Аймак

БАТКЕНДИКТЕРДИН 39,1 ПАЙЫЗЫ ШАЙЛООГО КАТЫШЫШТЫ

БАТКЕНДИКТЕРДИН 39,1 ПАЙЫЗЫ ШАЙЛООГО КАТЫШЫШТЫ

 777 total views

БАТКЕН. Борбордук шайлоо комиссиясынын  Баткен облусундагы Өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, добуш берүүгө шайлоочулардын  жалпы санынын 39,1 пайызы гана катышты.Тактап айтканда, 116 130 шайлоочу добуш беришти.

Булардын арасынан Баткен шаарынын шайлоочуларынын 39,2 пайызы, Баткен районунун 40,3 пайызы, Кадамжай районунун 38,4 пайызы, Кызыл-Кыя шаарынын 35,6 пайызы, Лейлек районунун 39,9 пайызы, Сүлүктү шаарынын 42,5 пайызы шайлоого дээрлик катышышты.

Ал эми референдумга Баткен облусунда 116128 шайлоочу добуш беришти.

БАТКЕН ЖЕРГЕСИНДЕГИ ШАЙЛОО ТИЛКЕЛЕРИНДЕ МЫЙЗАМ БУЗУУЛАР КАТТАЛГАН ЖОК

БАТКЕН. Баткен облусунда шайлоодон жана референдумдан кийин коомдук-саясий абал тыптынч.  

Шайлоонунун жүрүшүндө добуштарды сатып алуу, админстративдик ресурс сыяктуу мыйзам бузуулар, ошондой эле олуттуу кемчиликтер дегеле катталган жок. Ушул тапта коомдук тартип милиция кызматкерлеринин такай көзөмөлүндө.

 Борбордук шайлоо комиссиясынын Баткендеги расмий өкүлү Алишер Колдошовдун берген маалыматына караганда, облустагы шайлоочулардын 34 пайызы саясий өнөктүккө активдүү катышышты. Тагыраагы 100 906   шайлоочу добуш беришти.

Баткен облусунда жалпы шайлоочулардын саны 297миң 264. Ал эми шайлоо тилкелеринин  саны 217.

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Контактный адрес

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: город Жалал-Абад улица Ленина 17