Аймак

Тамырчыдан кеңеш: Геморрой

 49,575 Бардыгы /

Геморройдон кантип кутулабыз? Пайда болуу себеби: Жамбаштын аз кыймылда болуусу, ичегилерге суук тийүүсү, ич – заңдын катышы. Алдын алуу суусундуктарды муздак ичпөө, муз жебөө, муздак жерге олтурбоо. Эгер сизде бул оору пайда болгон болсо кара нан, жер-жемиш, мөмө-жемиш, өрүк, алма, кызыл кызылча, ашкабак, сабиз суусу жана башка жеш керек.
Тыюу салынат: Күчөп кеткен болсо, ыссык суу менен жууганга, парлаганга, өз алдынча чукулап же билбеген дарыларды колдонууга. Бул дартка кимдер кабылат: көбүнчө аялдар (төрөт учурунда көп ыйынып – күч келгендикте) олтуруп иштегендер (өкмөт адамдары, шоопурлар жамбашта кыймыл аз болгондуктан ж.б), сызга көп отургандар (көк чөптө көп олтурган кыз-жигитте). Бул дарттын кесепети тынчыңызды алат, кыжаалат кылат. Ажатканада көп убактыыз өтөт. Бул оору көтөн- чучуктун нервдери менен байланыштуу болгондуктан каткырсаңыз да, кайгырсаңыз да геморройго таасирин берет. Эң жаман акыбет – геморройдун ракка айланышы. Ич катып, заңдаганда көтөн чучуктагы кан тамырлар жарылат да, териси шишикче болуп чыгып калат. Ошол уюган кан, ажаттанганда күч келип, сары суусу чыгып баштайт. Эгер ошол уюган кан менен сары суу калып калса, убакыт өтүп ракка айланып кетиши мүмкүн.
Геморройду дарылоонун жолу: 1- медициналык, 2- элдик – табыпчылык. Мен медицина жолу менен дарылануу ката же туура эмес дебеймин. Антип айтканга акым да жок. Болгону жеке өзумдүн табыпчылык көз карашымды маалымат катары гана айта алам. Туура, медицинада геморройду операциялык жол менен айыктырышат. Бирок жабыр тарткан жерди кесип таштаган менен ал убакыт өткөндөн кийин сууктан же кандайдыр бир оор жумуштарды жасоодон күч келип кайра пайда болуп жатат. Мындай учурда талашсыз чындык – операция болгондон кийин көтөн чучук мурдагыдай жыйрыла албай заңды, желди кармай албай калат дагы, операциядан кийин кескиленген же спайка (ичегердин жармашып калуусу) болуп калышы мүмкүн. Андай да болгондор да бар. Алар ал учурда укалашат, укалоо да жардам бербесе, дагы кескилетүүгө туура келет.
Мен билген ыкма: чаптама (табигый дары) шыбама же тампон (табигый дары), сүлүк курт (пияфки), көнүгүү, массаж.
Бизде даяр дарысы бар, 0771-98 33 78 номерине чалыңыз).

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17