Аймак

Мухаммед пайгамбардын аялдары

Мухаммед пайгамбардын аялдары

 85,541 Бардыгы /

Алланын буйругу менен адамзаттын жашоосуна ислам динин жайылткан акыркы пайгамбарыбыз Мухаммед болгону маалым. Анын баскан жолун, айткан осуяттарын, кылган ишин өрнөк кылып келебиз. Касиеттүү пайгамбардын жүрөгүнүн ээси ким болду экен? Кадимки адамдардай эле жеке жашоосу болгонбу? деген суроолордун түйүнүн чечмекке пайгамбардын аялдарына токтолууну туура көрдүк.

Хадижа Мухаммедге жолукканча биринчи күйөөсүнөн бир уул, бир кыз, экинчи жолдошунан дагы бир уул, бир кыздын энеси болгон. Курайшит уруусунан чыккан бай айымдардын катарын толуктап, бир топ араб эркектеринин кызыгуусун жараткан. Мухаммедди Сирияга соода кылууга ири өлчөмдөгү акча берип жиберет. Хадижанын ага кошулуп кеткен малайы жолдо болгон касиеттүү окуяларды айтып бергенде жана берген акчасы эки эселеп кайтып келгенде Мухаммедди жактырып калат. Дароо курбусу Нафисага барып ага жар болгусу келип жатканын кабарлайт. Анын жардамы менен өзү кырк, пайгамбарыбыз жыйырма беш жаш курагында никеге турушат. Ал Мухаммеддин бардык балдарынын апасы жана түбөлүк сүйүүсү боло алган. Ислам дининин таралышына да бар байлыгын курмандык кылган. Айша айым пайгамбарыбызды бир гана Хадижадан кызганарын билдирген.

Сауда – Мухаммед пайгамбардын «дин тутуучулардын энеси» наамын алып жүрүүчү экинчи аялы. Бул айымды 53 жаш курагында, башкача айтканда, Хадижа айым каза тапкан соң бир нече күндөн кийин аялдыкка алган. Эфиопияга ислам динин жайылтуу миссиясына алгачкы аттангандардын катарында болгон.

Айша 615-жылы алты жашында кудалап алган жаш аялы болгон. Айша айымды, расмий түрдө пайгамбарга канча жашында турмушка чыккандыгы тууралуу так маалыматтар жок. Кээ бир булактар тогуз жашында жубайы болгон десе, кээси 15-17 жаш курактарында деп божомолдошот. Айшанын ислам дининен билими жогору болуп, кайсы бир башкаруучу халифтин бийлигин тааныгысы келбей төө салгылашуусун баштап чыккан баатыр кыз болгон.

Хафса – ислам динин бала күнүнөн кабыл алып, жан-алы калбай күрөшкөн айымдардын бири. Хафсанын биринчи жолдошу салгылашта катуу жаракат алып көз жумган. Анын атасы Умар кызын ошол доордун халифтерине күйөөгө берүүгө ашыгат. Бирок алардан жарытылуу жооп келбегенден кийин Мухаммед пайгамбарга кайрылат. Пайгамбар Хафсаны аялдыкка алууга дароо макулдугун берип, өзүнүн кызын Усман халифке аялдыкка берген. Бул айым 60 жаш курагында Меккеде жарыкчылык менен коштошкон.

Зайнаб боорукерлиги жана муктаждарга кылган камкордугу үчүн “Умм Масакин” же “жардылардын апасы”титулун алган. Мухаммед пайгамбарга чейин биринчи жолдошу менен ажырашып кетсе, экинчи күйөөсү капырлар менен салгылашта каза тапкан. Хижранын (Мухаммед пайгамбардын Меккеден Мединага жер которуусу) үчүнчү жылында Зайнабдын уруусунун ислам динине болгон мамилеси дароо начарлап кеткендиктен пайгамбар Зайнабды аялдыкка алууну чечет. Бирок үлпөт тоюнан бир нече ай өтпөй бул аялы каза табат.

Жувайрия – мусталик уруу башчысынын кызы болгон. Хижранын 5-жылында мусулмандар мусталик уруусун багындырганда Жувайрия туткунга түшүп келет. Анын атасы кызынын эркиндиги үчүн Мухаммед пайгамбар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир нече төөгө айырбаштоону суранат. Бирок пайгамбарга байлык эмес, элдин ишеничи баалуу болгондуктан бул айымды жубайлыкка алууну туура табат. Жувайриянын пайгамбарга турмушка чыгуусу аз убакыттын ичинде жүз миңден ашуун үй-бүлөнүн ислам динин өз эрки менен кабыл алышын шарттаган.

Рамля – курайшит уруу башчысынын кызы болгон. Исламды кабыл алганча христиан динин тутунган. Биринчи жолдошу менен чогуу мусулман болууга бет алышат. Курайшит уруусун куугунтуктоо учурунда жолдошу күтүүсүз жерден кайрадан христиан динине өтүп кетет. Рамля жолдошунун бул кадамына нааразы болуп ажырашат. Өзүнүн атасы дагы христиан динин жактап кызынын чечимине каршы мамиле кылгандыктан Меккеге бара албай калат. Бул окуялардан кабар алган пайгамбар анын ислам динине болгон чексиз ишеничин баалап, аны аялдыкка алат. Бул никенин арты менен Мухаммед уруулар арасындагы чыңалууну басаңдата алган. Ал 70 жаш курагында дүйнө салган. Белгилүү болгондой, 65 хадис Рамляга тийиштүү.

Умм Салама – өз аты Хинд. Биринчи жолдошу ислам динин катуу тутунган адам болгон. Ал Ухуд шаарындагы салгылашта көз жумган. Умм Салама араб жесири аталып төрт ай, он күн аза күткөн. Атактуу араб өкүлдөрү никелешүүгө колун сураганда макул болбой койгон. Ал эми пайгамбардын сунушун четке кага алган эмес. Анын үч баласы болгон, төртүнчү баласын пайгамбар менен никелешкенден кийин бир аз убакыт өткөндө төрөгөн. 84 жаш курагында дүйнө салган. Аалымдардын айтымында, Курандын 33-сүрөөсү Умм Саламанын үйүндө жазылган.

Райхана маалымдоолорго караганда, пайгамбардын туткуну болгон. Мухаммед пайгамбар ислам динин кабыл алууну сунуштаганда алгач каршылыгын билдирген. Бирок кийинчерээк мусулман болгондугун жарыялаган соң коё берилген дешет. Ал пайгамбардын аялдарынын ичинен эрте көз жумган. Өзү динчил такыбаа, боорукер жана мээримдүү адам болгон.

Сафия – иудей уруу башчысынын кызы. Анын атасы Мухаммед пайгамбарга каршы күрөштүн башында тургандардын бири эле. Сафия ажарлуу жана акылдуу болгондуктан бир топ араб жигиттери колун сурап кайрылышкан. Биринчи жолдошу белгилүү араб акыны менен мамилеси көпкө узабай экинчи нике курууга аргасыз болгон. Атасы менен жоокер жолдошу пайгамбарга каршы кутумда өлтүрүлүп, кызы туткундалып Мухаммеддин алдына барат. Сафияны көргөн пайгамбар мусулман болуусун же өз дини менен кетүүсүн сунуштайт. Күңдүктөн бошотулган Сафия пайгамбар менен өмүр сүрүүнү каалап 17 жаш курагында ага турмушка чыккан.

Маймуна. Өз аты Барра болгон, пайгамбарыбыз аны Маймуна деп атаган. Мухаммедге чейин эки жолу турмушка чыгып, биринчисинен ажырашып, экинчисинен жесир калган. Маймунага үйлөнгөндөн кийин пайгамбар эч ким менен никеге турган эмес. Белгилүү болгондой, 70 хадис анын урматына багышталган.

Мария. Пайгамбардын бул аялы тууралуу эч бир жерде так маалымат жок. Кээ бирлери “жөн гана күңү болгон” дешсе, кээси “Египет башкаруучуларынын атынан пайгамбарга эжеси менен бирге белекке келген” деп божомолдошот. Мухаммедге Ибрахим деген уул төрөп берген. “Пайгамбар чексиз сүйүнүп, уулун колунан түшүрбөй көтөрүп жүргөн” дешет. Бул бактылуулукту көрө албаган жана пайгамбардын сүйүүсүн кызганган аялдары Хафса жана Айша кутум уюштурушуп, натыйжада Мария менен пайгамбардын ысык мамилеси ыдырайт. Көп өтпөй уулу Ибрахим бир жарым жашында катуу оорудан чарчап калат. Мария болсо айыкпас оор илдеттин айынан жарыкчылык менен кош айтышат.

Ызаат ТУРГУНБАЕВА

Булак: Леди.kg

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17