Аймак

СУЗАК: «КӨЧӨ» АТАЛЫШЫНДАГЫ АЛДЫН АЛУУ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

СУЗАК:  «КӨЧӨ» АТАЛЫШЫНДАГЫ АЛДЫН АЛУУ ИШ-ЧАРАСЫ ӨТКӨРҮЛДҮ

 1,038 total views

Сузак РИИБи тарабынан 22-23-июнь күндөрү район аймагындагы коомдук жайларда, көчөлөрдө укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулукка жол бербөө жана таажы илдетинин жайылышына бөгөт коюу максатында «Көчө» аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маыламатына ылайык иш-чарада жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жана коомдук алдын алуу борборлорунун өкүлдөрү, айыл башчылары менен РИИБдин МУУнун жана ЖИИнин кызматкерлери атайын түзүлгөн иш-мерчем боюнча иш алып барышты.

Алдын алуу иш-чарасы учурунда РИИБде катталып, КРнын КЖКнин 360-беренеси (эски редакция) менен айыпталып, издөөдө жүргөн 1998-ж.т. Т.С. РИИБдин ЖИИнин жана милициянын участкалык инспекторлору тарабынан кармалып УКЖга киргизилген. Ошону менен катар «Ээнбаштык» жана «Уурдоо» фактыларынын бети ачылып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Иш-чара учурунда РИИБдин кызматкерлери тарабынан бардыгы болуп бузуулар боюнча 28 протокол түзүлгөн. Андан сырткары жалпы 195 кожолук текшерилип, профилактикалык каттоодо турган атуулдар менен түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн.

Автор

Контактный адрес

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: город Жалал-Абад улица Ленина 17