Аймак

БАТКЕНДЕ БАЗАР БААЛАРЫНЫН ЖОГОРУЛАШЫНЫН СЕБЕПТЕРИ АНЫКТАЛЫП, АНЫ ТОКТООСУЗ ЖӨНГӨ САЛУУ ЖАГЫ КАТУУ ТАПШЫРЫЛДЫ

БАТКЕНДЕ БАЗАР БААЛАРЫНЫН ЖОГОРУЛАШЫНЫН СЕБЕПТЕРИ АНЫКТАЛЫП, АНЫ ТОКТООСУЗ ЖӨНГӨ САЛУУ ЖАГЫ КАТУУ ТАПШЫРЫЛДЫ

 1,020 total views

БАТКЕН. Базар бааларына мониторинг жүргүзүү, анын жөнсүз жогорулашынын себептерин аныктоо жана бааларды турукташтыруу, наркты себепсиз жана кескин жогорулаткан соодагерлер аныкталса, тийиштүү катаал чараларды көрүү боюнча Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу Өкүлүнүн тапшырмасына ылайык тийиштүү органдар тарабынан Баткен базарына атайын рейд жүргүзүлдү.

Рейддин жүрүшүндө Кыргыз Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик Агенттигинин облустук бөлүмүнүн, Экономика министрлигинин Баткен аймактык башкармалыгынын, Баткен шаардык мэриясынын, облустук ветеринардык дарт аныктоо жана экспертиза борборунун жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү базар бааларына  тыкыр абай салышты. Адистер малдын, эттин, мал азыктануучу жем-тоюттун,  көмүр, ун, жумуртка, өсүмдүк майы өңдөнгөн бир катар турмуш-тиричиликке абдан зарыл жана өтө маанилүү азык-түлүктөрдүн бааларын дыкаат текшерип, анын жогорулоо себептерин жеринде аныкташты. Кесипкөйлөр буга чейинки базар бааларына жүргүзүлгөн анализдин жана бул жолку рейддин жыйынтыгы менен базар бааларынын жогорулашынын себебин, инфляциянын негизинде жана дүйнөлүк кризис, пандемия, АКШ долларынын курсунун өсүүсүнө байланыштуу биздин өлкөдө эле эмес, дүйнө мамлекеттеринде болуп жаткандыгы менен түшүндүрүштү. Ошол эле учурда адистерин жүргүзгөн мониторингдин негизинде өлкөнүн башка аймактарына салыштырмалуу Баткенде эттин баасы 50 сомго арзан экендигин, эки айдан бери баа туруктуу гана сакталып тургандыгын дагы баса белгилешти.

Белгилей кетчү жагдай: биргелешкен рейддин жүрүшүндө соодегерлер малдын баасынын жогорулашын, жем жана тоюттун кымбаттоосу менен түшүндүрүшсө, ал эми малдын жем-тоюттары биздин аймакта  таптакыр өндүрүлбөй калгандыгын, өзүбүздү камсыздай албагандыктан, баары тең сырттан ташылып келип жаткандыгын айтышты. Мунун баары эттин кымбатташына алып келип жаткандыгын дагы жашырышкан жок. Ал эми ун, өсүмдүк майы, кум шекер жана башка азыктар дагы тыштан импорттолгондуктан, дүйнөдөгү каатчылыктын, пандемиянын, инфляциянын таасири Баткенде күч экендиги белгиленди. Ошондой эле көмүргө болгон баа сапатына жараша 8 сомго чейин сатылып жатканы айкындалды. Белгилей кетсек, жергиликтүү бийлик эл тарабынан суроо-талап жогору болгон көмүрдүн БР түрүн, 6 сом 50 тыйындан сатууну уюштурду.   

Соңунда жүргүзүлгөн иш-аракеттердин жыйынтыгы менен Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйшарым укуктуу Өкүлү Жаныбек Жалалов өзү таанышып, нарктын көтөрүлүшүнүн жүйөөлүү себеби, ун, өсүмдүк майы кум шекер сыяктуу азык-түлүктөрдүн, жадагалса мал азыктануучу жем-тоюттун башка мамлекеттен, же башка аймактардан импорттолуп жаткандыгын өзгөчө белгилеп, эң эле маанилүү болгон азык-түлүк продукцияларын өзүбүздө өндүрүү менен ички муктаждыкты жеңилдетүү, азык-түлүк коопсуздугунун алдын алууга максималдуу күч аракетти жумшоо зарыл экендигин эскертти. Ошондой эле 2021-жылдын түшүмү үчүн кылкандуу дан эгиндерин, күн карама, жүгөрү жана тоют аянттарын көбөйтүү тапшырмасын коюп, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ “АЙМАК”

Автор

Контактный адрес

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: город Жалал-Абад улица Ленина 17