Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ВНИМАНИЕ! УВАЖАЕМЫЕ ЮРИДИЧЕСКИЕ И ФИЗИЧЕСКИЕ ЛИЦА!
1,180 total views Жогорку Кеңештин вице-спикери, 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмесин баштап чыккан талапкер Мирлан Бакиров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу мамлекеттин ички ишине кийлигишип жатат деп эсептейт. Мындай пикирин 10-декабрда парламенттин отурумунда билдирди. Бакиров элчи өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чаап, Кыргызстандын жаранын, партияны сыйлабастыгын көрсөттү деп эсептейт. “Партиянын атын атап, кайдан-жайдан пайда боло […]
1,181 total views Жогорку Кеңештин вице-спикери, 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмесин баштап чыккан талапкер Мирлан Бакиров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу мамлекеттин ички ишине кийлигишип жатат деп эсептейт. Мындай пикирин 10-декабрда парламенттин отурумунда билдирди. Бакиров элчи өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чаап, Кыргызстандын жаранын, партияны сыйлабастыгын көрсөттү деп эсептейт. “Партиянын атын атап, кайдан-жайдан пайда боло […]
БАКИРОВ: АКШ ЭЛЧИСИ КЫРГЫЗСТАНДЫН ИЧКИ ИШИНЕ КИЙЛИГИШИП ЖАТАТ
10.12.2020 / Автор orozalieva1,182 total views
Жогорку Кеңештин вице-спикери, 4-октябрдагы парламенттик шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмесин баштап чыккан талапкер Мирлан Бакиров АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу мамлекеттин ички ишине кийлигишип жатат деп эсептейт.
Мындай пикирин 10-декабрда парламенттин отурумунда билдирди. Бакиров элчи өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чаап, Кыргызстандын жаранын, партияны сыйлабастыгын көрсөттү деп эсептейт.
“Партиянын атын атап, кайдан-жайдан пайда боло калды” деп жатат. “Мекеним Кыргызстан” партиясы 2015-жылы түзүлүп, Бишкек, Ош шаарларындагы жергиликтүү шайлоолордо ийгиликке жетишкен”.
Депутат мындан тышкары АКШ элчисинин коррупциялык жол менен өлкөдөн чыгарылып кеткен 700 млн. доллар тууралуу айтканы боюнча, учурунда депутаттык комиссия иштегенин белгиледи:
“Депутаттык комиссия иштеди. Конституциялык орган болгон парламенттин депутаттык комиссиясына да шек келтирип жатат. Депутаттык комиссия азбы-көппү иликтеп чыкты, тиешеси жоктугун аныктаган. Эгерде кандайдыр бир суроосу болсо башка жол менен кайрылып, сот менен аныктап чыкса болот. Ал биздин ички маселебиз жана парламенттин ыйгарым укуктары”.
5-декабрда АКШнын Бишкектеги элчиси Дональд Лу парламенттик шайлоодогу добуш сатып алуу сыяктуу көрүнүштөрдү сындаган. Октябрь окуяларынан кийин келген бийликтин Матраимовдун айланасындагы соңку чечимдерине токтолуп, иштин башталышы жакшы болгону менен жетишсиз чара көрүлүп жатканын айткан. Мындан соң Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Лунун билдирүүсүнө жооп кайтарып, анда «ички иштерге кийлигишүү менен тергөөгө басым кылуунун элементтери бар» деп сындаган.
9-декабрда АКШнын Финансы министрлиги Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго санкция киргизди.
Кошмо Штаттардын Финансы министрлигинин расмий сайтына жарыяланган маалыматта “Магнитский акты” деген аталыш менен белгилүү “кара тизмеде” Райымбек Матраимов жана Райым Исмаилов деген ысымга берилген эки башка паспорттук маалымат көрсөтүлгөн.
Раимбек Матраимов жана анын тарапкерлери санкцияга байланыштуу пикирин билдире элек.
“Магнитский актына” киргендердин АКШда жайгашкан же америкалык жарандардын көзөмөлүндө же ээлигиндеги бардык мүлк менен финансылык активдерине арест салынат, алар тууралуу маалымат Чет элдик активдерди көзөмөлдөө офисине берилет. Буга кошумча камакка алынган мүлккө түз же кыйыр, 50% же андан ашык пайыз менен ээлик кылган башка юридикалык жактарга да арест салынат. Ал офистин мыйзамдык актылары америкалык жарандардын санкцияга киргендер менен кандайдыр бир мүлктүк же мүлккө байланышкан операцияларына катышуусуна тыюу салат. Ошондой эле “кара тизмеге” илинген адамдын кызматын көрүүгө, же ага кызмат көрсөтүүгө, каражат же товар менен камсыз кылууга, ошондой эле салым, каражат же товар алууга тыюу салынат.
WWW
Автор orozalieva
-
21.12.2013 / Автор Orozaly 100 самых богатых людей Кыргызстана.
-
-
22.12.2013 / Автор Orozaly САЛАТ “ЛЕШИЙ”
-
28.03.2019 / Автор aymak В ОШЕ ПРОШЛА ПРЕЗЕНТАЦИЯ КОНЦЕПЦИИ ЦИФРОВОЙ ТРАНСФОРМАЦИИ
-
-
Газета “Аймак”
О нас
Контактный адрес
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: город Жалал-Абад улица Ленина 17
Для отправки комментария вам необходимо авторизоваться.