Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
2,470 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Сузак районундагы Багыш айыл округундагы Октябрск айылында айымдардын ден соолугун чыңдоо борбору ачылды. Айымдарга жакшы шарт түзүү алардын бош убактыларын текке кетирбей ден соолугуна кам көрүүнү кыялданган Багыш айыл өкмөтүнүн аялдар кеңешинин төрайымы Анаркүл Машаева ишке ашырган. Анын айтымында өмүрүнүн бир бөлүгүн мамлекеттик кызматка арнап иштеп жүрүп ардактуу эс алууга чыккан көпчүлүк […]
2,471 Бардыгы / ЖАЛАЛ-АБАД. Сузак районундагы Багыш айыл округундагы Октябрск айылында айымдардын ден соолугун чыңдоо борбору ачылды. Айымдарга жакшы шарт түзүү алардын бош убактыларын текке кетирбей ден соолугуна кам көрүүнү кыялданган Багыш айыл өкмөтүнүн аялдар кеңешинин төрайымы Анаркүл Машаева ишке ашырган. Анын айтымында өмүрүнүн бир бөлүгүн мамлекеттик кызматка арнап иштеп жүрүп ардактуу эс алууга чыккан көпчүлүк […]
АЙЫМДАР ҮЧҮН ДЕН СООЛУК ЧЫҢДОО БОРБОРУ АЧЫЛДЫ
08.02.2024 / Автор anarkan_kg2,472 Бардыгы /
ЖАЛАЛ-АБАД. Сузак районундагы Багыш айыл округундагы Октябрск айылында айымдардын ден соолугун чыңдоо борбору ачылды.
Айымдарга жакшы шарт түзүү алардын бош убактыларын текке кетирбей ден соолугуна кам көрүүнү кыялданган Багыш айыл өкмөтүнүн аялдар кеңешинин төрайымы Анаркүл Машаева ишке ашырган. Анын айтымында өмүрүнүн бир бөлүгүн мамлекеттик кызматка арнап иштеп жүрүп ардактуу эс алууга чыккан көпчүлүк ардагерлер өздөрүн коомдо керексиз адамдай сезип, маанайлары түшүп, ишке болгон жөндөмдүүлүгүнө көңүл бурбай калат. Ошону менен бирге жаш кезинен айымдар турмуштун түйшүгүн көп көрүп келишет. Натыйжада ден соолуктары жакшы эмес. Тагыраагы, бел, буттары ооруп басууда кыйналып калышат. Мына ушундай көйгөйлөрдөн арылуу максатында атайын борбор ачкан.
“2023-жылы Өнүктүрүү саясат институтунун демилгелерди колдоочу чакан 100 миң өлчөмүндөгү долбоорун көрүп, ага Багыш айыл аймагындагы 9 айылдын аялдар кеңешинин төрайымдары демилге жаздык. Буйрук насип болуп баштаган ишибиз ишке ашып, ден соолукту чыңдоого тиешелүү буюмдарды (топ, велосипед, басуу килемче ж.б.) алып беришти. Ал буюмдарды алгандан кийин имарат издеп, жергиликтүү ишкер Бакытбек Маматов тарабынан ачылган спорт комплекстен бизге ылайыктуу бөлмөсүн акысыз пайдаланууга алдык. Андан ары жеке демөөрчүлөр жана айыл аймактын өкмөт башчысы, депутаттары колдоо көрсөтүшүп залга төшөлчү матрас, кошумча машыгуучу буюмдар менен камсыздала баштадык. Дагы да мындагы шартты жакшыртып, машыгууга колдонулуучу буюмдардын санын, түрүн арттыруу максатында Сузак райондук өнүктүрүү фондуна дагы 100 миң сомдук портал жазып гир, обурч, чуркоо дорошкаларын, кан басым өлчөөчү аппарат, тараза жана башка керектүү зарыл болгон буюмдарыбызды кошумчалап алдык”, –дейт А.Машаева.
Бир айдан бери иштеп баштаган бул ден соолукту чыңдоо борборунда атайын тренер жок. Ошентсе да айылдык кеңештин депутаты, аялдар кеңешинин төрайымы Гүлүмкан Давлетова мындагы келген айымдарга жадыбал түзүп, андагы спорт шаймандарын иштетүүнү үйрөтүп, көзөмөлдөп, жоопкерчилик менен иш жүргүзүп келет. Ден соолугун чыңдаганы келген айымдар бир ай ичинде ашыкча салмактан арылып, өздөрүн шамдагай сезип, жашоолору сергектикке айланганын жашырышкан жок.
Алардын катарын 78 жаштагы Өктөм Мамырова толуктайт. Ал улгайган адамдардын ден соолугун чыңдоого бул борбор ачылганы жакшы болду дейт.
“Менин бутум, белим ооручу. Минтип бир айдан бери машыгып, велосипед тээп, ар кандай көнүгүүлөрдү аткарып, чуркап бутумдун оорусу бир топ басаңдап калды. Ден соолук үчүн мындай жайга тартынбай баруу керек. Менин балдарым залга барып жатканымды туура кабыл алып кубанышты. Чынында ден соолукка кам көрүү, спорт менен алектенүү сергек жашоо да”, -дейт Ө. Мамырова.
Анаркүл Машаева бул борборго күнүнө 20-30дай айымдар келип машыгып, ден соолугуна кам көрүп жатышканын айтып, айымдардын 60 жаштан ашканын акысыз, 60тан жаш курактагы айымдарга аз өлчөмдө төлөм киргизүүнү пландап жатышканын кошумчалады. Анткени ал каражат борборду өнүктүрүүгө, шарттарын жакшыртууга арналарын белгиледи.
Нургүл АБДЫЛДАЕВА, “Аймак”
Автор anarkan_kg
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
23.08.2023 / Автор anarkan_kg ТОГУЗ-ТОРОДО УНУТТА КАЛЫП БАРА ЖАТКАН УУЗ ЧЕБЕРЧИЛИК ЖАНДАНУУДА
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ОШТУК МИЛИЦИОНЕР ЗАМАТТА ҮЧ БАЛАГА АТА БОЛДУ
-
-
26.04.2024 / Автор anarkan_kg ӨЗГӨН РАЙОНУН КОРС-ЭТТИ АЙЫЛЫН ДАГЫ СЕЛ КАПТАДЫ
-
08.06.2023 / Автор anarkan_kg КАЗАКСТАНДА НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВДИН КЕҢСЕСИ ЖАБЫЛУУДА
-
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.