Өлкө аймактары менен кубаттуу
БИШКЕКТЕН КУВЕЙТКЕ АБА КАТТАМДАРЫ ТОКТОТУЛДУ
МАНАС ШААРЫНДАГЫ ЖАҢЫ КАДРДЫК ДАЙЫНДООЛОР
- ticket title
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
1,030 Бардыгы / Бишкекте 14-апрелде Тажикстандын элчилигинин алдында он чакты жарандык активист нааразылык акциясына чыгышты. Алар тажик президенти Эмомали Рахмонду айыптап, “Рахмон чыккынчы” деген сөздөрдү айтып, чек ара жаңжалында курман болгон кыргызстандык балдардын сүрөттөрүн, өлкөнүн желегин кармап турушту. Милиция кызматкерлери айрым жазууларды “агрессивдүү маанайда” деп баалап, көтөрүп чыгууга болбой турганын эскертти. Мунун алдында, 13-апрелде президент Садыр […]
1,031 Бардыгы / Бишкекте 14-апрелде Тажикстандын элчилигинин алдында он чакты жарандык активист нааразылык акциясына чыгышты. Алар тажик президенти Эмомали Рахмонду айыптап, “Рахмон чыккынчы” деген сөздөрдү айтып, чек ара жаңжалында курман болгон кыргызстандык балдардын сүрөттөрүн, өлкөнүн желегин кармап турушту. Милиция кызматкерлери айрым жазууларды “агрессивдүү маанайда” деп баалап, көтөрүп чыгууга болбой турганын эскертти. Мунун алдында, 13-апрелде президент Садыр […]
ТАЖИКСТАНДЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИЛИГИНИН АЛДЫНДА МИТИНГ ӨТТҮ
14.04.2022 / Автор anarkan_kg

1,032 Бардыгы /
Бишкекте 14-апрелде Тажикстандын элчилигинин алдында он чакты жарандык активист нааразылык акциясына чыгышты. Алар тажик президенти Эмомали Рахмонду айыптап, “Рахмон чыккынчы” деген сөздөрдү айтып, чек ара жаңжалында курман болгон кыргызстандык балдардын сүрөттөрүн, өлкөнүн желегин кармап турушту.
Милиция кызматкерлери айрым жазууларды “агрессивдүү маанайда” деп баалап, көтөрүп чыгууга болбой турганын эскертти.
Мунун алдында, 13-апрелде президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чатакка байланыштуу үн каткан. Ал Фейсбуктагы баракчасына өлкө демократиялык жолдон тайбай турганын, сөз эркиндиги, адам укугу сөзсүз сакталарын билдирип, ошол эле учурда коңшу мамлекет тууралуу маалымат жазарда этият болууну эскерткен.
“Бирок жалпы журналисттерден, өздөрүн блогер деп эсептеген жарандарыбыздан бир нерсени суранам. Кошуна мамлекеттер менен болгон чыр-чатактарда маалыматты өзүңөр каалагандай бурмалап жана алардын жетекчилерин мазактап, ар кандай видео-фотоматериалдарды таратканды токтоткула. Бул кылыгыңар моралдык этикага туура келбейт. Мындай кылыгыңар менен абалды ого бетер курчутканга, эки элди кайраштырууга түрткү болуп жатасыңар. Ооба, чек ара көйгөйү бар. 30 жылдан бери чечилбей келген маселе. Абдан кылдаттыкты, кыраакылыкты талап кылат. Такташуулар жүрүп жатат. Миңдеген километр такталбаган жерлер бар. Убакыт керек. Кудай буюрса, менин президенттик мөөнөтүм бүткүчө, бул маселени чечип кетем деген ниетим бар”, – деп жазган Садыр Жапаров.
Кыргыз-тажик чек арасында 12-апрелде ок атылган окуя катталган. Кыргызстандын Чек ара кызматы бул окуяга байланыштуу 13-апрелде кечке жуук сүйлөшүүлөрдүн үчүнчү айлампасы өткөнүн билдирди. Ага кыргыз тараптан Чек ара кызматынын башчысы Уларбек Шаршеев баштаган топ катышты. Ал эми тажик делегациясынын жетекчиси Чек ара кошуундарынын башчысы Ражабали Рахмонали болду.
Анда тараптар чек арага тартылган кошумча күчтөрдү жана каражаттарды кайра кайтарууну улантууну, бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн тиешелүү органдардардан турган комиссия түзүүнү макулдашты. Ошондой эле күзөтчүлөрдүн каттамын тактоо үчүн эки өлкөнүн чек арачыларынан турган жумушчу топ түзүлөт.
13-апрелде сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасы алгач Тажикстандын “Овчи-Калача” көзөмөл өткөрүү бекетинде өткөн, андан кийин тараптар ок атышуу болгон аймакта – Лейлек районундагы Селкана тилкесинде жолуккан.
12-апрелдеги ок атышууда Кыргызстандын алты жараны жараат алганы белгилүү болду. Саламаттык сактоо министрлиги Раззаков шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун хирургия бөлүмүндө төрт киши жатканын билдирди. 23 жаштагы аскер кызматкеринин санына жана таманына октун бөлүктөрү тийген. 30 жаштагы тургун да тизесинен жараат алган. Алардын абалы орточо оор деп бааланууда. 20 жаштагы дагы бир аскер кызматкери тизесинин булчуңун чоюп алса, 50 жаштагы адамдын оң жак жамбашына октун чачырандысы тийген. Экөөнүн тең абалы канааттандырарлык.
“Азаттыктын” тажик кызматы чырда жараат алган Тажикстандын 27 жаштагы чек арачысы 13-апрелде ооруканада каза болгонун жазган.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
-
02.03.2026 / Автор anarkan_kg ЭМИ ПАРЛАМЕНТТИН ИШИН ЖИ-ТЕЛЕ АЛЫП БАРУУЧУЛАР ЧАГЫЛДЫРАТ
-
-
06.03.2025 / Автор anarkan_kg “АТА-ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ” ПРОГРАММАСЫНЫН АЛКАГЫНДА СЕМИНАР БОЛУП ӨТТҮ
-
-
18.03.2025 / Автор anarkan_kg СҮЛҮКТҮ ШААРЫНДА 42 ҮЙ-БҮЛӨ ДАГЫЛЕ КООПТУУ АЙМАКТА ЖАН САКТАЙТ
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.