Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
856 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Ушул жылдын март жана май айларында Жалал-Абад облусунда, райондук мамлекеттик администрацияларда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткаруу тартиби, иш алып баруу деңгээли күтүүсүз текшерүүгө алынган. Ушул жылдын 3-июнь күнү, анын жыйынтыгы чыгарылып, орун алган кемчиликтер белгиленди. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер […]
857 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Ушул жылдын март жана май айларында Жалал-Абад облусунда, райондук мамлекеттик администрацияларда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткаруу тартиби, иш алып баруу деңгээли күтүүсүз текшерүүгө алынган. Ушул жылдын 3-июнь күнү, анын жыйынтыгы чыгарылып, орун алган кемчиликтер белгиленди. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер […]
КҮТҮҮСҮЗ ТЕКШЕРҮҮЛӨРДҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
07.06.2022 / Автор anarkan_kg

858 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Ушул жылдын март жана май айларында Жалал-Абад облусунда, райондук мамлекеттик администрацияларда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдеринин аткаруу тартиби, иш алып баруу деңгээли күтүүсүз текшерүүгө алынган.
Ушул жылдын 3-июнь күнү, анын жыйынтыгы чыгарылып, орун алган кемчиликтер белгиленди. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын башчысы Айбек Джунушалиев баштаган кызматкерлер, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, район-шаарлардын башчылары жана айыл өкмөт жетекчилери катышты.
Жыйында басымдуу район-шаарларда Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин ишке ашыруудагы өз функцианалдык милдеттерин аткаруудагы жоопкерчиликсиз, тапшырмалардын негизинде иш-чараларды түзүү, контролдоо, арыз-каттарды кайтаруу, электрондук кат алмашуудагы кемчиликтер белгиленди.
Текшерүүнүн натыйжасында бир катар облустук жетекчилерге, Сузак районунун акиминин биринчи орун басарына сөгүш, Базар-Коргон районунун акиминин биринчи орун басарына эскертүү, Базар-Коргон райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчисине эскертүү тартиптик жазасы берилди. Ошол эле учурда Ноокен жана Базар-Коргон районунун акимдеринин социалдык маселелер боюнча орун басарларына кызматтагы кесипкөйлүгүн эске алуу сунушу берилди. Мындан сырткары кемчиликтери аныкталган дагы бир катар жетекчилерге кызмат орундарын кароо, эскертүү жана сөгүш берүү сунушталды.
Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев, аймактарда Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин, иш кагаздарды жүргүзүүдөгү кемчиликтер жоюула баштаганын, аткаруу деңгээлин жогорулатууну көзөмөлгө алганын айтты.
Жыйында тоолуу аймактардагы кадрлардын жетишсиздиги, электрондук кат жүгүртүүдөгү материалдык-техникалык жабдыктардын тартыштыгы көтөрүлдү. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын башчысы Айбек Джунушалиев, айтылган маселелерди чечүү чаралары көрүлөөрүн билдирди.
Текшерүүнүн максаты, өлкө жетекчилиги тарабынан кабыл алынган чечимдерди республиканын бардык аймактарында ишке ашырууну көзөмөлдөө болуп саналат.
Автор anarkan_kg
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg 5-ОКТЯБРДА БИШКЕКТЕГИ МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕР ОНЛАЙН ИШТЕЙТ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДЫН БИРИНЧИ СПУТНИГИ ОРБИТАГА ЧЫГАРЫЛДЫ
-
07.10.2025 / Автор anarkan_kg МЭР КҮЗ, КЫШ МЕЗГИЛИНЕ КАРАТА ДАЯРДЫК БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ
-
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17


