Аймак

ЭАУнун СТУДЕНТТЕРИ АЛЫШ КҮРӨШҮ БОЮНЧА КҮМҮШ МЕДАЛГА ЭЭ БОЛУШТУ

ЭАУнун СТУДЕНТТЕРИ АЛЫШ КҮРӨШҮ БОЮНЧА КҮМҮШ МЕДАЛГА ЭЭ БОЛУШТУ

 3 Бардыгы /

ЭАУнун студенттери алыш күрөшү боюнча дүйнөлүк биринчиликтердин күмүш медалдары менен сыйланышты.

Узап бара жактан жылдын 12-16-ноябрында Казан шаарында 2004-2006-жылдары туулган жаштарарасында алыш күрөшү боюнча дүйнө биринчилиги, ошондой эле 15-17 жаштагы улан-кыздар арасында алыш күрөшү боюнча дүйнө биринчилиги болуп өттү.

Кесиптик багыт берүү& коомчулук менен байланыштар кызматы билдиргендей, биринчиликтерге дүйнөнүн 35 өлкөсүнөн 320 спортчу катышты. К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) эки студенти II орунду ээлеп, күмүш медалдары менен сыйланышты: “Педагогика” багыты боюнча 4-курстун студенти Курстанбек кызы Феруза жаштар арасында 76 кг салмагында; ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин “Башталгыч класстарда окутуу” адистиги боюнча 2-курсунун студенти Кожоярова Мадина кадеттер арасында 48 кг салмагында.

“Кыздарыбызды аталган спорттук ийгиликтери менен куттуктайбыз, жаңы жеңиштерди каалайбыз!”,-дейт ректорат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17