Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
796 Бардыгы / Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам Шериктештиги Оюндарында кыргызстандык балбандар Эрназар Акматалиев жана Айсулуу Тыныбекова алтын байгенин ээси болушту. Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, 11-августта эркин күрөштөн 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев финалда ирандык Хоссейн Абузарипашаколаини 6:0 эсебинде утту. Ал финалга чейин алгач түркмөнстандык Мекан Оразовду, чейрек финалда тажикстандык Жамшед […]
797 Бардыгы / Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам Шериктештиги Оюндарында кыргызстандык балбандар Эрназар Акматалиев жана Айсулуу Тыныбекова алтын байгенин ээси болушту. Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, 11-августта эркин күрөштөн 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев финалда ирандык Хоссейн Абузарипашаколаини 6:0 эсебинде утту. Ал финалга чейин алгач түркмөнстандык Мекан Оразовду, чейрек финалда тажикстандык Жамшед […]
ИСЛАМ ШЕРИКТЕШТИГИ ОЮНДАРЫ: АКМАТАЛИЕВ ЖАНА ТЫНЫБЕКОВА АЛТЫН БАЙГЕ АЛЫШТЫ
12.08.2022 / Автор anarkan_kg798 Бардыгы /
Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан V Ислам Шериктештиги Оюндарында кыргызстандык балбандар Эрназар Акматалиев жана Айсулуу Тыныбекова алтын байгенин ээси болушту.
Дене тарбия жана спорт департаментинин маалыматына караганда, 11-августта эркин күрөштөн 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев финалда ирандык Хоссейн Абузарипашаколаини 6:0 эсебинде утту. Ал финалга чейин алгач түркмөнстандык Мекан Оразовду, чейрек финалда тажикстандык Жамшед Шарифовду 11:0, жарым финалда азербайжандык Асгар Маммадалиевди 12:1 эсебинде жеңип алган.
Алдыда күрөштүн бул түрүнөн 92 килограмм салмакта Мирлан Чыныбеков коло байге үчүн күрөшөт.
Ушул эле күнү кыз-келиндер күрөшүнөн 62 килограмм салмакта кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова финалда гвинеялык Фатумата Камара Йариени 11:0 эсебинде утуп, V Ислам Шериктештиги Оюндарынын чемпиону болду. Финалга чейин Тыныбекова алгач казакстандык Ирина Кузнецованы, жарым финалда сенегалдык Гоудиаби Сафиетоуну жеңип, финалга чыккан.
Айсулуу Тыныбекова ушуну менен Ислам Шериктештиги Оюндарында экинчи жолу жеңишке жетип жатат. Ал 2017-жылы Бакуда өткөн мелдеште дагы алтын байге уткан.
V Ислам Шериктештиги Оюндары 9-августта расмий ачылды. Акматалиев менен Тыныбекованын байгесин кошкондо учурда бул оюндарда Кыргызстандын эсебинде эки алтын, бир күмүш жана бир коло байге бар. 10-августта эркин күрөштөн Алмаз Сманбеков (57 кг) күмүш жана Нуртилек Карыпбаев (86 кг) коло медал алды.
Бешинчи жолу өтүп жаткан оюндарга 56 мамлекеттен 4 миңге жакын катышуучу спорттун 20 түрүнөн таймашып жатат. Кыргызстандан жүздөн ашык спортчу спорттун 16 түрүнөн таймашат. Мелдештер 18-августка чейин уланат.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
-
23.04.2024 / Автор anarkan_kg РУСЛАН МАМАТОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШ ДЕПУТАТТЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛИКТЕН БАШ ТАРТТЫ
-
23.09.2023 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН 34 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
-
-
06.10.2023 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДА НАНДЫН БААСЫНА УБАКТЫЛУУ МАМЛЕКЕТТИК КӨЗӨМӨЛ КИРДИ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.