Аймак

СУЗАКТА МИҢДЕЙ ЖЕТИМ БАЛАГА МАЙРАМДЫК КЕЧЕ УЮШТУРУЛДУ

СУЗАКТА МИҢДЕЙ ЖЕТИМ БАЛАГА МАЙРАМДЫК КЕЧЕ УЮШТУРУЛДУ

 900 total views

Сузак районунда миңдей жетим балага дастаркон жайылып, майрамдык кече уюштурулду.

Белгилүү болгондой, балдар Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондору, Жалал-Абад шаары жана коңшу Ош облусунун Ноокан районунан да келишкен.

Иш-чаранын уюштуруучусу Икрам Ахмедов балдарга дастаркон жаюусуна атасы жок баланын сөзү себеп болгонун айтат.
«Алгачкы жолу атасы же апасы жок жетим балдарга майрамдык дастаркон жайып жатабыз. Ушул кезге чейин мындай иш-чараны уюштуруу такыр оюбузга келбептир. Буга чейин Сузакта атасы жок баланын “жаңы жылда досторумдун аталары белек берет экен. Ал эми мага белек берчү атам жок” деп ыйлаганын көрүп, райондогу жеке ишкерлер, колунда бар адамдарга кайрылып, бул иш-чараны уюштурдук. Алгач 300 балага стол даярдап, белектерди камдаган болчубуз. Кийинчерээк балдардын саны миңге жакындады. Кошумча орундарды даярдап, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ар бирине белектерди бердик. Балдар Ноокен, Базар-Коргон, Сузак району, Жалал-Абад шаары жана Ош облусунун Ноокат райондорунан да келишти. Буйруса бул иш-чараны салтка айлантууну пландап жатабыз», – деди иш чаранын уюштуруучусу Икрам Ахмедов.

WWW

Автор

Контактный адрес

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: город Жалал-Абад улица Ленина 17