Аймак

WI-FI ден соолукка зыянбы?

 8,516 Бардыгы /

WI-FI ден соолукка зыянбы?
Мезгилдин агымы менен жашообуз интернетсиз кызыксыз болуп бараткандай. Туташтыруучу зымсыз интернет талапка ылайык келип, аны үй шартында колдонгондордун саны күн санап өсүүдө. Илим изилдөөчүлөр болсо,Wi-Fiдын адамдын ден соолугуна канчалык зыяны бар экенин да аныкташкан. Wi-Fi түйүнү тууралуу кенен маалымат алыңыз.
Wi-Fi англисче «Wireless Fidelity» деген сөздөн келип чыккан, бизче «зымсыз тактык» же «зымсыз сапаттуулук» деп которулат. Wi-Fiдын тарыхы 1991-жылдан башталат. Кабелдүү интернетке салыштырмалуу Wi-Fi ды колдонуу сарамжалдуу жана эффективдүү. Мындай кызматтын пайда болушу менен ага туташууга ылайыкталып, көптөгөн техникалар жайылды. Анын негизинде учурда Wi-Fiды кафе, ЖОЖ, мектеп, оорукана, аба майданынан, мейманкалардан, такси жана иш орунунан колдонууга мүмкүн.
WI-FIдын ЖАКШЫ
ЖАКТАРЫН САНАЙБЫЗ:
• Зым туташтыруунун кажети жок.
• Башка электрондук техникаларга зыянсыз.
• Кайсы жерде болбосун тездик менен иштейт
• Үйүңүздөгү Wi-Fiды башка жакка которууга туура келсе, ал үчүн кайрадан убара тартып орнотуп отурбайсыз;
• Аны каалаган жерге орнотосуз;
• Кандайдыр бир тетиктерсиз, шыр эле браузерге кирүү менен интернет колдонуп баштайсыз.
WI-FI менен СИЗ
• Каалаган веб-сайтка кирип;
• Электрондук почта менен кат алышып;
• ICQ же каалаган башка интернет пейджерин колдоно аласыз.
WI-FIдын КЕМЧИЛИКТЕРИ ДА БАР:
• Wi-Fiга башка зымсыз колдонулуучу тутумдар, дубал, эмеректер да тоскоолдук кылат;
• Колдонуучу атайын койдурган сыр сөздү (код) оңой эле билип алууга мүмкүн.
Анын жол-жобосу азыр жашыруун эмес. Андыктан сыр сөздү болушунча узак жазууга аракет кылуу керек.
• Адамдын ден-соолугуна зыян.
• энергиясын көп сарптайт жана ички температурасы көтөрүлүп, иштөө мөөнөтүн кыскартат.
ДЕН СООЛУККА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ:
Акыркы жылдарда Wi-Fiдын зыяндуулугу тууралуу дарыгерлер көбүрөөк айта башташты. Wi-Fi электромагниттик талааны түзүп, тирүү организмдин ткандарын жылытуучу касиетке ээ. Уюлдук телефондон чыккан нурлардын басымдуу бөлүгү организмге тери аркылуу кирсе, мээде жана ички органдарда температу ранын көтөрүл үшү б ир аз гана байкалат. Ал эми Wi-Fi түйүнүнөн чыккан нур андан күчсүз болот. Ошондой болсо дагы сиз көп отурган жер Wi-Fi орнотулган жерден 1 метрдей алыс болуш керек. Кичинекей балдардын баш сөөгү, териси жука болгондуктан нур аларга көбүрөөк таасир этет. Андан тышкары эркектин потенциясына таасирин тийгизип, спермасын алсыздандырат. Колдонбогон учурда аны өчүрүп туруу талапка ылайык. Киши көп иштеген ишканага бир эле Wi-Fi түйүнүн орнот уу кере к, же абелдүү интернет койдуруу керек. АКШнын кээ бир штаттарында адамдар атайын Wi-Fi дын зыяндуу нурларынан коргонуу үчүн топу, плащ тиктиришет. Үй дубалдарын күмүш жалатылган фольга менен капташат. Фольганын бир түргөгү 800 доллар турса дагы ден соолук үчүн каражат аябайт. Бишкекте жайгашкан кафелер “Wi-Fi бар” деген жарнама менен элди тартса, Амстредамдагы кафелерде “Wi-Fi жок-зыян жок” деген жарнаамалар илинет.
Бишкек шаарында Wi-Fi ды орнотуу кызматы акысыз жүргүзүлөт. 1-5 бөлмөлүү үйлөргө ылайыкташтырылган Wi-Fiды 1300 сомдон, ал эми 1-2 бөлмөлүү үйлөргө 1000-1200 сомго койдурса болот. Андан чоң үйгө койдурсаңыз, акчасы да арбын болот.
WI-FI ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР
– Эгер сиз интернетсиз жашооңузду элестете албасаңыз, сизге саякаттоо үчүн Париж ылайыктуу. Анткени туристтер көп барчу сейил бактары, эс алуучу кооз жайлардын баарында wi-fi орнотулган. Ал эми АКШда бекер интернет колдонуу абдан жеңил. Жашаган жериңизге жакын жерде мейманкана же кафе бар болсо, үйүңүзгө интернет койдуруп, акча төлөп убара тартпайсыз.
– Баарыбыз билгендей, корголгон нерсени бузуучулар сөзсүз түрдө табылат. Интернетте атайын wi-fiдын сыр сөзүн билип алуучу программа бар. Баса, АКШда интернетке байланыштуу кылмыштардын көбү кошунасынын wi-fi түйүнүнөн пайдалангандардын айынан келип чыгат.
– Колдонгон нерселердин баарына төлөө керек. Кафелерде коюлган бекер wi-fi сизден бир да тыйын албай интернет колдонууга мүмкүнчүлүк берип жатат деп ойлойсузбу? Жок. Интернеттин чыгымын алар бир чыны ичкен кофеңизден да чыгарып алышат.
– Чыгыштагы American Biophisics компаниясы “чиркейлер магнитин” чыгарышат. Ал wi-fi аркылуу иштеп, өзүнөн чымын чиркейлерге жагымдуу жыт чыгарып турат. Чымындар ага жакындоо менен чаң сордургучка сорулуп кетишет.
– Тынч океандын жээгинде жайгашкан 1400 калкы бар Ниуэ мамлекетинин бардык аймагынан wi-fi аркылуу бекер интернет колдонушат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17