Аймак

Табияттын дары өсүмдүгү – ит мурун

 31,797 Бардыгы /

Табияттын дары өсүмдүгү - ит мурун

Аңкыган гүлү менен жаратылышка көрк берип, мөмөсү адамдардын организмин чыңдаган ит мурунга анча деле маани бербейбиз. Көптөгөн ооруларга дарылыгы бар бул өсүмдүктү табигый дармек деп койсок болчудай.

Курамы: ит мурундун курамынан 14-60 грамм суу, 1,6-4 грамм белок, калий, кальций, магний баш болгон минералдык заттарды, В1, В2, РР, К, Е жана С витаминдерин кезиктирүүгө болот. Аталган жемиштин курамындагы С витамини карагаттыкынан 5-10, лимондон 40 эсе көбүрөөк.

Мөмөсү: ит мурун кан айлануу системасын тазалап, зат алмашууну жакшыртат. Анын мөмөсү аз кандуулукта, цинга, боор жана бөйрөк ооруларында дары катары сунушталып келет. Ал сийдикти чыгаруучу, дене табын түшүрүүчү, баш ооруну жазуучу жана табитти ачуучу касиетке ээ болгондуктан ал медицинада да кеңири колдонулат.

2 аш кашык кургатылган ит мурундун мөмөсүн майдалап, ага 2 стакан кайнак сууну куюп 6-8 саат тыныктырып коёсуз. Тыныккан соң сузуп алып балдарга 1 стаканды төрткө бөлүп берүү керек. Ал эми чоңдор 1 стакандан ичсе болот. Бул маңызды бир күндө 3 маал ичүү дене табын түшүрүүдө, бөйрөктө ташы барларга жана боор ооруларында сунушталат. Тамыры: бул өсүмдүктүн тамыры кандагы холестеринди азайтууда жакшы каражат болгондуктан ал кан басымы жогору болгондорго, аз кандуулук менен ооругандарга жана денесинин бир ыптасы кыймылдабай калгандарга сунушталат.

1 аш кашык ит мурундун тамырына 2 стакан кайнак суу куюп, жай отко 15 мүнөт кайнатасыз. Ал кайнап чыккан соң бир аз тыныктырып, андан соң марлиден өткөрүп, жылуу кезинде бир күндө 1 стакандан бир жума ичесиз.

Уругу: ит мурундун уругунан майлуу кислоталар менен витаминдерге толгон майды бөлүп алат. Ал май жаратты айыктырууда жана суук тийгенде колдонулат. Мындан тышкары бала эмизип жаткан энелердин эмчегинин учу кесилип кеткенде жакшы натыйжа берет. Ал үчүн 1 чай кашыктан күнүгө эки маал ичип туруу керек. Эгер иче албайм десеңиз, анда кесилген жерге сүйкөп жүрүңүз.

Ит мурун кимдерге сунушталбайт? Кант диабети барларга, жүрөк ооруларга, ашказанында жарасы барларга, гастрит менен ооругандарга ит мурунду колдонууга болбойт.

Даткайым ДОСМАТОВА

Булак- http://lady.kg/

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17