Аймак

КЫРГЫЗСТАНДЫ КРИМИНАЛ БАШКАРАБЫ?

КЫРГЫЗСТАНДЫ КРИМИНАЛ БАШКАРАБЫ?

 1,905 Бардыгы /

Ош жергесинде «Женго» атуу каймана ысымы менен таанымал уюшкан кылмыштуу топтун лидери Кадыр Досонов сот аркылуу биротоло акталды. Баса, кримтөбөл​ ​Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун эң активдүү мүчөсү эсептелген бул азаматтын абактан бошотулушу коомчулук арасында бүйүр кызыткан  талкууга гана түгөнгүс жем таштады.

«ЖЕНГОНУ» НЕГЕ АКТАШТЫ?!?

Ошентип, уюшкан кылмыш топтун лидери эсептелген Кадыр Досонов Кара-Суу райондук сотунун ушул жылдын 14-июнундагы чечимине ылайык  абактан дароо бошотулду. Ал Кылмыш-Жаза Кодексинин «Жерди мыйзамсыз басып алуу»  жана «Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдаштыруу» деген эки берене менен айыпталып жаткан эле.

Ош облустук сотунун маалымат катчысы Айпери Туратбек кызы кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткендиктен кыскартылгандыгын мындайча ырастады: – 207-берене (Жерди мыйзамсыз басып алуу) менен айыпталган Кадыр Досоновдун жактоочусунун өтүнүчү акыры канааттандырылып, кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткендиктен, өндүрүштөн биротоло кыскартылды. Ал эми Жазык Кодексинин 215–беренеси (Кылмыш жолу менен табылган кирешелерди адалдаштыруу) боюнча дагы айыпталуучунун аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан дагы толук акталды

“Жеңго” атыккан кримтөбөл Кадыр Досонов 2021-жылы 11-февралда кармалган. Ушул эле жылы 23-декабрында Ош облусунун Кара-Суу райондук соттун чечимине ылайык бөгөт чарасы үй камагына алмаштырылган. Бир күндөн кийин чечим кайрадан дагы каралып, «Жасалган кылмыштардын оордугун жана кылмыш чөйрөсүндөгү ээлеген абалын эске алуу менен» анын баш коргоо чарасы түрмөгө камакка алууга дароо өзгөртүлгөн. Эми минтип ошол эле соттун чечими аркасында толук бойдон акталып отурат.

КРИМИНАЛДЫК ТОПТУН БАШЧЫСЫНЫН СОТТО АКТАЛЫШЫ, МАМЛЕКЕТТИН, ӨЛКӨ ЖЕТЕКЧИЛИГИНИН САЯСАТЫ УШУНДАЙ ДЕГЕНДИ ТУЮНДУРБАЙТ!

Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бул окуя боюнча териштирүү жүргүзүлөөрүн катуу убадалады: – Бул окуяны мен дагы жаңы эле уктум. Эмне болуп акталгандыгын көрөлүчү. Эгерде туура эмес акталган болсо, прокуратура кайрадан арызданат. Албетте, жөн койбойт. Мен деле бүт мыйзамдарды бузуп актап салды дегенден алысмын. Бирок, баары бир такташыбыз кажет. Криминалдык топтун башчысын сот актап койсо эле, мамлекеттин, өлкө башындагылардын саясаты ушундай дегенди туюндурбайт. Уюшкан кылмыштуу топторго эч качан жеңилдик берилбейт! Мыйзам чегинде гана иш жүрүп жатат. Мамлекеттин позициясы дагы ушундай.


КАДЫР ДОСОНОВ КИМ ЭЛЕ?!?

УКМК буга дейре эч жерде иштебеген Кадыр Досоновго байланышы бар адамдарга катталган 19 автоунаа, 15 турак жай, 35 жер тилкеси аныкталгандыгын, а түгүл курулуш компанияларын ири өлчөмдө каржылоо фактыларынын бети ачылгандыгын шардана кылган. А түгүл атайын кызмат Кадыр Досоновдун кармалган убагында тартылган видеону дагы жарыялаган.

– Эсиңиздерде бар чыгаар? УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев “Криминалга жеңилдик болбойт!” деген билдирүү жасаган. Ал дал ушул сөзүн далилдеш үчүн «Оштун аталыгы» аталган Досоновду кармады окшойт. Анын кармалышы, чындыгында, ошондо шоуга айланган. Менин билишимче, Кадыр Досонов Оштун УКМКсына өзү барган. Аны Бишкекке алып келишип сабап дагы коюшкандыгы калк арасында айтылып жүрөт. «Женгонун» кармалышы жана дагы бошотулушу күтүлгөн эле нерсе болчу. Буга таң калыштын кажет жок! Анткени криминалдык чөйрө – азыркы системанын эле бир бөлүгү! – дейт иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков.

Кылмыш дүйнөсүндө салмактуу орду бар  Кадыр Досоновго алгачкы жолу 2011-жылы издөө жарыялаган. Ошондон бир жылдан кийин, тактап айтканда, 2012-жылдын күзүндө  ал Тажикстанда колго түшүп, андан бери Кыргызстанга алынып келинген жана ага «карактоо», «маңзат соодасы» жана дагы «адам уурдоо» өңдөнгөн өтө оор айыптар тагылган. Бирок, ошого карабастан шаардык сотто толук кандуу акталган.

Биз билгенден милиция Кадыр Досоновго экинчи жолу 2013-жылы ноябрда кайрадан издөө жарыялаган. Анан ал кармалгандан кийин Ош шаардык соту кримтөбөлдү үй камагына чыгарып жиберген. Бул жигит ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыгынын Оштогу бөлүмүнүн башчысы, полковник Толкунбек Шоноевди өлтүрүүнү буюрган деген негизде 2015-жылдын февралында кайрадан туткундалган. Ал эми Кадыр Досонов өзү мындай айыптоолорду четке каккан жана 2017-жылы Жогорку Сот тарабынан толук акталган.

КРИМИНАЛГА КАРШЫ КАЛП ЭЛЕ КҮРӨШҮП ЖАТЫШАБЫ?!?

Эсибизде. 2020-жылдагы элдик толкундоолордон кийин жаңыдан орногон азыркы бийлик Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен аешсуз күрөш жүрө  тургандыгын катуу убадалаган. А түгүл УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыштуу топторго байланыштуу үч жолу билдирүү дагы жасаган. Баарында тең криминалдын уюгу өлкөбүздө жок болоорун өтө катуу эскерткен жайы бар.

Маселен, Камчыбек Ташиев 2021-жылы Жогорку Кеңеште депутаттардын суроосуна жооп берип жатып, криминалга карата мындан ары катаал чаралар көрүлөөрүн баса айткан: – Түштүктө өзүнчө, ал эми түндүктө өзүнчө мафия бар. Бири «мыйзамдагы ууру», экинчиси «положенец» болуп, керек болсо мамлекеттик кызматкерлерге, депутаттарга басым-кысым кылышып, мамлекеттик ишканаларга дагы кол сала башташты. Бүгүнкү күндө андай жок! Азыр бир уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүбү, же жетекчисиби, же башкасыбы, башын эле көтөрүп көрүшсүн, жанчыйбыз! Бир дагы уюшкан кылмыштуу топ башын көтөрө албайт!

Ошентип, 2020-жылы октябрь айында атайын кызмат «Мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевди кармаган. Ал дагы төрт айдан кийин негедир тилкат менен абактан бошотулган.УКМК 250 миллион сомдон ашуун кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча Көлбаевге карата иликтенип жаткан иштин алкагында анын туугандары мамлекетке 49,6 миллион сом которгондугун дагы сүйүнчүлөгөн. Бирок, жыйынтыгында Камчы Көлбаевдин иши эмне болуп аяктагандыгы алигүнчө белгисиз?

Буга улай 2021-жылы 10-июлда «Дөө Чыңгыз»» каймана аты менен таанымал бар Чыңгыз Жумагулов жагы камактан бошотулган. Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүүгө шектелип беш жылга кесилген Жумагуловдун эки жыл аралыгында эле эркиндикке бошотулушу дашы кала арасында чоң күмөн туудурган. Анткени, анын бошоп кетишине эки адамдын өлүмү боюнча ишти Жумагулов менен кошо кармалгандардын өз моюндарына алышы себепкер болгон.

«КЫРГЫЗ БИЙЛИГИ КРИМИНАЛ МЕНЕН АРАЛАШЫП КЕТКЕН»

Баса, криминалдык чөйрөнү кеңири иликтеп жүргөн белдүү журналист Семетей Талас уулу ымандай сырын жашырган жок: – Кыргызстандын уюшкан кылмыштуу топтун көзүрлөрү синдикат болуп кетишкен. Бизнестерге  батыл аралашып жатышат. Аларда эбегейсиз акча дагы бар. Өзү бизже криминал менен дегеле күрөш болгон эмес, болбойт дагы! Анткени бийлик менен «каралар» эбак аралашып кетишкен. Революцияда булардын кандай күчкө ээ экендигин, армиясын көрбөдүңөрбү? Ошол эле учурда бийликтен кеткенден кийин булар менен эсептешүү коркунучу дагы бар. Коррупция күчөгөн өлкөлөрдө  мындай көрүнүш дагыле улана берет. Кримтөбөлдөр үчүн абактан чыгуу, чындыгында, маселе эмес. Эл көзүнчөө булар кирип-чыга беришет.

Мындан дагы кейиштүүсү: Кыргызстандын абактарын дагы «Криминал жана акча кадимкидей башкарып калды!» деген пикирин Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жанарбек Акаев дагы шардана кылбадыбы. Ошондуктан. Эл өкүлү Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун ишмердүүлүгү прламентте талкууланып жатканда, түрмөлөрдү толук бойдон радикалдуу түрдө реформалоо зарылчылыгын дагы баса белгиледи.

– Ыя, айланайындар! Абактардагы миңдеген адамдын абалы дагыле кыйноодо. Анткени, түрмөлөрдү кадимкидей криминал башкарат. Мына ошолор менен сүйлөшкөндөн кийин гана ысык сууга жуунат. /йүнөн ата-энеси берип жиберген тамакты ошолордун уруксаты менен гана киргизет. Жуунганды айтып жатышат “100 сом берсең гана ысык суу берет. Болбосо, муздак суу берип коет, же суу бербей коюшу ыктымал». Мунун баары тең кыйноо да, эй! Ким каерге жайгашышы керек, ошонун баарын криминал гана чечип жатат. Акчанын баарын ошолор алып жатат. Түрмө Кыргызстандын ичинде өзүнчө өлкөгө айланды! Ушуну кантип көрбөйсүңөр?!?- деп аябай тызылдады Жогорку Кеңеш депутаты Жанарбек Акаев.

          Кыскасы, милициянын 2019-жылдын декабрындагы расмий маалыматына караганда, кичинекей Кыргызстанда Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев жана Алмаз Бокушевдин кылмыш тобунун 421 мүчөсү бар.

          Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17