Аймак

СУЗАКТА УНАА УУРДООГО ШЕКТЕЛГЕНДЕР АНЫ САТУУГА АЛЫП БАРАТКАНДА КАРМАЛЫШТЫ

СУЗАКТА УНАА УУРДООГО ШЕКТЕЛГЕНДЕР АНЫ САТУУГА АЛЫП БАРАТКАНДА КАРМАЛЫШТЫ

 789 total views

Сузак районунда унаа уурдоого шектелген адамдар кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ЖКККБ билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрына караган түнү Сузак районунун Сузак айылынын 1997-жылы туулган тургуну А.У.нын «Дэу Тико» автоунаасын белгисиз адамдар райондун Кызыл-Жар айылында жайгашкан устаканасынан айнегин сындырып, айдап кетишкен.

Аталган факт Сузак РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Бүгүн, 7-ноябрда Сузак райондук ЖККК бөлүмүнүн издөө иштери боюнча инспектору тарабынан кылмыштын бети ачылып, шектүү катары ошол эле айылдын тургундары: 2002-жылы туулган Х.З., 2001-жылы туулган Д.Ж. жана 2000-жылы туулган Н.Х. кармалышты.

«Алгач алар автоунааны катып, Сузак районунун Барпы айылында автоунааларды бузуп сатуучу жайга сатуу үчүн алып бара жаткан жеринен кармалышты. Автоунаа жана кылмышка шектүүлөр Сузак РИИБдин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди», – деп айтылат маалыматта.

“АЙМАК”

Автор

Контактный адрес

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: город Жалал-Абад улица Ленина 17