Аймак

Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Ырыс айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн “Ак ниет башкаруу—Кыргызстан элинин биримдигинин негизи” аттуу семинар-кеңешме өттү (Фото баян)

 6,888 Бардыгы /

Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Ырыс айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн “Ак ниет башкаруу—Кыргызстан элинин биримдигинин негизи” аттуу семинар-кеңешме  өттү  (Фото баян)
Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Ырыс айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн “Ак ниет башкаруу—Кыргызстан элинин биримдигинин негизи” аттуу семинар-кеңешме өттү
(Фото баян)
Бүгүн, 28-августа Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Ырыс айыл аймагынын базасында “Ак ниет башкаруу—Кыргызстан элинин биримдигинин негизи” аталышында семинар кеңешме болуп өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан Ж.Осмонов билдирди.
Ж.Осмоновдун айтымында семинардын ишине Ош, Баткен, Жалал-Абад областтарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, райондордун акимдери, КРнын Өкмөтүнүн областтардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ПРООНдун жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты. Семинар-кеңешмени өткөрүүнүн демилгечиси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги жана ПРООН уюму болду. Жалпысынан Түштүк Кыргызстан боюнча өткөрүлгөн семинар-кеңешменин ишине 231 айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана Ош, Баткен жана Жалал-Абад областтарынын райондук мамлекеттик администрацияларынын башчылары—акимдер катышышты.
Алгач семинар-кеңшменин катышуучулары Сузак районундагы Ырыс айыл өкмөтүнө караштуу мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү ишкананын учурдагы иши менен таанышып чыгышты. “Фермерс органик” ЖЧКсы 23 кылдагы кургатылган мөмө-жемиштерди кайра иштетүүгө жана консервация менен помидор томаттарын кайра иштетүүгө Туркиялык инвестицияны тарткан. Туркиялык ишкер Али Баклан семинар-кеңешменин катышуучуларына бул кайра иштетүүчү ишкананын келечек максаттары туурасында кеңири айтып берди.
-Дүйнө жүзүндө Кыргызстандын мөмө-жемиштери экологиялык жактан табигый тазалыгы жана адам баласынын ден соолугу үчүн пайдалуу витаминдерге байлыгы менен айрымаланат. Ошондуктан биз бул ишкананы ишке киргизүү менен биоорганикалык технологияны өндүрүштүк ишке ашырмакчыбыз. Туркияда бул фирма 30 жылдан бери ийгиликтүү иш алып барууда жана азыркы күндө дүйнөнүн 55 өлкөлөрүнө мыкты сапаттагы даяр айыл чарба азык-түлүктөрүн экспорттоп жатабыз. Биз бул жерге эки-үч жылга келгенибиз жок. Узак мөөнөттүү иштешүү ниети менен Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө салым кошолу жана түрк тилдүү боордош кыргыз элинин жашоо-турмушун жакшыртууга салым кошууга келдик,- деди Туркиялык ишкер Али-Баклан.
Азыркы мезгилде түркия менен италиядан келтирилген жабдууларды монтаждап-кураштыруу иштери жүрүп жатат. Жыл этегине чейин ишке киргизилүүчү бул кайра иштетүүчү ишканада 32 ар кыл улуттардын өкүлдөрү жумуш менен камсыз болушуп, 8 саатта 40 тонна чейинки чийки айыл чарба азык-түлүктөрүн кайра иштетүү кубаттуулугуна ээ. КРнын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Накен Касиев айыл өкмөттөрүнүн башчыларын ушундай демилгелүү иштерди колго алууга чакырды.
-Урматтуу айыл аймактарынын башчылары, Кыргызстанды өнүктүрүүнүн негизги бир багыты– бул мөмө-жемиштерди кайра иштетүү экендигин дагы бир жолу эсиңиздерге салмакчымын. Эл менен тыгыз байланышта иштеп, кайра иштетүү тармагына көңүл буралы. Мына Баткен областында өрүктү кайра иштетүү жагы жакшы жолго коюлуп, карапайым элибиз анын үзүрүн көрүп жатышат. Аркет кылбасаңар эч качан ийгилик болбойт.
Андан соң семинар-кеңешменин катышуучулары Бабур атындагы орто мектептеги жабык түрүндөгү футбол майданынын ачылыш аземине катышышты. Жергиликтүу ишкер Захиджан Сатыбалдиев Ырыс айыл өкмөтү менен атайын келишим түзүп, 10 жылдан кийин бул стадионду мектептин балансына толугу менен өткөрүп бере турган болгон. Жалпысынан бул жабык типтеги футбол майданын курууга жеке ишкер 4 миллион 300 миң сом акча каражатын сарптаган.
–Улутубуздун келечегин, өсүп келе жаткан балдарыбыздын ден соолугун ойлосок ушундай спортту жайларды курууну колго алалы. Өз элибиздин келечеги, өсүп келе жаткан жаш муундар үчүн ушундай максаттуу ички инвестицияларды бекем колго алалы. Ал эми элим, жерим деген ишкер Захиджан Сатыбалдиевге чоң рахмат дегенден башка сөз айта албаймын,-деди КРнын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Накен Касиев.
– Областыбыздын ишкерлери спортту гана өнүктүрүү менен чектелип калышпастан ФАПтарды жана балдар бакчаларын, мектептерди курушуп, жолдорду асфальттап жатышат. Бул багыттагы саамалыктуу иш аракеттерге областтык жана жергиликтүү бийлик ар тараптуу колдоолорду гана көрсөтүп жатышат,- деди Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу Жумагүл Эгамбердиева.
– Көк-Жаңгактык Сарбашев Аскар деген ишкер жигитибиз өз жанынан 9 миллион сомдук каражат жумшап, жолду асфальттап берди. Мындан сырткары 4 миллион сомдук каражатын мектептин курулушуна чегерип берди. Мындай азамат жигиттерибиздин ишине элибиз ыраазычылыктарын билдиришип, алкыштарын айтып жатышат,- деди Сузак районунун акими Нурболот Мырзахмедов.
Узундугу 40 метр, туурасы 20 метрди түзгөн жабык типтеги футбол майданынын кызыл тасмасын КРнын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Накен Касиев жана Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу Жумагүл Эгамбердиева кесип беришти. Семинар кеңешменин катышуучулары жаңыдан ачылган жабык типтеги футбол майданынын ички жасалгасын бир сыйра көздөн кечиришип, футболисттердин алгачкы оюнун көздөн кечирип, тамаша кылыщты.
Сузак районундагы Ырыс айыл өкмөтүндө көп улуттуу 35 миң калк жашап, 13 айылдардан турат. Айыл аймагынын имаратынын жанында жергиликтүү калктын айыл чарбасындагы, кайра иштетүү тармагындагы, курулуш материалдарын даңазалаган жарменкеси семинар-кеңешменин катышуучуларынын купулуна аябай жакты. Мындан сырткары карапайым калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү борборунун бир жерде уюштурулуп иштеп жатышы биздин бүгүнкү жашообуздун көнүмүш нормасына айланып калуусу керектиги бул жерде уюштурулган иштер жакшы саамалык болуп калды. Семинар-кеңешменин катышуучулары бир кезде намазканага берилип кеткен имаратты кайрадан балдар бакчасына кайтарылган “Ромашка” наристелер бакчасында болушту. КРнын Президентинин Указына ылайык мурда туура эмес сатылып кеткен балдар бакчалары кайрадан өз максаттарында иштетилиши боюнча жүрүп жаткан иштин бир мисалы ушул балдар бакчасы болуп калды. Европалык Биримдик жана Бириккен Улуттар Уюмунун “Социалдык акыйкаттуулукка жетишүүгө ак ниет башкарууну илгерилетүү” биргелешкен долбоорунун алкагында балдар бакчаларынын эмректери менен жабдуулары толук сатылып, алынып берилген.
-Европалык Биримдик (ЕС) менен БУУнун (ООН) биргелешкен “Социалдык акыйкаттуулукка жетүүгө ак инет башкарууну илгерилетүу” долбоорун ПРООН, ЮНИСЕФ, ЮНЕСКО жана ООНдун аялдары эл аралык уюмдары 36 айлык мөөнөт менен турмушка ашырышып, Кыргыз Республикасындагы 30 айыл аймактары кирген. Анын башкыв максаты жакырчылыкты кыскартуу, адамдын укугун коргоо жана адамдын омоктуу өнүгүүсү үчүн Өкмөттүн бардык деңгээлинде, жарандык коомдук уюмдарда жана жеке сектордо ак ниет башкаруунун иш жүзүндө колдонуусун жана реформаларын бекемдөө болуп саналат,- деди ПРООНдун Кыргызстандагы өкүлү Александр Авенесов.
-Кыргызстанда наристелердин төрөлүүсүндө өсүштөр болуп жаткандыгы чындыгында кубанаарлык көрүнүш. Тилекке каршы, ошону менен бирге энелердин өлүмү республиканын аймактарында көбөйүп жаткандыгы ойлондуруучу опурталдуу симптом! Ошондуктан жалаң гана экономикалык көрсөткүчтөргө басым жасай бербестен, социалдык көйгөйлүү маселелерди, наристелер менен энелердин ден соолугун коргоо жаатында дагы биргелешип кызматташууга, орчундуу маселелерди чогуу-чаран чечүүгө биз ар дайым даярбыз ,- деди ПРООНдун Кыргызстандагы өкүлү Александр Авенесов.
Түштөн кийин Сузак районундагы Ырыс айыл өкмөтүнүн жыйындар залында өткөн кеңешмеде КРнын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Накен Касиев семинар-кеңешменин катышуучуларынын көңүлүн төмөнкү маселелерге бурду.
-Быйылкы 2014- жыл Кыргыз Республикасынын Президенти Алмаз Атамбаев тарабынан Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы катары жарыяланган. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролун арттырып, карапайым калкыбыздын кызыкчылыгы үчүн чыгармачылык менен иштесек, мамлекетүүлүктү бекемдөөгө чоң салым кошкон болобуз. Бүгүнкү күндө республикабыздагы 30 айыл өкмөттөрүндө калкка кызмат көрсөтүү борборлору иштеп жатат. Бул борборлорду түзүүнүн башкы максаты элди ар кандай убаракерчиликке салбай мамлекеттик жана муниципалдык сапаттуу кызмат көрсөтүүнү бир жердежүргүзүү болуп саналат. Бул иште ПРООН жакшы колдоо көрсөтүп жаткандыгын белгилей кетким келет. Швейцария өкмөтү Ысык-Көл менен Жалал-Абад областына 10 миллион франк өлчөмүндө колдоо көрсөтүп жатат. Ал эми сентябрь айынан баштап Бүткүл дүйнөлүк банктын колдоосу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерин атайын окутуу долбоору башталат. Айыл өкмөттөрүндөгү дагы бир көйгөйлүү маселе — бул негизделбеген максатсыз бюджеттик каражаттардын жумшалып жаткандыгын прокуратура органдары жана эсептөө палатасынын текшерүулөрү аныктап жатат. Республикабыздагы айыл өкмөттөрүнүн 80 пайызы мамлекеттик дотацияда турат. 10 миңге жакын менчиктердин 30 пайызы гана мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөн. Көп улуттуу өлкөбүздө элдердин ынтымагы менен достугу эң биринчи маселе экендигин жадыңыздардан чыгарбаңыздар. Айыл аймактарынын башчылары универсалдуу кызматкер болуу менен бирге айыл жериндеги өз алдынча башкаруунун академиги болушуңуздар керек. Өткөн 2013-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине 177 кылмыш иши козголуп, мамлекетке 42 миллион смодук зыяндар келтирилген.
Семинар-кеңшмеде ПРООНдун Кыргызстандагы өкүлү Александр Авенесов, КРнын Президентинин аппаратынын эксперти Зайирбек Эргешов, Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн милдетин аткаруучу Жумагүл Эгамбердиева жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин жооптуу милдеттери туурасында өз ойлорун ортого салышты.
Сузак районундагы Ырыс айыл аймагынын башчысы Кадыралы Иманов инвесторлор жана эл аралык уюмдар менен иштешүүдөгү иш тажрыйбаларын ортого салды. Айыл өкмөтүндө 1748 га. сугат жери бар. Жалпысынан көп улуттуу 35 миң калк жашап, 13 айылдан турат жана айыл аймагында 12 мектеп, 9 ФАП иштейт. Жылдык бюджети 25 млн. 721 миң сом болсо, өткөн алты айдын жыйынтыгы менен бюджет 13 млн. 181 миң сомго аткарылып, ал 108 пайызга ашыра аткарылган. Демилгелүү иш-тажрыйбалары менен Баткен областындагы Кадамжай районундагы Актурпак айыл өкмөтүнүн башчысы Алчыбай Төралиев, Ош областындагы Кара-Суу районундагы Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Жамшит Матанбаев дагы кенен ой бөлүштү.
Семинар-кеңешменин соңунда КРнын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агентигинин директору Накен Касиев Ырыс айыл өкмөтүндөгү ар кыл улуттардын өкүлдөрүнөн баш кошушкан интернационалдуу 4 жаш үй-бүлө мүчөлөрүнө баалуу белектерди тартуулады. Мындан сырткары өз алдынча башкаруу органдарында көп жылдардан бери үзүрлүү иштеп келе жатышкан бир катар кызматкерлерге “Мыкты кызматкер” төш белгилерин жана агенттиктин Ардак грамоталарын тапшырды. КРнын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Накен Касиев семинар-кеңешменин бардык катышуучуларын 31-август—Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк майрамы менен куттуктап, алардын эл үчүн аркалап жатышкан жооптуу жана түйшүктүү иштерине ийгиликтерди каалады.
Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Ырыс айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн “Ак ниет башкаруу—Кыргызстан элинин биримдигинин негизи” аттуу семинар-кеңешме  өттү  (Фото баян)
Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Ырыс айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн “Ак ниет башкаруу—Кыргызстан элинин биримдигинин негизи” аттуу семинар-кеңешме  өттү  (Фото баян)
Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Ырыс айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн “Ак ниет башкаруу—Кыргызстан элинин биримдигинин негизи” аттуу семинар-кеңешме  өттү  (Фото баян)
Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Ырыс айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн “Ак ниет башкаруу—Кыргызстан элинин биримдигинин негизи” аттуу семинар-кеңешме  өттү  (Фото баян)
Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Ырыс айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн “Ак ниет башкаруу—Кыргызстан элинин биримдигинин негизи” аттуу семинар-кеңешме  өттү  (Фото баян)
Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Ырыс айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн “Ак ниет башкаруу—Кыргызстан элинин биримдигинин негизи” аттуу семинар-кеңешме  өттү  (Фото баян)
Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Ырыс айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн “Ак ниет башкаруу—Кыргызстан элинин биримдигинин негизи” аттуу семинар-кеңешме  өттү  (Фото баян)

Жолдошбай Осмонов, журналист

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17