Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
1,018 Бардыгы / Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында күмүш байге алды. Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 5-октябрда эркин күрөштөн 70 килограмм салмакта күрөшкөн Акматалиев финалда польшалык Магомедмурад Гаджиевге 1:2 эсебинде жеңилди. Акматалиев буга чейин 4-октябрда төрт беттеш өткөргөн. Алгач шри-ланкалык балбан Анил Нирошан Мунасинье Каруна […]
1,019 Бардыгы / Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында күмүш байге алды. Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 5-октябрда эркин күрөштөн 70 килограмм салмакта күрөшкөн Акматалиев финалда польшалык Магомедмурад Гаджиевге 1:2 эсебинде жеңилди. Акматалиев буга чейин 4-октябрда төрт беттеш өткөргөн. Алгач шри-ланкалык балбан Анил Нирошан Мунасинье Каруна […]
БАЛБАН ЭРНАЗАР АКМАТАЛИЕВ ДҮЙНӨ ЧЕМПИОНАТЫНЫН КҮМҮШ БАЙГЕСИНЕ ЭЭ БОЛДУ
06.10.2021 / Автор anarkan_kg

1,020 Бардыгы /
Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында күмүш байге алды.
Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 5-октябрда эркин күрөштөн 70 килограмм салмакта күрөшкөн Акматалиев финалда польшалык Магомедмурад Гаджиевге 1:2 эсебинде жеңилди.
Акматалиев буга чейин 4-октябрда төрт беттеш өткөргөн.
Алгач шри-ланкалык балбан Анил Нирошан Мунасинье Каруна Пели Гедераны 10:0 эсебинде уткан. 1/8 финалда армениялык Арман Андреасянды 11:2 эсебинде жеңген. Чейрек финалда ирандык Ерфан Мохаммад Елахини 8:8 эсебинде, жарым финалда орусиялык Евгений Жербаевди 9:5 эсебинде жеңип алган.
Эрназар Акматалиев 23 жашта. Быйыл Токиодо өткөн Жайкы Олимп оюндарына катышкан. Жаштар арасындагы Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси (2018-ж.). Анын атаандашы Магомедмурад Гаджиев 33 жашта. Буга чейин Дүйнө чемпионатынын күмүш жана коло байгелерин алган.
Эрназар Акматалиев эркин күрөш боюнча чоңдор арасында Дүйнө чемпионатынын финалына чыккан алгачкы кыргызстандык спортчу. Буга чейин эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында Кенжебек Өмүралиев (68 кг. Стамбул, 1994-ж.), Базар Базаргуруев (60 кг. Стамбул, 2007-ж.), Алексей Крупняков ( 96 кг. Будапешт, 2005-ж.) дүйнөлүк чемпионаттын коло медалын уткан.
Бир күн мурда 65 килограмм салмакта Алибек Осмонов 3-орун үчүн беттеште польшалык Кристов Биенковскини 4:1 эсебинде жеңип, коло байге алган.
5-октябрда Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында алтын медал тагынды. Бул жетишкендиги менен ал Эгемен Кыргызстандын тарыхында күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында эки жолу күрөшүп, эки жолу тең жеңишке жеткен алгачкы спортчу болуп калды.
Норвегияда 2-октябрда башталган күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 10-октябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандын кыз-келиндер, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча курама командасынан жалпы 15 балбан катышууда.
WWW.
Автор anarkan_kg
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КЫЗМАТТАРЫНЫН ДАЯРДЫГЫ ТЕКШЕРИЛДИ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБдин БАШЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ
-
17.04.2026 / Автор anarkan_kg «АРИЕТ» БОРБОРУНДА ОКУУЧУЛАРГА ДЕМ БЕРГЕН ЖОЛУГУШУУ КЕЧЕСИ ӨТТҮ
-
-
09.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна НООКЕНДЕ УЛУУ ЖЕҢИШТИН 80 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ
-
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.