Аймак

ОШ ШААРЫНДА 10 МИҢДЕН АШУУН БАЛА 1-КЛАССКА КАБЫЛ АЛЫНДЫ

ОШ ШААРЫНДА 10 МИҢДЕН АШУУН БАЛА 1-КЛАССКА КАБЫЛ АЛЫНДЫ

 3 Бардыгы /

Бүгүн, 15-сентябрда Ош шаарында Билим күнү белгиленип, 2026–2027-окуу жылынын башталышына арналган салтанаттуу иш-чаралар өттү.

Мэриядан билдиришкендей, мэр Жанарбек Акаев Арек айылындагы Ж. Атабаев атындагы №35 мектепте өткөн алгачкы коңгуроо аземине катышып, окуучуларды, мугалимдерди жана ата-энелерди жаңы окуу жылы менен куттуктады.

Иш-чаранын алкагында мектептин жаңыдан курулган ашканасы, спорттук жана актылык залдары пайдаланууга берилди. Ошондой эле шаар мэри мектепке окуучулардын билим алуусуна шарт түзүү максатында интерактивдүү доска белек кылды.

Белгилей кетсек, 2026–2027-окуу жылында Ош шаарында 10 миңден ашуун бала 1-класска барды.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17