Аймак

ТАЖИКСТАНДА МАЙ КУЮУ СТАНЦИЯСЫНДАГЫ ЖАРЫЛУУДАН СЕГИЗ КИШИ ЖАБЫРКАДЫ

ТАЖИКСТАНДА МАЙ КУЮУ СТАНЦИЯСЫНДАГЫ ЖАРЫЛУУДАН СЕГИЗ КИШИ ЖАБЫРКАДЫ

 1,434 total views

23-июнда Хатлон облусунун Яван районунда жайгашкан май куюучу станциядагы жарылуудан төрт жаран жана өрт өчүрүү кызматынын төрт жумушчусу жеңил жаракат алды. Бул тууралуу Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, 60 чарчы метрге жайылган өрттүн келип чыгышына «өрт коопсуздук эрежелеринин сакталбагандыгы» себеп болгон.

«Күйүүчү майды бензовоздон станцияга куюп жатканда өрт чыккан. Жалын башка идиштерге, анын ичинде 10 тонна суюлтулган газ бар челекке өтүп, жарылуу болгон», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Буга чейин да Хатлон облусунда май куюучу жайларда бир нече жолу жарылуу болгон. 2017-жылы Бохтар шаарындагы жарылуудан бир киши өлүп, май куюучу станцияга жакын жайгашкан үйлөрдө жашаган 21 киши жабыркаган.

Андан бир жыл өткөндөн кийин Курган-Төбө – Сарбанд жолунда да станция жарылып, эки автоунаа күйүп кеткен.

www.

Автор

Контактный адрес

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: город Жалал-Абад улица Ленина 17