Аймак

СУЗАК РАЙОНУНУН КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМДОРУ

 8,412 Бардыгы /

                                                №1 ТОКТОМ

                             Арал айылы                                          11.01. 2022-жыл

“Кара-Дарыя айыл аймагындагы “Айзирек” жана “Айданек -1” мектепке чейинки билим берүү мекемелери жөнүндө”

Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржыланып курулган мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин имараттарынын толук бүткөндүгүнө байланыштуу Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Арал, Төш айылдарынын жашоочуларынын кайрылууларын эске алып, Кара-Дарыя айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Кара-Дарыя айыл аймагындагы Арал айылындагы “Айзирек” жана Төш айылындагы “Айданек-1” мектепке чейинки билим берүү мекемелери 2022-жылдын 10-январынан баштап ишке киргизилсин.
  2. Тиешелүү тамак-аш жана керектелүүчү каражаттар Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен каржылансын.
  3. Ушул токтом юстиция тарабынан каттоодон өткөрүлсүн жана каттоодон өткөрүү айылдык кеңештин катчысы Ч.Жантороевага милдеттендирилсин.

         Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы:                  У. Абдыгапаров

———————————————————————————————————————-

                                                 №2 ТОКТОМ

                             Арал айылы                                          05.02. 2022-жыл

“Кара-Дарыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 8-сессиясынын Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн жана 2023-2024-жылдарга божомолу жөнүндө”

Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша  булактарынын долбоорун жана 2023-2024-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө айыл  өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн милдетин аткаруучу А.Ормонованын жана  айылдык кеңешинин бюджет комитетинин билдирүүлөрүн угуп, талкуулап Кара-Дарыя  айылдык кеңеши төмөндөгүдөй

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга бюджетинин долбоору жөнүндө айылдык кеңешинин бюджет комитетинин билдирүүсү эске алынып, 2022-жылга айыл өкмөтүнүн кирешелери салык түрлөрү боюнча  бюджеттик каражаттардын суммасы 14 996,1 миң сом, атайын каражаттардын  суммасы 2 340,0 миң сомго теңдөө гранты 3 751,0 миң сомго, жалпы 21087,1 миң  сомго №1- тиркемеге ылайык, ал эми бюджеттин чыгашалары 21 087,1 миң сомго  №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн божомолу 2023-жылга 17 860,1 миң сомго, 2024-жылга 18 294,6  миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
  3. ”Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-тиркемесине ылайык 2023-жылга 3751,0  миң сомго, 2024-жылга 3751,0 миң сомго  теңдөө грантынын божомолу бекитилсин. 2022-жылга Кара-Дарыя айыл өкмөтүнө  жеткирилген 3751,0 миң сом теңдөө гранты биринчи кезекте корголгон  беренелерди (эмгек акы жана анын социалдык фондго болгон чегерүүсүнө)  каржылоого №4 тиркемеге ылайык багытталсын.
  4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы №208-б  буйругуна ылайык электро энергияга бөлүнгөн 580,4 миң кВт лимити бюджеттик  мекеме уюмдар боюнча №3 тиркемеге ылайык бекитилсин жана жеткирилген  лимиттерди сактоо.
  5.  Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде тарбияланып жаткан балдардын  тамак- ашы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 27.12.2016-жылдагы №701  токтомуна ылайык күнүнө жергиликтүү бюджеттен 18 сомдон 24447,3 миң сомго  акча каражаты бекитилсин.
  6. Чангыр-Таш айылындагы “Ак-Тилек” мектепке чейинки билим берүү мекемесине  ата-энелерден түшүүчү (атайын каражат) төлөмдөрдүн жалпы суммасы 870,0 миң  сомго, Арал айылындагы “Көпөлөк” мектепке чейинки билим берүү мекемесине  ата-энелерден түшүүчү (атайын каражат) төлөмдөрдүн жалпы суммасы 300,0 миң  сомго, Төш айылындагы “Үмүт” мектепке чейинки билим берүү мекемесине ата-энелерден түшүүчү (тайын каражат) төлөмдөрдүн жалпы суммасы 300,0 миң  сомго бекитилсин жана чогулган каражатты бюджетке толугу менен иштетүү жагы  балдар бакчаларынын жетекчилерине жекече милдеттендирилсин, аталган  тартип бузулган учурда атайын каражаттын 100% республикалык бюджеттин  кирешесине алынышы эскертилсин. Жалпы балдар бакчаларынын ата-энелер  чогулушунда базардагы баалардын кескин жогорулап кеткендигине байланыштуу  ата-энелерден чогулуучу атайын каражаттын өлчөмүн 500 сомдон 700 сомго  жогорулатышы белгиленсин. Кара-Дарыя айыл аймагында жаңыдан ачылып  республикалык бюджеттен каржылоого өткөн “Айданек”, “Айзирек” жана  “Мамалак” балдар бакчасына 125 балага атайын каражаттын планы 1986,0 миң  сомго көбөйтүлсүн. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык 2022-жылга бекитилген атайын каражаттын планына тактоо  киргизилсин. Чыгымдары №5 тиркемеге ылайык казыналык система аркылуу  жумшоосу белгиленсин.
  7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2020-жылдагы №64 токтомунун  негизинде Кара-Дарыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын 1 штат бирдиги  кармалсын  жана 182,4 миң  сом эмгек акы фонду менен № 6  тиркемеге ылайык  бекитилсин
  8.  Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 24-беренесине ылайык айыл  өкмөтүнүн резервдик фонду 150,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана аны  пайдалануу багыты ушул кодексте көрсөтүлгөн жоболорго ылайык жүргүзүлсүн.
  9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.07.2013-жылдагы №403 токтомунун  негизинде Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин 26 штат бирдиги  кармалсын, айлык акылары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын  1- мартындагы  №131 жана 2017-жылдын 7-августундагы №466  “Кыргыз  Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларынын  ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтомдун негизинде  4871,3 миң сом эмгек акы жана социалдык фондго чегерүүлөр менен  №7 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы №66 токтомдун негизинде маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин 5 штат бирдиги  кармалсын жана айлык акысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.04.2021-ж.  №135-токтомунун негизинде №8-тиркемеге ылайык 521,2 миң сом өлчөмүндө  бекитилсин.
  11. Жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү жайыт комитетине  милдеттендирилсин жана жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн социалдык  фондго болгон төлөмдөрдү ижарачылар өздөр төлөөлөрү белгиленсин.
  12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы №386  “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамын ишке ашыруу боюнча токтомуна жана Кыргыз  Республикасынын Бюджеттик кодексинин 48-беренесине ылайык жайыт  пайдалануучулардан жыйналуучу 671,2 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатынын  517,7 миң сому жайыт ижарасына, 153,5 миң сому жер салыгына № 9 тиркемеге  ылайык төлөнсүн жана жайыт комитетине 447,2 миң сом өлчөмүндө акча  каражаты келишимдин негизинде өткөрүлүп берилсин.
  13. Айыл өкмөтүнүн башчысынын унаа чыгымдары Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 токтомунун негизинде  жумшоосу белгиленсин. №10-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  14. Турак жай жана коммуналдык кызматтар бөлүмүнүн чыгымдары 2111, 2121, 2214,  2215, 2221, 3111, 3112- беренелерине жалпысы 4481,5 миң сом өлчөмүндө №11-  тиркемеге ылайык бекитилсин.
  15. Билим берүү бөлүмүнүн чыгымдары 2214, 2215, 2222, 2223, 3111-беренелерине  жалпысы 4917,3 миң сом. Анын ичинен бакчалардын чыгымына 4322,3 миң сом)  өлчөмүндө №12, 12/1- тиркемеге ылайык бекитилсин.
  16. Башкаруу бөлүмүнүн чыгымдары 2211, 2212, 2214, 2215, 2222, 2221, 3112  беренелерине жалпысы 1966,2 миң сом өлчөмүндө №13 тиркемеге ылайык  бекитилсин.
  17. Социалдык камсыздоо бөлүмүнүн чыгымдары 400,0 миң сом өлчөмүндө №14 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  18. Маданият бөлүмүнүн чыгымдары 2215-беренесине жалпысы 110,0 миң сом  өлчөмүндө №15 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  19. Мектептерди жана балдар бакчаларын 2022-2023-окуу жылына кышка отун жана  көмүр менен камсыз кылуу үчүн 700,0 миң сом өлчөмүндө акча каражаты  бөлүнүүсү № 17 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  20. Мамлекеттик фондунун жерлеринен түшүүчү ижара акыларды жана салыктарды  өз убагында толук өндүрүү жагын камсыз кылуу аренда бухгалтерге, ага салык  инспекторуна жеке милдеттендирилсин.
  21. 2022-жылдын чыгаша бөлүгүндө көрсөтүлгөн бюджеттин чыгымдарын аткаруу  Кыргыз Республикасынын 03.04.2015-жылдагы Мамлекеттик сатып алуулар  жөнүндөгү мыйзамына ылайык каржылоо жана максаттуу пайдалануу жагы айыл  өкмөтүнүн башчысы Н. Караевге милдеттендирилсин.
  22. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысы  Н.Караевге жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т. Жоробаевге  жүктөлсүн.
  23. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

         Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы:                  У. Абдыгапаров

———————————————————————————————————————-

                                                                   №3 ТОКТОМ

                             Арал айылы                                          05.02. 2022-жыл

“Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына калган калдыгын бекитүү жөнүндө”

Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 1-январына калган бюджеттик каражаттан  786,2 миң сом, атайын каражаттан 236,0 миң сом калгандыгын жумшоо жөнүндө Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын сунушун карап чыгып, Кара-Дарыя айылдык  кеңешиТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. 2022-жылдын 1-январына калган бюджеттик каражаттан 786,2 миң сом өлчөмүндөгү  эркин калдык төмөндөгүчө жумшалсын.
    1. Технадзордун кызмат акысы -100,4 миң сом;
    1. Сузак КАДАСТРдын аткарган жумушуна  -44,7 миң сом;
    1. Арх. курулуш аткарган жумушуна  -110,0 миң сом;
    1. Сузак архитектура аткарган жумушуна  -229,7 миң сом;
    1. Сузак СЭЦ -10,5 миң сом;
    1. Төш, Арал, Чаңгыр-Таш айылдарына столба алууга  -154,4 миң сом;
    1. “Ак-Тилек” балдар бакчасынын тамак-ашына  – 86,5 миң сом;
    1. Үйү күйгөн жаранга жардам – 50,0 миң сом.
  2. 2022-жылдын 1-январына калган атайын каражаттан 236,0 миң сом өлчөмүндөгү    эркин төмөндөгүчө жумшалсын.
    1.  Бала бакчага тамак-аш алууга – 209,0 миң сом;
    1. Селден жабыркаган үй-бүлөлөрдүн тамак-ашына жардам – 27,0 миң сом.
  3. 2022-жылдын бекитилген чыгымдарына бюджеттик классификацияга ылайык  өзгөртүү киргизүү ФЭБ башчысына жүктөлсүн жана планга тактоо киргизүү жагы КР  финансы министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысы  Н.Караевге жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жоробаевге  жүктөлсүн.

        Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы:                  У. Абдыгапаров

———————————————————————————————————————-

                                                                №4 ТОКТОМ

                             Арал айылы                                          05.02. 2022-жыл

“Кара-Дарыя айылынын Арал айылынын тургуну Амракулов Акбарали жөнүндө”

Кара-Дарыя айыл аймагына караштуу Арал айылынын тургунун жашоочусунун кайрылуусун карап чыгып, Кара-Дарыя айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Арал айылынын тургуну Амракулов Акбаралинин 2021-жылдын 8-декабрь күнү  кырсык болуп, жашап жаткан үйү күйүп кеткендигине байланыштуу жергиликтүү  бюджеттин эсебинен 50 (элүү) миң сом бөлүнсүн.
  2. Жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү жагы ФЭБ башчысына  милдеттендирилсин.
  3. Ушул токтом Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн жана каттоодон  өткөрүү айылдык кеңештин катчысына милдеттендирилсин.

     Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы:                  У. Абдыгапаров

———————————————————————————————————————-

                                                                №5 ТОКТОМ

                             Арал айылы                                          05.02. 2022-жыл

 “Коомдук ишмер Бегалиев Сопубек Бегалиевичтин ысмын ыйгаруу жөнүндө”

Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн айыл тургундарынын, Бегалиев Сопубек Бегалиевичтин үй-бүлөсүнүн кайрылууларын карап чыгып, Кара-Дарыя айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Кыргыз ССРдин Жогорку Кенешинин бир нече жолку чакырылышынын депутаты, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, КР Эмгек сиңирген экономисти,  көптөгөн мамлекеттик сыйлыктарынын ээси Бегалиев Сопубек Бегалиевичтин ысмы Кара-Дарыя айыл өкмөтүнө караштуу Чангыр-Таш айылынын тургуну  Осмонов Сабырдын үйүнөн Достук айылынын кире беришине чейинки Союз  мезгилинде өзү куруп берген Сузак Кара-Дарыя автожолунун бөлүгүнө    ыйгарылсын.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын жер комиссиясынын төрагасы С.Тешебаевге милдеттендирилсин.
  3. Ушул токтом Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн жана каттоодон  өткөрүү айылдык кеңештин катчысына милдеттендирилсин.

                Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы:                  У. Абдыгапаров

———————————————————————————————————————-

                                                             №6 ТОКТОМ

                             Арал айылы                                          05.02. 2022-жыл

“Улуу  Ата Мекендик согуштун ардагери Мадалиев Кадырбектин ысмын ыйгаруу  жөнүндө”

Кара-Дарыя айыл аймагынын Чаңгыр-Таш айылынын жашоочуларынын күндөлүк  тиричилик иштеринде пайдалануу үчүн ачылган көчөгө айыл тургундарынын  жашоочуларынын кайрылуусу, макулдук каты, жалпы чогулушунун токтомуна жана  “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө” мыйзамына  негизденип Кара-Дарыя айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Кара-Дарыя айыл аймагынын Чангыр-Таш айылынын Адыр участкасындагы жаны  көчөгө Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучусу, эмгек ардагери Мадалиев  Кадырбектин ысмы коюлсун.
  2. Жаныдан аты ыйгарылган Мадалиев Кадырбек көчөсүнө көрнөк орнотуу, көчөнү  дайыма оң абалда кармоо, мамкаттоо башкармалыгынан каттоодон өткөрүү  маркумдун балдарына уюштуруу тобуна жүктөлсүн.
  3. Токтомдун  аткарылышы көзөмөлдөө  Чаңгыр-Таш айылынын айыл башчысы  Султанов Каныбекке милдеттендирилсин.
  4. Ушул токтом Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн жана каттоодон  өткөрүү айылдык кеңештин катчысына милдеттендирилсин.

        Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы:                  У. Абдыгапаров

———————————————————————————————————————-

                                                  №7 ТОКТОМ

                             Арал айылы                                          05.02. 2022-жыл

“Эмгек  ветераны Кадыров Топчубайдын ысмын ыйгаруу жөнүндө”

Кара-Дарыя айыл аймагынын Чаңгыр-Таш айыл аймагынын жашоочуларынын күндөлүк   тиричилик иштеринде пайдалануу үчүн ачылган көчөгө айыл тургундарынын  жашоочуларынын кайрылуусу, макулдук  каты,  жалпы чогулушунун токтомуна жана  “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө” мыйзамына   негизденип Кара-Дарыя айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Кара-Дарыя айыл аймагынын Чангыр-Таш айылынын Адыр участкасындагы М. Султанов көчөсүнүн башталышынан Т. Сыдыков көчөсүнө чейинки көчөгө аты   жок болгондугуна байланыштуу эмгек ветераны Кадыров Топчубайдын ысмы   коюлсун.
  2. Жаңыдан аты ыйгарылган Кадыров Топчубай көчөсүнө көрнөк  орнотуу, көчөнү  дайыма оң абалда кармоо, мамкаттоо башкармалыгынан каттоодон өткөрүү   маркумдун балдарына уюштуруу тобуна жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаңгыр-Таш айылынын айыл башчысы  Султанов Каныбекке милдеттендирилсин.
  4. Ушул токтом  Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн жана каттоодон  өткөрүү айылдык кеңештин катчысына милдеттендирилсин.

    Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы:                  У. Абдыгапаров

———————————————————————————————————————-

                                                          №8 ТОКТОМ

                             Арал айылы                                          05.02. 2022-жыл

“Эмгектин ардагери Курбаналиев Шамшинин ысмын ыйгаруу жөнүндө”

Кара-Дарыя айыл аймагынын Чаңгыр-Таш айылынын жашоочуларынын күндөлүк  тиричилик иштеринде пайдалануу үчүн ачылган көчөгө айыл тургундарынын  жашоочуларынын кайрылуусу, макулдук  каты, жалпы чогулушунун токтомуна жана  “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө” мыйзамына  негизденип Кара-Дарыя айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Кара-Дарыя айыл аймагынын Чангыр-Таш айылынын участкасындагы жаңы  көчөгө эмгек ардагери Курбаналиев Шамшинин ысмы коюлсун.
  2. Жаңыдан аты ыйгарылган Курбаналиев Шамши көчөсүнө көрнөк орнотуу, көчөнү  дайыма оң абалда кармоо, мамкаттоо башкармалыгынан каттоодон өткөрүү  маркумдун балдарына уюштуруу тобуна жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө  Чаңгыр-Таш айылынын айыл башчысы  Султанов Каныбекке милдеттендирилсин.
  4. Ушул токтом Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн жана каттоодон  өткөрүү айылдык кеңештин катчысына милдеттендирилсин.

     Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы:                  У. Абдыгапаров

———————————————————————————————————————-

                                                        №9 ТОКТОМ

                             Арал айылы                                          05.02. 2022-жыл

“Кара-Дарыя айылынын жаңы конуштарына столбаларды орнотуу жөнүндө” 

Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн Чаңгыр-Таш, Төш, Арал айылынын жаңы конуштагы  жашоочу тургундарынын кайрылууларын карап чыгып, Кара-Дарыя айылдык кеңеши ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Чаңгыр-Таш, Арал, Төш айылдарынын жаңы конуштарына столбалар керек  болгонуна байланыштуу жергиликтүү бюджеттин эсебинен 300 (үч жүз) миң  сом  акча бөлүнсүн.
  2. Жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү жагы ФЭБ башчысына  милдеттендирилсин.
  3. Ушул токтом юстиция тарабынан каттоодон  өткөрүлсүн  жана айылдык  каттоодон  өткөрүү айылдык  кеңешинин катчысына милдеттендирилсин.

    Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы:                  У. Абдыгапаров

———————————————————————————————————————-

                                                              №10 ТОКТОМ

                             Арал айылы                                          05.02. 2022-жыл

“Кара-Дарыя айыл аймагына кичи ГЭС куруу жөнүндө” 

Кара-Дарыя айыл аймагына чакан ГЭС куруу үчүн “Гидро- Энержи” ЖЧК  жетекчиси О.К. Толонбаевдин сунушун, кайрылуусун карап чыгып, Кара-Дарыя айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Кара-Дарыя айыл аймагына караштуу Төш айылынын Уч участкасынан

2050кв/м  жер тилкеси ажыратылып, узак мөөнөткө ижара келишими түзүлсүн.

  • Келишимди  “Кадастр” мекемесинин райондук бөлүмүнөн каттоодон өткөрүлсүн.
  • Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  жагын айыл өкмөтүнүн башчысы  Н. Караевге милдеттендирилсин.
  • Ушул токтом Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн жана каттоодон  өткөрүү айылдык кеңештин катчысына милдеттендирилсин.

Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы:                  У. Абдыгапаров

———————————————————————————————————————-

                                                           №11 ТОКТОМ

                             Арал айылы                                          28.02. 2022-жыл

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым  укуктарды берүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана   жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти, мындан ары “Департамент” деп  аталуучу, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Санариптик  өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо  департаменти жөнүндө” жобонун жана Кыргыз  Республикасынын Санариптик өнүктүрүү  министрлигинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 27 ыйгарым укуктарды берүү  жөнүндөгү буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын,  “Жергиликтүү  мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу  органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым  мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө”, “Жарандык абалдын  актылары  жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2021-жылдын 11-мартындагы №90 токтому менен бекитилген “Кыргыз  Республикасында жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө”  нускаманы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-апрелиндеги №238 жана 2004-жылдын 4-декабрындагы №886 токтомдору менен бекитилген жоболорду  жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр жөнүндө келишимдер түзүү боюнча Кара-Дарыя  айылдык кеңеши ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 11-февралындагы

№27 ыйгарым укуктарды берүү жана буйругунун негизинде аракеттенген директор

Э. Эсеналиева менен Кара-Дарыя айыл өкмөтү келишим түзүшсүн.

2. Түзүлгөн келишимдин негизинде берилүүчү ыйгарым укуктарды өткөрүп алуу жана   иш алып баруу жагы Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн аскерге каттоо бөлүмүнүн башкы  инспектору Б. Баймуратовго жүктөлсүн.

3.  Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевге  милдеттендирилсин.

Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы:                  У. Абдыгапаров

———————————————————————————————————————-

                                                           №12 ТОКТОМ

                             Арал айылы                                          29.04. 2022-жыл

“Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы

 ПЖ №54 жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө”

Кара-Дарыя айыл аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин 24.02.2022-ж. ПЖ №54 жарлыгын ишке ашыруу максатында Сузак райондук мамлекеттик  администрациясынын 25.03.2022-жылдын №4 (КПҮ) катын аткарууга алып, жобонун  негизинде Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп  адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкты ишке ашыруу  үчүн Кара-Дарыя айыл аймагында 01.04.2022-ж. өткөрүлгөн жалпы элдик жыйындын  протоколу, түзүлгөн комиссиянын сунуштарын, кайрылуусун эске алып, Кара-Дарыя айылдык  кеңеши  ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Кара-Дарыя айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу  ырым-жырымдарын, маркумду эскерүү үрп-адаттарын өткөрүүнүн тартибин  калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча киргизилген  чектөөлөрдү жана тыюуларды бекем сактоо менен  жалпы элдик жыйында  талкууланып, кабыл алынган төмөнкү чечимдердин негизинде өткөрүлсүн.
  2. Айыл аймагында маркумду акыркы сапарга узатуу (тажия) күнү мал (уй, жылкы)  тыюу салынсын.
    1. Алыс жакындан келген конокторго, кудаларга маркумдун кошуналарынын же  туугандарынын үйлөрүнөн бир кой союлуп күзөтүүгө уруксат берилсин.
    1. Тажия болгон күнү кийит жабуу жана башка ыксыз чыгымдарды жасоого  тыюу  салынсын.
    1. Токтомду бузгандарга өлчөмү (штраф) 100000 (жүз миң) сом айып пул (штраф) салынсын.
    1. Маркум жерге берилгенден кийин 3 күн өткөрүп экономикалык акыбалына  жараша ыктыярдуу түрдө эскерүү иш-чарасын ашыкча чыгымсыз дасторкон  даярдап 1 кой  же торпок союп  (жылкы, уй союуга тыюу салынат) өткөрүлсүн. Бейшембиси, үчтүгү, жетилиги, кыркылыгы ушуну менен бүтөт деп  эсептелсин.
    1. Орозо айт, Курман айттары аза күтүү эмес, майрам катары өткөрүлсүн. Айт  күндөрү  маркумдарды эскерүү жакын туугандары менен гана союш  союлбастан өткөрүлсүн.
    1. Токтомду бузгандарга 100000 (жүз) миң сом айып пул салынсын.
    1. Жылдык ашка бир чоң союш (уй,  жылкы) союлсун. Пакет, себеттер  жасалбасын, тартылбасын. Жылдыктын катмысы бир күн мурда өзүнүн  айылдаштары  менен окулсун. Аялдар тарабынан ар түрдүү кийит кийгизүүгө  окшогон ашыкча чыгымдар азайтылсын.
    1. токтомду бузгандарга 100000 (жүз) миң сом айып пул салынсын.
    1. Үй-бүлөлүк  салтанаттарды (жакшылыктарды) өткөрүүдө той ээси даярданып  дараметине жараша өткөргөндүгүн эске алып калыптанып калган жергиликтүү  эрежелер жана тартип боюнча дин кызматкерлери (жергиликтүү имамдар)  жана айыл бийлери менен макулдашып ар кандай ашыкча ыксыз  чыгымдарды кыскартып союштар азайтылсын, кафе, ресторандарда 200-250  ашырбастан конок чакырылып тойлор өткөрүлсүн.
  3. Маркумду  эскерүү иш- чараларындагы ысырапкорчулукту кыскартуу менен  маркумга  арнап анын балдары туугандары тарабынан эл үчүн  сооп иштерди  аткаруу (жакырларга, майыптарга жардам көрсөтүү, айылдагы жолдор,  көпүрөлөрдү оңдоо ж.б у.  иштерди  кылып берүү жамааттын урмат- сыйына ээ  болуп,  ар тараптан колдоого алынып, алкышталат.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.  Караевге айыл өкмөтүнүн, аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлерине,  айыл имамдарына, Кара-Дарыя аксакалдар сотуна милдеттендирилсин.
  5. Ушул токтом Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн жана каттоодон  өткөрүү айылдык кеңештин катчысына милдеттендирилсин.

Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы:                  У. Абдыгапаров

———————————————————————————————————————-

                                                            №13 ТОКТОМ

                             Арал айылы                                          29.04. 2022-жыл

“Арал айылынын Мундуз участкасында №915 контурда жайгашкан Сузак Кара-Дарыя  автожолунун түштүк тарабынан дүкөн куруу үчүн менчикке берүүгө суралган жер аянтын  муниципалдык менчикке алуу боюнча Кара-Дарыя айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Кара-Дарыя  айыл өкмөтүнүн Арал айылындагы Сузак Кара-Дарыя автожолунун  түштүк тарабынан жолдун боюна дүкөн куруу үчүн берүүгө даярдалган 132 чарчы  метр жер аянты Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынып  айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиктер реестрине каттоого алынсын.
  2. Муниципалдык  менчикке алынган жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык  менчик реестрине каттоо жагы финансы экономика бөлүмүнүн башчысына  милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун  аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы  Н.Караевге жүктөлсүн.

              Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы:                  У. Абдыгапаров

———————————————————————————————————————-

                                                            №14 ТОКТОМ

                             Арал айылы                                          26.05.2022-жыл

“Жергиликтүү  маанидеги “Тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу,  ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” маселесин башкаруу тартибин  бекитүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү  өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине  ылайык Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысынын дыйкандарды сугат суу менен  камсыз кылууга байланыштуу чаралар боюнча сунушун угуп, Кара-Дарыя айылдык  кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Жергиликтүү  маанидеги “Тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз  кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” маселесин  башкаруу тартиби (мындан  ары-Тартип) дыйкандарды сугат суу менен камсыз  кылуу  маселелерин 1-  тиркемеге ылайык киргизүү менен бекитилсин.
  2. Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысы Тартиптин бекитилген функцияларын  аткаруу,  кызматтарды уюштуруу жана милдеттенмелерди аткаруу бөлүгүнүн   ишке ашырылуусун камсыз кылсын.
  3. Кара-Дарыя айылдык кеңешинин 2022-жылдын 26-майдан №14 токтомун  Юстициянын Жалал-Абад облустук башкармалыгында каттоодон өткөрсүн.
  4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономикалык  маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

   Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы:                  У. Абдыгапаров

———————————————————————————————————————-

                                                                                         Кара-Дарыя айылдык кеңешинин

                                                                                         2022-жылдын 26.05

                                                                                         №14 токтомуна 1-тиркеме

Жергиликтүү маанидеги “Тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз  кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу” маселесин  чечүүнүн  алкагында дыйкандардын сугат сууга жетишин камсыз кылуу боюнча  кызматтардын, функциялардын милдеттенмелердин тизмеги.

         Кызматтардын,  функциялардын,          милдеттенмелердин аталышы Аткаруу үчүн жооптуу                                            жак
                                              1. Кызматтар: 
1.1Сугат  суусун суу пайдалануучуларга жеткирүүСуу пайдалануучулар ассоциациясы  (келишим боюнча)
                                                2. Функциялар: 
2.1Айылдык өкмөтүнүн башчысынын бассейндик  кеңештин ишине катышуусуАйыл өкмөтүнүн башчысы
2.2Муниципалдык  менчиктердин реестринде  ирригациялык курулмаларды эсепке алууну  жүргүзүүАйыл өкмөтүнүн финансылык-экономикалык бөлүмү
2.3Кызмат көрсөтүүчүлөр менен ирригациялык  курулмаларды  колдонуу боюнча келишим түзүү, кол коюу жана аткарылышын көзөмөлдөөАйыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык  бөлүмү
2.4Суу пайдалануу, эксплуатациялоо жана  ирригациялык системаны камсыз кылуу  эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүүАйыл өкмөтүнүн башчысы,  жергиликтүү кеңеш
2.5Суу чарбасынын райондук башкармалыгы менен  сугат суусун жеткирүү келишимин түзүү жана  аткарылышын көзөмөлдөөАйыл өкмөтүнүн башчысы
2.6 Суу колдонуу,  эксплуатациялоо жана  ирригациялык системаны камсыз кылуу  эрежелерин бузганы үчүн суу пайдалануучулардан  административдик жоопкерчилик маселелери  боюнча административдик комиссиянын ишин  уюштурууАйыл өкмөтүнүн башчысы, жергиликтүү кеңеш
2.7Ирригациялык кызматтардын төлөмүнүн (ИКТ)  наркын эсептөө жана бекитүүАйыл өкмөтүнүн башчысы,  жергиликтүү кеңеш
2.8Айылдын аймагында ирригацияны өнүктүрүү  боюнча инвестициялык программаны иштеп чыгуу  жана бекитүүАйыл өкмөтүнүн башчысы, жергиликтүү кеңеш
                                           3.Милдеттенмелер: 
3.1Ирригациялык курулмаларды кызмат  көрсөтүүлөргө муниципалдык мүлктүн объекттери  катары колдонууга берүүАйыл өкмөтүнүн башчысы, жергиликтүү кеңеш
3.2Ирригациялык курулмаларды камсыз кылууга  амортизациялык чегерүүлөрдү толук же  жарым жартылай компенсациялооАйыл өкмөтүнүн башчысы

                                                                №15 ТОКТОМ

                             Арал айылы                                          26.05.2022-жыл

“Кара-Дарыя айылдык аймагынын территориясындагы ирригациялык курулмаларды  айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын муниципалдык менчикке кабыл алуу  жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө  болгон муниципалдык менчик жөнүндө”  мыйзамынын 2 жана 19- беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү  мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  жөнүндө” мыйзамынын 27, 34-беренесине ылайык, ”Алтын Суу” суу пайдалануучулар  ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жалпы жыйынынын ирригациялык курулмаларды  муниципалдык менчикке акысыз берүү жөнүндө чечими тууралуу Кара-Дарыя айыл  өкмөтүнүн өкмөт башчысы Караев Нурбектин сунушун угуп Кара-Дарыя айылдык  кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. ”Алтын-Суу” суу пайдалануучулар ассоциациясынын мүчөлөрүнүн жалпы  жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү  жөнүндө  суроо талабы канааттандырылсын.
  2. Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн өкмөт башчысы:

    1) ”Алтын Суу” суу пайдалануучулары ассоциациясы менен биргеликте  ирригациялык  курулмаларды (каналдар,  лотоктор, арыктар), түрдүү мүлктөрдү кабыл алуу-  өткөрүп  берүү актын түзсүн.

     2)  Ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчик реестрине камтысын.

     3) ”Алтын- Суу” суу пайдалануучулар ассоциациясы менен ирригациялык  курулмаларды берүү келишимине кол койсун, аны мамлекеттик нотариустан  күбөлөндүрсүн жана мамлекеттик каттоо кызматтарынын органдарында каттасын.

3.  Кара-Дарыя айылдык кеңешинин 2022-жылдын 26.05  № 15 токтомун Юстициянын  Жалал-Абад облустук башкармалыгында каттоодон өткөрсүн.

4.  Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономикалык  маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы:                  У. Абдыгапаров

———————————————————————————————————————-

                                                             №16 ТОКТОМ

                             Арал айылы                                          26.05.2022-жыл

“2022-жылга бекитилген чыгымдардан иштетилбей калган, мамлекеттик сатып алуудан  үнөмдөлгөн жана киреше бөлүгүнө көбөйтүлгөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө”

2022-жылга бекитилген чыгымдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кара-Дарыя айыл  өкмөтүнүн ФЭБ башчысынын милдетин аткаруучу А.Ормонованын маалыматын угуп  жана талкуулап, Кара-Дарыя айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик  кодексинин  №115 беренесине ылайык 2022-жылы бекитилген чыгымдардан 70629 бөлүмүнүн 2221-статьясынан өрүк бакты оңдоп  түзөө үчүн каралган 100000 (жүз) миң сомду, 2215 -статьясынан эстеликтерди оңдоо үчүн каралган 50000 (элүү) миң сомду, 70111 бөлүмүнүн 2215-статьясынан эл каттоо  үчүн каралган  90000 (токсон) миң сомду, 2215-статьясынан архитектуранын карызын  төлөөгө каралган 200000 (эки жүз) миң сомду жалпысы болуп 440000 (төрт жүз кырк) миң  сом жана мамлекеттик сатып алуудан үнөмдөлгөн 70111 бөлүмүнөн 2221-статьясынан  3000 (үч) миң сом, 2215-статьясынан 33500 (отуз үч миң беш жүз) сомду бардыгы болуп  473500 (төрт жүз жетимиш үч миң, беш жүз) сом акча каражаты төмөнкү чыгымдарга:

             1).Өзгөчө кырдаалга 100 000 (жүз) миң сом.

             2). Балдар бакчалардын тамак-ашына 178200 (бир жүз жетимиш сегиз миң эки жүз) сом.

             3). Дренаж казууга 40000 (кырк) миң сом.

             4). Таза суунун маторун оңдоого 30300 (отуз миң үч жүз) сом.

             5).  Зым сатып алууга 100000 (жүз) миң сом.

             6).  Машиналарды баалоого кылууга 25000 (жыйырма беш) миң сом,  жалпысы  болуп 473500 (төрт жүз жетимиш үч миң беш жүз) сом акча каражаты жылдырылсын.

2. Билим берүү жана маданият кызматкерлердин эмгек акысы көтөрүлгөндүгүнүн  эсебинен, ошондой эле арендага берилүүчү жерлердин арендасынын ставкасы көтөрүлгөндүн эсебинен 2022-жылга бекитилген киреше пландын 14152600 беренесине  “Аренда ФПС салыгына” 360000 (үч жүз алтымыш) миң сом, 11321100 беренесине  “Тамарка  салыгына” 50000 (элүү) миң сом,  11111100  беренесине  “Киреше салыгына  330000 (үч жүз отуз) миң сом жалпысы болуп 740000 (жети жүз кырк) миң сомго план  которулсун жана көтөрүлгөн пландын эсебинен төмөнкү чыгашаларга:

              1). ”Мамалак”  балдар бакчасына балдар ойночу аянт курууга 200000 (эки жүз) сом.

              2).  Көчөлөргө шагал төшөөгө  200000 (эки жүз) миң сом.

              3).  Трансформатор сатып алууга 200000 (эки жүз) миң сом.

              4).  Айыл өкмөттүн жерлерине документ жасоого 100000 (жүз) миң сом.

              5.  Дренаж казууга 40000 (кырк) миң сом, жалпысы болуп 740000 (жети жүз кырк) миң сом акча каражаты багытталсын.

3. Кара-Дарыя айыл өкмөтүндөгү “Ак-Тилек” балдар бакчасына 1 тайпа, “Айданек-1” балдар бакчасына 1 тайпа, “Көпөлөк” балдар бакчасына 1 тайпа жаңы ачылгандыгына  байланыштуу атайын каражат эсебине 14232400 беренесине “мектепке чейинки жана  мекемелерине кошумча кызмат көрсөтүү акысына” 367500 (үч жүз алтымыш жети миң беш жүз) сомго план которулсун.

Бюджеттик баланстуулукту сактоо максатында ата-энелердин төлөмүнөн түшкөн   367500 (жети жүз алтымыш жети миң беш жүз) сом акча каражатын 2218-беренесине  “Тамак-аш азыктарын алууга” жумшалсын.

1). 2022-жылга бекитилген бюджеттик өзгөрүүлөр Кыргыз Республикасынын  Финансы министрлигинин Сузак финансы башкармалыгынан суралсын.

2). Токтомдун аткарылышын Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Караевге  жана көзөмөлдөө жагы бюджеттик комитеттин төрагасы Т.Жоробаевге жүктөлсүн.

    Кара-Дарыя айылдык кеңешинин төрагасы:                  У. Абдыгапаров

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17