Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- ВНИМАНИЕ! УВАЖАЕМЫЕ ЮРИДИЧЕСКИЕ И ФИЗИЧЕСКИЕ ЛИЦА!
1,039 total views Бүгүн, 24-июнда Москвада Жеңиш парады өтүп жатат. Экинчи дүйнөлүк согушта нацистик Германиянын жеңилишине арналган аскер парады жыл сайын салттуу түрдө 9-майда өткөрүлүп келген. Быйыл Путин коронавирус пандемиясына байланыштуу анын датасын жылдырууга аргасыз болгон. Бул иш-чара 1-июлга белгиленген референдумдун алдында өтүүдө. Конституцияга киргизилген толуктоолор колдоо тапса, Путиндин 2036-жылга чейин бийликте калышына жол ачылат. Москванын […]
1,040 total views Бүгүн, 24-июнда Москвада Жеңиш парады өтүп жатат. Экинчи дүйнөлүк согушта нацистик Германиянын жеңилишине арналган аскер парады жыл сайын салттуу түрдө 9-майда өткөрүлүп келген. Быйыл Путин коронавирус пандемиясына байланыштуу анын датасын жылдырууга аргасыз болгон. Бул иш-чара 1-июлга белгиленген референдумдун алдында өтүүдө. Конституцияга киргизилген толуктоолор колдоо тапса, Путиндин 2036-жылга чейин бийликте калышына жол ачылат. Москванын […]
ПУТИН ПАНДЕМИЯ МААЛЫНДА МОСКВАДА ПАРАД ӨТКӨРҮҮДӨ
24.06.2020 / Автор aymak1,041 total views
Бүгүн, 24-июнда Москвада Жеңиш парады өтүп жатат.
Экинчи дүйнөлүк согушта нацистик Германиянын жеңилишине арналган аскер парады жыл сайын салттуу түрдө 9-майда өткөрүлүп келген. Быйыл Путин коронавирус пандемиясына байланыштуу анын датасын жылдырууга аргасыз болгон.
Бул иш-чара 1-июлга белгиленген референдумдун алдында өтүүдө. Конституцияга киргизилген толуктоолор колдоо тапса, Путиндин 2036-жылга чейин бийликте калышына жол ачылат.
Москванын мэри Сергей Собянин буга чейин шаар тургундарын үйлөрүндө болуп, парадды теле аркылуу көрүүнү сунуштаган.
Орусиядагы бир нече шаар жетекчилери да парад өткөрүүгө камынып, бирок кийинчерээк бул чечимдеринен баш тартып же аны көрүүчүлөрсүз уюштурууну чечишкенин жарыялашкан.
Быйыл парадга Франция, Чехия, Хорватия жана Кытай президенттери катышууну пландаган. Пандемияга байланыштуу парад 9-майдан 24-июнга жылдырылгандан кийин алар сапардан баш тартышты. Ушул тапта ага Беларус, Казакстан, Молдова, Сербия, Тажикстан жана Өзбекстан президенттери катышууда. Москвага Эл аралык коомчулук тааныбаган Абхазия жана Түштүк Осетиянын жетекчилери жана Босния менен Герцеговинанын жамааттык президиумунун мүчөсү Милорад Додик да келди.
Кыргызстан президенти Сооронбай Жээнбеков аны Москвага коштоп барган делегация мүчөлөрүнөн вирус аныкталгандан кийин парадга катышкан жок.
www.
Автор aymak
-
21.12.2013 / Автор Orozaly 100 самых богатых людей Кыргызстана.
-
-
22.12.2013 / Автор Orozaly САЛАТ “ЛЕШИЙ”
Газета “Аймак”
О нас
Контактный адрес
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: город Жалал-Абад улица Ленина 17
Для отправки комментария вам необходимо авторизоваться.