Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
2,032 Бардыгы / ЧҮЙ. АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) Чүй облусунун Калтар айылындагы «СоцАгро» канаттуулар фабрикасына заманбап жабдууларды тапшырды. Жалпы наркы 6,8 миллион сомду чапчыган бул жаӊы жана заманбап жабдыктар «СоцАгрого» өлкөнүн айыл чарба өндүрүшү үчүн зарыл болгон тоок жана мал үчүн жогорку сапаттуу жем өндүрүүнү эки эсеге көтөрүүгө мүмкүнчүлүк жаратты. – Мурун биз […]
2,033 Бардыгы / ЧҮЙ. АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) Чүй облусунун Калтар айылындагы «СоцАгро» канаттуулар фабрикасына заманбап жабдууларды тапшырды. Жалпы наркы 6,8 миллион сомду чапчыган бул жаӊы жана заманбап жабдыктар «СоцАгрого» өлкөнүн айыл чарба өндүрүшү үчүн зарыл болгон тоок жана мал үчүн жогорку сапаттуу жем өндүрүүнү эки эсеге көтөрүүгө мүмкүнчүлүк жаратты. – Мурун биз […]
«СОЦАГРО» ФАБРИКАСЫ КАНАТТУУЛАР ҮЧҮН ЖОГОРКУ САПАТТУУ ЖЕМ ӨНДҮРҮҮНҮ ЭКИ ЭСЕ КӨБӨЙТТҮ
14.06.2022 / Автор anarkan_kg

2,034 Бардыгы /
ЧҮЙ. АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) Чүй облусунун Калтар айылындагы «СоцАгро» канаттуулар фабрикасына заманбап жабдууларды тапшырды. Жалпы наркы 6,8 миллион сомду чапчыган бул жаӊы жана заманбап жабдыктар «СоцАгрого» өлкөнүн айыл чарба өндүрүшү үчүн зарыл болгон тоок жана мал үчүн жогорку сапаттуу жем өндүрүүнү эки эсеге көтөрүүгө мүмкүнчүлүк жаратты.
– Мурун биз жемди кол менен иштетилүүчү эски жабдууда гана убакыт коротуп өндүрчүбүз. Ал эми жаӊы жабдуулар орнотулгандан кийин жумушчулар үчүн иштөө жараяны жана сапаты ого бетер жакшырды. Буга жараша өндүрүмдүүлүк абдан кыйла жогорулады. Эӊ башкысы: жемдин сапаты ойдогудай жакшырды, – деп кашкайган чындыкты моюндады «СоцАгро» канаттуулар фабрикасынын директору Эрмек МАМЫРКАНОВ.
Аталган ишкана мурда күн сайын 12-15 тонна жем өндүрсө, а азыр бул көрсөткүч 30-40 тоннага чейин өстү. Өндүрүштүн абдан жогорулашы баалардын төмөндөөсүнө дагы алып келээри жана жергиликтүү фермерлердин суроо-талабын толук бойджон канааттандырары күтүлүүдө.
– Ишкана бүткүл өлкө боюнча кичи жана орто фермаларга сапаттуу жем жеткирет. Натыйжада көбүрөөк фермерлер айыл чарба өндүрүшүнүн сапаттуу каражаттарына ээ болушат. Анан дагы алардын өндүрүш көлөмү жана кирешелери чындай эле көбөйөт, – деп баса белгиледи АКШнын Кыргыз Республикасындагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер.
USAID менен «СоцАгро» канаттуулар фабрикасынын ортосундагы тыгыз кызматташтыктын натыйжасында Чүй облусундагы Калтар айылынын жана коӊшу кыштактардын жашоочулары үчүн 100 жаӊы жумуш орду түзүлөүрү күтүлүүдө. 2012-жылы негизделген «СоцАгро» канаттуулар фермасы – өлкөдөгү эң алдыңкы өндүрүүчүлөрдүн бири. Ишкана жем үчүн чийки затты 100дөн ашык майда фермерлерден алып турат. Жемди өзүнүн жумуртка өндүрүшүндө колдонот жана жергиликтүү майда тоок багуучуларга дагы соодалайт.
USAIDдин «Конкуренттүү ишкана» долбоору жеӊил өнөр жай, азык өнүмдөрүн өндүрүү, айыл чарба, маалыматтык технологиялар, каржы жана башка тармактардагы кичи жана орто ишканалар менен иштешет. Долбоор Кыргызстанда жаӊы жумуш орундарын түзүү максатында ишканаларга өндүрүштү мындан ары кеӊейтүүгө жана сатууларды дагы көбөйтүүгө үзгүлтүксүз жардамдашат. Бул беш жылдык долбоордун алкагында USAID бүткүл өлкө боюнча 120дан ашык ишканага колдоо көрсөттү. Долбоордун жалпы бюджети – 23 миллион доллар.
Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор anarkan_kg
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
-
25.05.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНА ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ РЕЖИМИ КИРГИЗИЛДИ
-
-
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg 638 МЛН. СОМДУК СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТТЕР МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ
-
21.07.2025 / Автор anarkan_kg ЖОЛДУ БУЛГАГАН АЙДООЧУЛАРГА КАТААЛ ЧАРАЛАРДЫ КӨРҮЛӨТ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.