Өлкө аймактары менен кубаттуу
- ticket title
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
3,562 Бардыгы / Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу жана эмгектин ардагери Акматбек КАЧКЫНБАЕВ. 1925-жылы 10-майында Токтогул районунун Үч – Терек айылында жарык дүйнөгө келген.Үй-бүлөдө 6 бир тууган болгон.1941–жылыУлуу Ата Мекендик согушка16жашында өзүнөн 2 жаш улуу агалары менен согушка кеткен. Согушту Воронеж шаарында (Украина) да баштаган. 2 айлык (развет) чалгындоокурсун бүтүп 16 – армиянын разветчиги болуп алдынкы […]
3,563 Бардыгы / Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу жана эмгектин ардагери Акматбек КАЧКЫНБАЕВ. 1925-жылы 10-майында Токтогул районунун Үч – Терек айылында жарык дүйнөгө келген.Үй-бүлөдө 6 бир тууган болгон.1941–жылыУлуу Ата Мекендик согушка16жашында өзүнөн 2 жаш улуу агалары менен согушка кеткен. Согушту Воронеж шаарында (Украина) да баштаган. 2 айлык (развет) чалгындоокурсун бүтүп 16 – армиянын разветчиги болуп алдынкы […]
Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата: БИЗ АТАБЫЗ МЕНЕН СЫЙМЫКТАНАБЫЗ!
09.05.2020 / Автор anarkan_kg

3,564 Бардыгы /
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу жана эмгектин ардагери Акматбек КАЧКЫНБАЕВ.


1925-жылы 10-майында Токтогул районунун Үч – Терек айылында жарык дүйнөгө келген.Үй-бүлөдө 6 бир тууган болгон.1941–жылыУлуу Ата Мекендик согушка16жашында өзүнөн 2 жаш улуу агалары менен согушка кеткен. Согушту Воронеж шаарында (Украина) да баштаган. 2 айлык (развет) чалгындоокурсун бүтүп 16 – армиянын разветчиги болуп алдынкы катарда жүрүп, чалгындоо милдетин аткарган.Штабка баалуу согушка керектүү материалдарды берип турган. Украина,Польша,Венгрия шаарларын аралап фашисттик баскынчылардан бошотууга, ошондой эле Берлинди штурмалоого катышып Берлинди алгандыгы тууралуу медалы менен 1945 – жылы май айында сыйланган. Өзүнөн кийин Улуу Ата Мекендик согушка аттанган улуу агасы Качкынбаев Абдымамбет Житомирский областында 1942-жылы катуу салгылашууда эрдик көрсөтүп каза болгондугу тууралуу телеграмманы атабыздын колуна командири тапшырган. Бул окуяны кайгыруу менен эскерип калчу.


1945-1946-жылдары ошол учурда Украинадан чыккан “Черный – Кошка Бандеровцы” деген (бандага ) уюмга каршы күрөшкөн 1946-жылы Сталинден “Ыраазычылык кат” алган. Согушка көрсөткөн эрдиги үчүн 2 жолу “За отвагу Ушаков”, “Отечественной войны ” деген медалдар менен сыйланган. 1946-жылы күз мезгилинде октябрь айында мекенине кайткан. Улуу Жеңиштин 40-50-60-жылдыгына арналган юбилейлик төш белгилеринин ээси болгон.
Согуштан кийин Токтогул районунун РАЙПОсунда председатель болуп эмгектенген. 1954-жылы Жалал-Абад Зооветеринардык техникумга тапшырып, ветеринар специалисттигин ийгиликтүү аяктаган. Группада старстолук милдетти аткарган.


Өз эмгек жолун алгач Торкент колхозунда башкы ветеринардык врач, Шопоков колхозунда башкы ветеринардык врач, Үч-Терек совхозунда башкы ветеринардык врач, уй ферма№4 бөлүмүндө башкарма, жылкы ферма болуп үзүрлүү эмгектенген. “Социалдык эмгектин жеңүүчүсу” жана “Эмгек ветераны” деген медалдар менен сыйланган. Ошол учурдагы КПБКнын биринчи катчысы Усубалиевден “Ыраазычылык кат” алган. 2005-жылдын 11-ноябрь айында дүйнөсалган.


Апабыз Мамбеткожоева Жамиля менен 4уул 3 кызды татыктуу тарбиялашты. Уул-кыздары өздөрү тандап, алган кесиптерин аркалап эмгектенишүүдө. Уулу-Жолдошум Качкынбаев Сайфудин Акматбекович
Жалал-Абад шаарынын “Ардактуу Атуулу”, Саламаттык сактоонун “отличниги” төш белгисинин ээси. Учурда Жалал-Абад облустук клиникалык оорукананын статистикалык бөлүмүн жетектейт. Кесиби-врач.
Азыркы учурда Качкынбаев Акматбектин 37 небереси, 57чебереси, 1кыбырасы бар.






“Ата Мекенге Улуу Жеңишти алып келген атабыз менен ар дайым сыймыктанабыз! Атабыздын жаркын элеси элинин, уул-кыздарынын небере-чөбөрөлөрүнүн эсинде түбөлүккө сакталат!” – деп келини Жумагүл Шералиева эскерет.
Жумагүл Шералиева Жалал-Абад шаарынын Жолболду Болотов атындагы №21 орто мектебинин профсоюз уюмунун төрайымы, кыргыз тили жана адабияты мугалими.
Маалыматты даярдаган: Максат МАМАСЫДЫКОВ, Жалал-Абад шаардык профсоюз комитетинин алдындагы ЖКнин төрагасы
Автор anarkan_kg
-
-
-
24.02.2025 / Автор anarkan_kg 21-ФЕВРАЛЬ – БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮ
-
16.02.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНЫН 2026-ЖЫЛГА БЮДЖЕТИ 1 МЛРД. 587,7 МЛН. СОМ ДЕП БЕКИТИЛДИ
-
16.02.2026 / Автор anarkan_kg КОЧКОР РАЙОНУНДА МЫЙЗАМСЫЗ ЖЕР ТИЛКЕЛЕРИ МАМЛЕКЕТКЕ КАЙТАРЫЛДЫ
-
-
19.02.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ-АЛАЙЛЫКТАР: «АЛАЙ РАЙОНУНУН КАРА-СУУДАГЫ АНКЛАВЫНА АЙЛАНДЫК!”
-
-
10.03.2025 / Автор anarkan_kg Сүйүнбай ЫСАКОВ: “КАРА-СУУНУН МУГАЛИМДЕРИНИН 90 ПАЙЫЗЫ – АЯЛДАР!”
Маек
Атиш АЗИМБАЕВ: “КАРА-КУЛЖАЛЫКТАРДЫН 16,7 ПАЙЫЗЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТА ЖАНСАКТАШАТ”
Соңку тапта Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районун 18 636 кожолук байырлайт.…
-
19.05.2025 / Автор anarkan_kg Камчы ТӨРӨЕВ: “ЖЕҢИШБЕК ЖЕҢИШТЕРГЕ ШЫКТАНДЫРДЫ!”
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.