Аймак

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

 11,698 Бардыгы /

ТОКТОМ № 1

                                15.09.2022-ж                      Момбеков айылы

“Жергиликтүү Элдик курултайга делегаттарды шайлоо,

Уюштуруу жана өткөрүү күнүн бекитүү

жөнүндө”

“Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы № 284 Жарлыгы менен аныкталган 2022-жылдын 25-ноябрында өтүүчү биринчи Элдик курултайга айыл аймагындагы делегаттарды шайлоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн бирдиктүү тартиби, делегаттарды шайлоо боюнча кадамдап аткаруучу аракеттердин нускамасына ылайык  жобону  бекитип берүү максатында күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 12-сессиясы токтом кылат:

  1. “Кыргыз Республикасынын Президентинин “Элдик курултайды

чакыруу жөнүндөгү”2022-жылдын 15-августундагы № 284 Жарлыгы аткарууга алынсын.

2. Момбеков айыл аймагынын калкынын саны 17112 болгондугуна карата жергиликтүү курултайдын делегаттарынын жалпы саны 100(жүз) адам ченеминде  бекитилсин.

3. Жергиликтүү курултайга делегаттарды шайлоо боюнча тиешелүү

аймактарды бөлүктөргө бөлүү ченемдери  төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.

Чек айылы – 14  (он төрт) адам

Жазгак айылы – 17(он жети) адам

Момбеков айылы – 23 (жыйырма үч) адам

Бостон айылы- 13 (он үч) адам

Курулуш айылы -24 (жыйырма төрт) адам

Жаңы-Кыштак айылы – 6 (алты) адам

Эски Кочкор-Ата айылы – 3 (үч) адам

4. Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир

айылда жыйындарды өткөрүү, уюштуруу № 1 тиркемеге ылайык иш-чара бекитилсин.

5. Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

6. Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындар жана чогулуштар өткөрүлө турган күн, убакыт жана орду жөнүндө расмий маалыматтарды жарялоо айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине милдеттендирилсин.

                     Айылдык кеңештин төрагасы:             И Абдыразак уулу

—————————————————————————————————

                                                            БЕКИТИЛДИ

 Тиркеме № 1

Момбеков айылдык кеншинин

ХХVIII чакырылышынын 

12-сессиясынын 2022-жылдын 15-сентябрындагы

                                                             № 1 токтому менен бекитилген

Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча ар бир айылда жыйындарды өткөрүү, уюштуруу боюнча иш-чара

п/п    Калктуу конуштардын аталышыКожолуктун саныКалктын саныКөрсөтүлүүчү делегаттардын саныДелегатты көрсөтүү үчүн жыйын өткөрүлө турган убактысыЖыйынга жооптуу айылдык кеңештин депутаттары
1Чек айылы362245014Сш № 23 17.10.2022  саат 16-00Кыдыралиев Арген
2Жазгак айылы441292717Сш № 34 18.10.2022 саат 10-00Бердибеков Азирет  
3Момбеков айылы632395423Сш №17 19.10.2022 саат 15-00Дөмүшов Тилек
4Бостон айылы354224313Сш №44 20.10.2022 саат 10-00Стамбаев Ташмамат
5Курулуш айылы578415224Сш № 16 21.10.2022 саат 15-00Аджибекова Парида
6Жаңы Кыштак айылы19510656Сш № 16 21.10.2022 саат 15-00Абдибекова Парида
7Эски Кочкор-Ата айылы603213Сш № 44 20.10.2022 саат 10-00Стамбаев Ташмамат
 Жалпысы :262217112100  

                                                                   БЕКИТИЛДИ

 Тиркеме № 2

 Момбеков айылдык кеңешинин

ХХVIII чакырылышынын 

12-сессиясынын 2022-жылдын

15-сентябрындагы

                                                             № 1 токтому менен бекитилген

Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы

  • И Абдыразак уулу – айылдык кеңештин төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;
  • Ж Юлдашева – айылдык кеңештин катчысы – жумушчу топтун катчысы;

Мүчөлөрү:

  • Кыдыралиев А – айылдык кеңештин депутаты;
  • Бердибеков Азирет –айылдык кеңештин депутаты;
  • Дөмүшов Тилек – айылдык кеңештин депутаты;
  • Стамбаев Ташмамат- айылдык кеңештин депутаты;
  • Аджибекова Парида – айылдык кеңештин депутаты;
  • Мисиров Ороз – айыл башчы;
  • Мамадалиев Талант – Жазгак айылынын айыл башчысы;
  • Абдыкадырова Батма – Курулуш айылынын айыл башчысы;
  • Калдаров  Акыл-  Жаңы-Кыштак айылынын айыл башчысы.

——————————————————————————————-

ТОКТОМ № 1

23.09.2022- ж.                                 Момбеков айылы  

“Айыл өкмөтүнүн  8 ай ичинде аткарган

иштери боюнча отчётун берүү

жөнүндө”

    Момбеков айыл өкмөтүнүн  башчысы К.З.Абдыжапаровдун

маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын  13-сессиясы токтом кылат:

  1. Момбеков айыл өкмөтүнүн  башчысы К.З.Абдыжапаровдун

маалыматы эске алынсын.

   2. Момбеков айыл өкмөтүнүн  башчысы К.З.Абдыжапаровдун

Айыл өкмөтүнүн  8-ай ичинде аткарган иштери боюнча  отчёту канааттандырарлык деп табылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы

боюнча туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

Айылдык кеңештин төрагасы:             И. Абдыразак уулу

—————————————————————————————————

ТОКТОМ № 2

23.09.2022- ж.                                 Момбеков айылы  

“ЗАО “Альфателеком” ишканасына

Чек айылынан 30 кв метр жер аянтын

ажыратып берүү жөнүндө”

             Момбеков айыл аймагындагы ЗАО “Альфателеком” ишканасына Чек айылынан 30 кв метр жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү  маселени угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын        13-сессиясы     токтом кылат:

  1. Момбеков айыл  өкмөтүнүн жер боюнча адиси Б Жакыбалиеванын маалыматы эске алынсын.
  2. Чек айылындагы көрүстөңдүн (мазардын) айланасынан 30 кв метр жер аянты мегаком антенасын орнотуу үчүн ажыратылып берилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы  муниципалдык

менчиктерди жана имараттарды  жерлерди сатуу жана ижарага берүү  комиссиясына  жүктөлсүн.

Айылдык кеңештин төрагасы:             И. Абдыразак уулу

—————————————————————————————————

ТОКТОМ № 3

23.09.2022- ж.                                 Момбеков айылы  

“Бишкек-Ош жолунун боюндагы мектеп жана

балдар бакчаларына өтүүчү жолго светофорду

орнотуу үчүн макулдук берүү

жөнүндө”

            Момбеков айыл аймагындагы Бишкек-Ош жолунун боюндагы мектеп жана балдар бакчаларына өтүүчү жолго светофорду орнотуу үчүн макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын  13-сессиясы токтом кылат:

  1. Момбеков айыл  өкмөтүнүн жер боюнча адиси                         

Б Жакыбалиеванын маалыматы эске алынсын.

2. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн         

23.08.2022-жыл  № 20-6/14-327  катынын негизинде Ош-Бишкек авто жолунун  жээгине Чек, Жазгак, Бостон, Момбеков, Курулуш айылындарындагы мектеп окуучулары өтүүчү жерлерге светофор орнотууга макулдук берилсин.

3. Жогорудагы  тийиштүү документтерди даярдоо жагы “Кадастр”

мамлекеттик мекемесинин  Ноокен филиалынан жана Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармасынан суралсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  социалдык

маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.

Айылдык кеңештин төрагасы:             И. Абдыразак уулу

—————————————————————————————————

ТОКТОМ № 4

23.09.2022- ж.                                 Момбеков айылы  

“Эски Кочкор-Ата айылына комплекс куруу үчүн

мурдагы изолятордун багытын өзгөртүү

жөнүндө”

                Момбеков айыл аймагындагы Эски Кочкор-Ата айылына комплекс куруу үчүн мурдагы изолятордун багытын өзгөртүү  жөнүндөгү  күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын               13-сессиясы токтом кылат:

  1. Момбеков айыл  өкмөтүнүн жер боюнча адиси Б Жакыбалиеванын маалыматы  эске алынсын.
  2. Момбеков айыл өкмөтүнүн  Эски Кочкор-Ата айылындагы мурдагы изолятордун  ордуна комплекс  куруу үчүн  багытын  (профилин)  өзгөртүүгө макулдук берилсин.
  3. Жогорудагы жер аянтына  тийиштүү документтерди даярдоо жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин  Ноокен филиалынан жана Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармасынан суралсын.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.

Айылдык кеңештин төрагасы:             И. Абдыразак уулу

—————————————————————————————————

ТОКТОМ № 5

23.09.2022- ж.                                 Момбеков айылы  

“Ноокен РИИБнү боюнча ЖКККнын бөлүмчөсү

тарабынан 20-6/14-339 катынын негизинде түнкү

жарыктандыруу орнотуу үчүн өздүк салым катарында

1000000  млн  сом акча каражатын  ажыратып

берүү жөнүндө”

   Момбеков айыл аймагынындагы Ноокен РИИБнү боюнча ЖКККнын

бөлүмчөсүтарабынан 20-6/14-339 катынын негизинде түнкү жарыктандыруу орнотуу үчүн өздүк салым катарында 1000000  млн  сом акча каражатын  ажыратып берүү жөнүндөгү  күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 13-сессиясы токтом кылат:

       1. Момбеков айыл  өкмөтүнүн жер боюнча адиси Б Жакыбалиеванын маалыматы эске алынсын.

           2. Ош-Бишкек авто жолуна асфальт төшөлүп жол белгилери толугу менен коюлбай кооптуу болуп калгандыктан Чек айылынан Жаңы-Кыштак айылына чейин түнкү жарыктандыруу орнотуу үчүн 1000000 млн сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.

           3. Тийиштүү документин даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси  Б Жакыбалиевага милдеттендирилсин.

           4. Түнкү жарыктандырууну орнотуу үчүн тийиштүү документтерди даярдоо үчүн Ноокен архитектура  жана шаар курулуш башкармалыгынан суралсын.

           5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т. Эгембердиевге жүктөлсүн.

Айылдык кеңештин төрагасы:             И. Абдыразак уулу

—————————————————————————————————

ТОКТОМ № 6

23.09.2022- ж.                                 Момбеков айылы  

“Райондук жана областтык өнүктүрүү фонддоруна

2023-жылга  төмөндөгү долбоорлорду сунуштоо

жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен

акча каражатын ажыратуу жөнүндө”

                Момбеков айыл  аймагынын  Момбеков айылдык кеңешинин

ХХVIII -чакырылышынын кезектеги  13-сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап,  токтом кылат:

  1. Момбеков айыл  өкмөтүнүн  башчысынын орун басары              

Т. Эгембердиевдин маалыматы эске алынсын.

2. 2023-жылга областтык жана райондук өнүктүрүү фонддоруна

сунушталуучу долбоорлорго жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаты ажыратылып берилсин.

              3 . Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы маселелери  боюнча туруктуу комиссиясы жана  айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.

Айылдык кеңештин төрагасы:             И. Абдыразак уулу

—————————————————————————————————

ТОКТОМ № 7

23.09.2022- ж.                                 Момбеков айылы  

“Дем берүүчү үлүштүк грандга 2023-жылга

төмөндөгү  долбоорлорду сунуштоо жана жергиликтүү

бюджеттин эсебинен акча каражатын

ажыратуу жөнүндө”

                Момбеков айыл  аймагынын  Момбеков айылдык кеңешинин

ХХVIII чакырылышынын кезектеги  13-сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап,  токтом кылат:

  1. Момбеков айыл  өкмөтүнүн  башчысынын орун басары              

Т Эгембердиевдин маалыматы эске алынсын.    

2. 2023-жылга дем берүүчү үлүштүк грантка 2023-жылга долбоор

сунушталсын жана жергиликтүү бюджетинин эсебинен

– № 44 орто мектебинин имаратынын чатырын, эшиктерин жана терезелерин алмаштыруу;

– “Гүлкайыр” балдар бакчасынын имаратынын чатырын, эшиктерин жана терезелерин алмаштыруу үчүн  акча каражаты ажыратылып берилсин.

              3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы маселелери  боюнча туруктуу комиссиясы жана айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысына  жүктөлсүн.

Айылдык кеңештин төрагасы:             И. Абдыразак уулу

—————————————————————————————————

ТОКТОМ № 8

23.09.2022- ж.                                 Момбеков айылы  

“Момбеков айыл өкмөтүнүн Таштак участкасындагы

 жер тилкесин муниципалдык менчикке алып

мечит куруу  үчүн жер аянтын жөнүндө”

                 Момбеков айыл өкмөтүнүн Таштак участкасына мечит куруу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын  13-сессиясы токтом кылат:

  1. Момбеков айыл  өкмөтүнүн жер боюнча адиси Б Жакыбалиеванын маалыматы эске алынсын.
  2. Момбеков айыл өкмөтүнүн Таштак участкасындагы жер аянты

муниципалдык менчикке алынып,  мечит куруу үчүн 327 чарчы метр жер аянты ажыратылып берилсин.

3. Жогорудагы  тийиштүү документтерди даярдоо жагы “Кадастр”

мамлекеттик мекемесинин  Ноокен филиалынан жана Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармасынан суралсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  социалдык маселелер

боюнча туруктуу комитетине  айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары                                       Т. Эгембердиевге  жүктөлсүн.

Айылдык кеңештин төрагасы:             И. Абдыразак уулу

—————————————————————————————————

ТОКТОМ № 9

23.09.2022- ж.                                 Момбеков айылы  

“Жайыт комитетине пайдаланууга берилген

трактор иштебей тургандыгына байланыштуу

кайрадан айыл өкмөтүнүн пайдалануусуна

 алуу жана трактордун кызмат көрсөтүүдөн

 түшкөн акча каражатын жайыт комитетине

 чегерип берүү жөнүндө”

                Момбеков айыл  аймагынын  Момбеков айылдык кеңешинин

ХХVIII -чакырылышынын кезектеги  13-сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап,  токтом кылат:

  1. Момбеков айыл  өкмөтүнүн  башчысынын орун басары              

Т. Эгембердиевдин маалыматы эске алынсын.    

2. Жайыт комитетине пайдаланууга берилген  трактор иштебей тургандыгына байланыштуу  тракторду  оңдотуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Тракторду оңдотуу үчүн  айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен

100000 (жүз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана

бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

Айылдык кеңештин төрагасы:             И. Абдыразак уулу

—————————————————————————————————

ТОКТОМ № 10

23.09.2022- ж.                                 Момбеков айылы  

“Кут” дыйкан чарбасынын эгин талаасына

 баруучу латокторду оңдоп-түзөө үчүн

 акча каражатын ажыратып

берүү жөнүндө”

Момбеков айыл  аймагынын  Момбеков айылдык кеңешинин

ХХVIII чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап,  токтом кылат:

  1. Момбеков айыл  өкмөтүнүн  башчысынын орун басары              

Т. Эгембердиевдин маалыматы эске алынсын.    

2. “Кут” дыйкан чарбасынын эгин талаасына баруучу латокторду

оңдоп-түзөө үчүн акча каражатын ажыратып түзөө үчүн акча каражаты ажыратылып  берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин

Бюджет жана финансы  маселелери боюнча туруктуу комитетине жана  айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.

Айылдык кеңештин төрагасы:             И. Абдыразак уулу

—————————————————————————————————

ТОКТОМ № 11

23.09.2022- ж.                                 Момбеков айылы  

“Момбеков айылынын тургуну  М.Осмоновдун

үйүнүн алдынан каналга чейинки

300 (үч жүз) метр сел арыкка латокторду

орнотуу үчүн акча каражатын
 ажыратып берүү жөнүндө”

Момбеков айыл  аймагынын  Момбеков айылдык кеңешинин

ХХVIII -чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап,  токтом кылат:

  1. Момбеков айыл  өкмөтүнүн  башчысынын орун басары              

Т. Эгембердиевдин маалыматы эске алынсын.    

2. М.Осмоновдун  үйүнүн алдынан каналга чейинки 300 (үч жүз)

метр сел арыкка латокторду орнотуу жана оңдоп түзөө үчүн  жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаты  ажыратылып  берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин

Бюджет жана финансы  маселелери боюнча туруктуу комитетине жана  айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.

Айылдык кеңештин төрагасы:             И. Абдыразак уулу

—————————————————————————————————

ТОКТОМ № 12

23.09.2022- ж.                                 Момбеков айылы  

“Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык

кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын  7-сессиясынын

09.09.2021-ж № 8 токтомуна өзгөртүүлөрдү

толуктоолорду киргизүү жөнүндө

             Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышыны 7 –сессиясынын 09.09.2021-ж № 8 токтомуна өзгөртүүлөрдү тоолуктоорлорду киргизүү жөнүндөгү маалыматты угуп Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын  13-сессиясы токтом кылат:

  1. Айыл аймакта бизнести жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, экономикалык программаларды иштеп чыгуу жана долбоорду ишке ашыруу максатында “Жергиликтүү экономиканы өнүктүрүү боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы “ түзүлгөн  комиссия курамына

1). Тажикул у М.

2). Бердибеков А.

3). Кыдыралиев А.

4). Стамбаев Т.

5). Аджибекова Ф. деп  өзгөртүү киргизилсин.

2. Жогорудагы түзүлгөн комиссия мүчөлөрүнө айыл аймактын

экономикалык өнүгүү программасын түзүү боюнча иликтөө жүргүзүү жана башка тийиштүү иш аракеттерди көрүү жагы милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин

төрагасынын орун басарына жүктөлсүн. 

Айылдык кеңештин төрагасы:             И. Абдыразак уулу

—————————————————————————————————

ТОКТОМ № 13

23.09.2022- ж.                                 Момбеков айылы  

“Момбеков  айылынын  чек ара тилкеси

бойлото жол салуу жана , РОВ казуу үчүн

айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин

эсебинен ГСМ алып берүү

жөнүндө”

                Момбеков айыл  аймагынын  Момбеков айылдык кеңешинин

ХХVIII чакырылышынын кезектеги  13-сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап,  токтом кылат:

               1. Момбеков айыл  өкмөтүнүн  башчысынын орун басары              

Т. Эгембердиевдин маалыматы эске алынсын.

               2. Чек ара тилкеси бойлото жол салуу жана , РОВ казуу үчүн

айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин  эсебинен ГСМ алып берүү үчүн акча каражаты  ажыратылып берилсин.

                3. ГСМ алып берүү үчүн акча каражатын ажыратып  берүү жагы айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.

  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер

боюнча туруктуу комитетине жана   айыл өкмөтүнүн  каржы экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.

Айылдык кеңештин төрагасы:             И. Абдыразак уулу

—————————————————————————————————

ТОКТОМ № 15

23.09.2022- ж.                                 Момбеков айылы  

“Момбеков СПАнын 2022-жылга карата

эгин сууга болгон тарифин

бекитүү жөнүндө”

 Момбеков  СПАнын 2022-жылга карата эгин сууга болгон тарифин

бекитүү жөнүндөгү Э Молдобаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын  13-сессиясы  токтом кылат:

  1. Момбеков СПАнын жетекчиси Э Молдобаевдин маалыматы эске

алынсын.

2. Суу пайдалануучулар ассоциациясынын жалпы жыйналыгшынын

11-июль 2022-жылдагы № 2 токтомунун  негизинде эгин сууга болгон тариф 1000 сом өлчөмүнө чейин көтөрүлүп бекитилсин..

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агарардык маселелер

боюнча туруктуу комитетине  жүктөлсүн.

Айылдык кеңештин төрагасы:             И. Абдыразак уулу

—————————————————————————————————

ТОКТОМ № 16

23.09.2022- ж.                                 Момбеков айылы  

“Момбеков айыл аймагындагы

бала-бакчалардын кызматкерлеринин

тамак-ашынын баасын бекитүү”

         Момбеков айыл аймагындагы бала-бакчалардын кызматкерлеринин тамак ашынын баасын бекитүү жөнүндөгү  күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 13-сессиясы токтом кылат:

  1. № 22 “ Гүлкайыр”, № 46 “Гүлзар”, № 17 “ Бостон”, № 21

“Кызгалдак”, № 49 “Таштак”, № 16 “Наристе”  балдар бакчаларынын жетекчилеринин билдирүүлөрү эске алынсын.

2. № 22 “ Гүлкайыр”, № 46 “Гүлзар”, № 17 “ Бостон”, № 21

“Кызгалдак”, № 49 “Таштак”, № 16 “Наристе” балдар бакчаларынын ай сайын төлөнүүчү  ата-энелердин төлөмдөрүнүн   азык-түлүктөргө болгон   баасынын көтөрүлгөндүгүнө байланыштуу  ай сайын төлөнүүчү  төлөмдөрү 2022-жылдын сентябрь айынан 700 сомдон 1000 сом өлчөмүнө чейин  көтөрүлүп  бекитилсин.

3. № 22 “ Гүлкайыр”, № 46 “Гүлзар”, № 17 “ Бостон”, № 21

“Кызгалдак”, № 49 “Таштак”, № 16 “Наристе балдар бакчаларынын кызматкерлеринин күнүмдүк тамак-ашы үчүн 30 (отуз) сомдон бекитилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  социалдык маселелер

боюнча туруктуу комиссиясына, бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ч. Төлөновага жүктөлсүн.

Айылдык кеңештин төрагасы:             И. Абдыразак уулу

—————————————————————————————————

ТОКТОМ № 1

16.11.2022-ж.                                Момбеков айылы  

“Момбеков айыл өкмөтүнүн  Чек айылындагы

бош жаткан 0,50 га жер аянтын муниципалдык

менчике алып,  туристикалык борбор  ачуу үчүн

ажыратып берүү жөнүндө”

             Кыргыз Республикасынын президентинин 17-декабрь 2021-жылдагы  № 566 “Кыргыз Республикасынын туризмди өнүктүрүүнү колдоо” Указынын Министрлер кабинетинин 11.03.2022-жылдагы № 128 токтомунун, Кыргыз Республикасында Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду ачык акционердик коомунун 19.10.2022-жылдагы № 497 катынын жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалынын 10.10.2022-жылдагы № 01-1/533 катынын негизинде   жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын  күн тартибиндеги маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 12-сессиясы токтом кылат:

  1. Жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын маалыматы эске алынсын.
  2. Чек айылындагы бош жаткан 0,50 га жер аянтын муниципалды менчикке алынсын.

3. Жогорудагы жер тилкеси муниципалдык менчикке алып, туристтер үчүн эс алуу борборун ачуу үчүн жер аянты  ажыратып берилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысынын орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу А Жунусовго жүктөлсүн.

Айылдык кеңештин төрагасы:             И. Абдыразак уулу

—————————————————————————————————

ТОКТОМ № 2

16.11.2022-ж.                                Момбеков айылы  

“Момбеков айылдык кеңешинин кезексиз

27-чакырылышынын 23-сессиясынын

11.03.2019-жылдагы  № 1 токтомуна

өзгөртүү жана толуктоо

киргизүү жөнүндө”

      Жер кодексинин 15-статьясынын 8,2-пунктун жана 20-статьясынын        12-пунктарынын талаптарына ылайык Момбеков айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын  күн тартибиндеги маселесин угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 12-сессиясы токтом кылат:

  1. Жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын билдирүүсү эске алынсын.
  2. Момбеков айылдык кеңешинин кезексиз 27-чакырылышынын       23-сессиясы 11.03.2019-жылдагы  № 1 токтомунун  2 пунктуна өзгөртүү жана толуктоолор киргизилип төмөндөгүдөй окулсун. Маданият – Жалал-Абад жолун реабилитациялоодо кызыл сызыкка туура келген жер үлүш ээлеринин макулдугунун негизинде жалпы 3,50 га жер аянтынан № 225 № 51 контурунан 2,81 га сугат айдоо жеринен,№ 227 контурунан 0,19 га бак жана № 217 контурунан 0,50 га жана башка жерлер ” Айыл чарба жерлери” категориясынан  “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого)  макулдук берилсин.
  3. Токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинен жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын суралсын.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысынын орун басары Т. Эгембердиевге жүктөлсүн.

Айылдык кеңештин төрагасы:             И. Абдыразак уулу

—————————————————————————————————

ТОКТОМ № 1

22.12.2022-ж.                                                    Момбеков айылы  

“Бостон айылына балдар бакчасын

куруу үчүн жер аянтын  ажыратып берүү

                                                           жөнүндө”

             Айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын  күн тартибиндеги  Бостон балдар бакчасын куруу үчүн 0,22 га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 15-сессиясы токтом кылат:

  1. Жер боюнча башкы адиси Б. Жакыбалиеванын маалыматы эске алынсын.
  2. Бостон айылына  балдар бакчасын куруу үчүн 0,22 га жер аянтын ажыратып берилсин.
  3. Бекитилип берилген жер аянтына архитектуралык ген планга ылайык документтештирүү жагы Ноокен райондук архитектура жана шаар куруу башкармасынан,  Кадастр мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалынан суралсын.
  4. Тийиштүү документтерди даярдоо жагы жер боюнча башкы адис Б. Жакыбалиева жүктөлсүн.
  5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысынын орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу  Ж. Суяровага  жүктөлсүн.

Айылдык кеңештин төрагасы:             И. Абдыразак уулу

—————————————————————————————————

ТОКТОМ № 3

22.12.2022-ж.                                                    Момбеков айылы  

“Бостон айылынын тургуну Г. Купахунованын

арызын кароо жөнүндө”

              Бостон  айылынын тургуну Г. Купахуновага караштуу 188,6 чарчы метр жер аянты курулган мечити менен  айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиеванын  күн тартибиндеги    маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 15-сессиясы токтом кылат:

  1. Момбеков айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси  Б Жакыбалиеванын маалыматы эске алынсын.Бостон  айылынын тургуну Г. Купахуновага караштуу 188,6 чарчы метр жер аянты курулган мечити менен  айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.
  2. Тийиштүү документтерди өткөрүп берүү жагы  Бостон айылынын тургуну    Г. Купахуновага  жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия курамына жана  айыл өкмөт башчысынын орун басарынын убактылуу милдетин аткаруучу  Ж. Суяровага жүктөлсүн.

Айылдык кеңештин төрагасы:             И. Абдыразак уулу

—————————————————————————————————

ТОКТОМ № 4

22.12.2022-ж.                                                    Момбеков айылы  

“2022-жылдын 18-январындагы № 4 Кыргыз Республикасынын

Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзамынын

3-беренесинин 2-чи пунктунун негизинде 2023-жылдын 1-январынан тартып Момбеков айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 13-чү бөлүмүндө көрсөтүлгөн мүлк салыктарын киргизүү жөнүндө”

           2022-жылдын 18-январындагы № 4 Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзамынын 3-беренесинин 2-чи пунктунун негизинде 2023-жылдын 1-январынан тартып Момбеков айыл аймагында аймагында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 13-чү бөлүмүндө көрсөтүлгөн мүлк салыктарын киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча сектор башчысы   Б. Мураталиевдин  күн тартибиндеги маалыматын  угуп, жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 15-сессиясы токтом кылат:

  1. Айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча сектор башчысы Б. Мураталиевдин маалыматы эске алынсын.
  2. 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө мыйзамынын 3-беренесинин 2-чи пунктунун негизинде 2023-жылдын 1-январынан тартып Момбеков айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 13-чү бөлүмүндө көрсөтүлгөн мүлк салыктары киргизилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  каржы экономика бөлүмүнүн башчысы Ч. Төлөновага жүктөлсүн.

Айылдык кеңештин төрагасы:             И. Абдыразак уулу

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17