Аймак

АКСЫ РАЙОНУНДА БАЛДАР БАКЧАСЫ ӨРТТӨНҮП КЕТТИ

АКСЫ РАЙОНУНДА БАЛДАР БАКЧАСЫ ӨРТТӨНҮП КЕТТИ

 996 total views

2020-жылдын 8-декабрына караган түнү Аксы районунун Кара-Жыгач айыл аймагынын Сыны айылында жайгашкан 76 орундуу №26 «Айданек» балдар бакчасында өрт кырсыгы катталып, өрттүн натыйжасында балдар бакчасынын жыгач конструкциялардан тургузулган имараты ичиндеги мүлктөрү жана эмеректери менен кошо толугу менен күйүп кеткен.

Өрт өчүрүүгө Аксы району боюнча ӨК бөлүмүнүн 1 бирдик өрт өчүрүүчү автоунаасы тартылып, өрт өчүрүүгө тартылган күч-каражаттардын жардамында өрттүн башка жактарга таркоосуна саат 02.10до бөгөт коюлуп, толугу менен саат 03.45те өчүрүлгөн.

Азыркы учурда, өрт кырсыгынын келип чыгуу себеби жана өрттөн келтирилген материалдык зыян такталууда.

2020-жылдын 11 айында облус аймагында 1 мектепке чейинки мекемеде өрт кырсыгы катталып, өрттөн 14 649 сом материалдык зыян келтирилген.

Урматтуу облус аймагындагы социалдык обьектилердин жетекчилери! Кышкы өрт кооптуу мезгилде социалдык обьектилердеги өрт кырсыктарын алдын алуу максатында өз мекемелериңиздерде өрткө каршы чараларды күчөтүүнү КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы эскертет.  

КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы

полковник А.Закиров

Автор

Контактный адрес

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: город Жалал-Абад улица Ленина 17