Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА СПАРТАКИАДА ӨТТҮ

ЖАЛАЛ-АБАДДА ВОЛЕЙБОЛ БОЮНЧА СПАРТАКИАДА ӨТТҮ

 1,104 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. Жалал-Абад шаардык  билим берүү бөлүмү мектеп окуучулар арасында спорттун волейбол түрү боюнча спартакиадасы өткөрүлдү.

Жалал-Абад мэриянын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык,

алгач волейбол боюнча мектептер арасында 20 командадан 8 мектептин оюнчулары шаардык этапка  жолдомо алышкан. Спорттун волейбол түрү боюнча мелдешке тандалып алынган 8 команда ат салышты.

Оюн соңунда кыздардан куралган команда 1-орунга №13 Р.Азимов атындагы орто мектеби, 2-орунга №10 Т.Кошматов атындагы гимназия мектеби, 3-орунду №4 мектеп-гимназиясы жана №1 М.Бабкин атындагы мектеп-гимназиясынын кыздар командасы ээлешти.

Ал эми балдар командасынан 1-орунга №1 М.Бабкин атындагы мектеп-гимназиясынын, 2-орунга Т.Кошматов атындагы мектеп-гимназиясы 3-орунга №9 Р.Санатбаев атындагы мектеп-гимназиясы ээлешти.

Шаардык мэрия спартакиада  үчүн 15 миң сом акча каражтын бөлгөн.  Жеңүүчүлөр кубок, ардак грамота жана балуу белектер менен сыйланышты.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17