБде облустагы жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн «Шевролет Нексия» үлгүсүндөгү автоунаалар тапшырылды.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, облустук ички иштер башкармалыгында Кыргыз Республикасынын ИИМден Жалал-Абад облусундагы жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн бөлүнүп берилген «Шевролет Нексия» үлгүсүндөгү атайын жабдылган 10 даана кызматтык автоунаалар берилди.

Аталган автоунаалар облустун алыскы делген Чаткал районунан тартып, Бишкек-Ош автожолун тейлеген шаар-райондорго жана облустук ЖКККБнын жол көзөмөлдөө тобунун кызматкерлерине бекитилип, ачкычтары салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Жалал-Абад ОИИБдин начальниги, милициянын полковниги Ашим Тагаев ачкычтарды тапшырып жатып: «Бул кызматтык автоунаалар сиздерге элибизге жана жол кыймылын көзөмөлдөөдө кызмат кылууга берилип жатат. Андыктан айдоочулар арасында түшүңдүрүү иштерин мыкты деңгээлде жүргүзүп, сылык мамиле жасап, ак ниеттүүлүк менен кызмат көрсөтүңүздөр»,- деп белгилеп өттү.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17