Аймак
Аймак
ЖАРЫЯ-ЖАРНАК / РЕКЛАМА
ticket title
ЖАЛАЛ-АБАД ЖАНА СУЗАК ИШЕНИМ НОМЕРЛЕРИ
Сейдикум айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Достук айыл өкмөтү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
КРдин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
«КЫРГЫЗГИДРОСПЕЦСТРОЙ» ААКтын АКЦИОНЕРЛЕРИНИН ЭСИНЕ!
«ШАМАЛДЫСАЙАЙЫЛКОМОК» ААКтын АКЦИОНЕРЛЕРИНИН ЭСИНЕ!
«ТОКТОГУЛСУУКУРУЛУШ» ААКтын АКЦИОНЕРЛЕРИНИН ЭСИНЕ!
«ЖАЛАЛАБАДКУРУЛУШ» ААКТЫН АКЦИОНЕРЛЕРИНИН ЭСИНЕ!
«БУУДАН» ААКтын АКЦИОНЕРЛЕРИНИН ЭСИНЕ!
Управление аграрного развития Сузакского района ОБЪЯВЛЯЕТ КОНКУРС
Сузак райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгы СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
Тогуз-Торо райондук маданият бөлүмү СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
«ТАШКУМЫРФАРМ» ААКтын АКЦИОНЕРЛЕРИНИН ЭСИНЕ!
Ноокен райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ
«АК-БУЛАК» ААКТЫН АКЦИОНЕРЛЕРИНИН ЭСИНЕ!
«УСТА» ААКтын АКЦИОНЕРЛЕРИНИН ЭСИНЕ!
ЖАРЫЯ
Жалал-Абадского областного управления Судебного департамента при Верховном суде Кыргызской Республики ОБЪЯВЛЯЕТ КОНКУРС
Жарыя

ПАСПОРТ АЛУУНУН ЖОЛДОРУ ( жана төлөмдөрү)

ПАСПОРТ АЛУУНУН ЖОЛДОРУ ( жана төлөмдөрү)

2,635 просмотров всего, 3 просмотров сегодня

Паспорт – биздин азыркы коомдо эң керектүү документ. Кайда барба, кайсы жумушка орношпо бардык катмарда жаныбызда ушул паспорт кошо жүрөт эмеспи. Калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнө баш баксак, ар түрдүү жарандарды учураттык. Бири жаңы гана паспорт алууга камынып жатса, экинчиси алмаштырып, дагы бири чет өлкөгө чыгуучу паспортун жаңылап жаткан болот. Технология заманында улам адамдарга жеңилдиктер жаралып келе жатканы маалым. Паспорт алуу үчүн да мурункудай ары-бери чуркоо деген жок го эсе. Анда паспортуңуз жараксыз абалга келип же мөөнөтү аяктаганда, аты-жөнүңүздү өзгөртүүнү көздөгөнүңүздө, жоготуп алган учуруңузда кандай документтерди алып барышыңыз керек? Төлөмдөрү кандай болот? Бул сыяктуу суроолорго Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин Жалал-Абад шаардык паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Гулзина Исмаиловадан жооп алынды. Кошумчалай кетсек, өлкөбүздө 1994-2004-2017-жылдардын үлгүлөрүндөгү паспорттор колдонулуп келет.

 

2017-ЖЫЛДЫН ҮЛГҮСҮНДӨГҮ ID-ПАСПОРТТУ АЛУУ ҮЧҮН ЗАРЫЛ ДОКУМЕНТТЕРДИН ТИЗМЕГИ:

-16 жашка толгондо туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө —  калктын бирдиктүү маалымат реестринде (КБМР) маалымат болбогон учурда; арыз ээсинин жарандыгын аныктоо үчүн ата-энесинин (камкорчунун/көзөмөлчүнүн) же ата-энесинин биринин (экинчиси болбогон учурда) паспорттору же жалпы жарандык паспорту керектелет.

-Өз убагында документтештирилбеген учурда (18 жашка толгон жана андан улуу куракта) туулгандыгы тууралуу күбөлүк же туулгандыгы тууралуу актылык жазуудан көчүрмө алып келесиз.

-Эгер сиз 2017-жылдын үлгүсүндөгү (көк түстөгү) паспортту алмаштырсаңыз алмаштырылып жаткан паспортту гана алып барасыз. Калган документтер калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнө тиешелүү.

-2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортуңуз жоголгон учурда — жоголгон паспортуңуздун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө арыз жазууңуз керек.

АЛ ЭМИ 2004-ЖЫЛДЫН ЖЕ 1994-ЖЫЛДЫН ҮЛГҮСҮНДӨГҮ ПАСПОРТУН АЛМАШТЫРУУДА, ЖОГОЛГОН УЧУРДА:

Эгер сиздин 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуңуздун колдонуу мөөнөтү аяктаганда же өзүңүздүн каалооңуз менен алмаштырууну көздөсөңүз анда алмаштырылып жаткан паспортуңуз же актылык жазуудан көчүрмө жетиштүү.

Ал эми 2004-жылдын же 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортуңуз жоголгон болсо, жоголгон паспортуңуздун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспортту берүү жөнүндө арызыңыз, анда кайсы жерде, качан жана кандай жагдайлардан улам паспорттун жоголгондугу көрсөтүлүүсү шарт. Анан да туулгандыгыңыз тууралуу күбөлүк же туулгандыгыңыз тууралуу актылык жазуудан көчүрмө керек болот.

Калктын бирдиктүү маалымат реестринде катталганыңыз тууралуу маалымат болбосо, жогоруда аталган документтердин негизинде 2004-жылдын жана 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортун жоготуу тууралуу дело түзүлөт. Жоголгон паспорттун ордуна 2017-жылдын үлгүсүндөгү паспорт берүү жөнүндө арыз 5 жумуш күндүн ичинде каралат. Жоготуу жөнүндө делону түзүү жана жүргүзүү тартибин ыйгарым укуктуу орган аныктайт.

ЖАЛПЫ ЖАРАНДЫК ПАСПОРТ АЛУУДА ДОКУМЕНТТЕРДИН ТИЗМЕГИ:

-Эгер сиз 16 жашка толгон жаран болсоңуз туулгандыгыңыз тууралуу күбөлүк же туулгандыгыңыз тууралуу актылык жазуудан көчүрмө керектелет.

-Сиз жалпы жарандык паспортуңузду визалык белгилер үчүн барактары бүткөнүнө, колдонуу мөөнөтү аяктаганда, жеке маалыматтары өзгөргөнүнө же жалпы жарандык паспортто жаңылыш менен жазылган жазуулар аныкталганына байланыштуу кайра алмаштыруу мүмкүнчүлүгүңүз бар. Аны үчүн алмаштырылууга тийиш болгон жалпы жарандык паспортуңуз жетиштүү.

 

ПАСПОРТ АЛУУНУН ТӨЛӨМДӨРҮ:

е-ID карттын баалары: алмаштыруу үчүн – 260 сом, алгачкы жолу алуучуларга -260 сом, жоготуп же бузуп алгандарга – 260 сом, аты-жөнүн өзгөртүүнү каалагандарга – 290 сом болсо, этникалык кыргыздар үчүн 260 сомду түзөт.

Тез аранын ичинде алуунун баасы (е-IDкарт): 8 күн ичинде – 1030-1060сом, 4 күн ичинде – 1340-1370 сом, ал эми 2 күн аралыгында 1630-1660сом.

Чет өлкөгө чыгуу паспортунун баасы: алмаштыруу үчүн – 590 сом, алгачкы жолу алуучуларга -530 сом, жоготуп же бузуп алгандарга – 730 сом, аты-жөнүн өзгөртүүнү каалагандарга  – 630 сом болсо, этникалык кыргыздар үчүн 530 сомду түзөт.

Тез аранын ичинде алуунун баасы: 8 күн ичинде – 1970-2030сом, 4 күн ичинде – 2250-2310 сом, ал эми 2 күн аралыгында 2580-2640сом.

 

ЧЕТ ӨЛКӨГӨ ЧЫКЧУ 16 ЖАШКА ЧЕЙИНКИ ЖАРАНДАР…

Чет өлкөгө чыгуучу 16 жашка чыга элек адамдарга баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнө КРдин жарандыгы бар экенин ырастоочу кошумча барактардын ордуна (буга чейин өлкөнүн жарандыгы бар экенин ырастаган кошумча барак берип келишкен) 3 жылга  КРдин жаранынын жалпы жарандык паспорту берилет. Аталган мыйзам 16 жашка чыга элек жарандарды республиканын чегинен тышкары мыйзамсыз чыгаруу тобокелдигин жоюу максатында Өкмөттүн буйругунун негизинде ишке ашууда.

КЫРГЫЗ ПАСПОРТУ ДҮЙНӨЛҮК ПАСПОРТТОР РЕЙТИНГИНДЕ…

Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту 2019-жылы дүйнөдөгү таасирдүү документтердин рейтингинде 76 орунду ээледи. Таасирдүүдокументтер рейтинги Henley&Partners компаниясы тарабынан жыл сайын 200 өлкөнүн паспорттору боюнча өткөрүлүп  турат. Аталган рейтингдин сап башында Жапониянын паспорту турат.Казакстан паспорту 67 оорунду ээлесе, Өзбекстандын жана Тажикстандын паспорттору 80 орунду ээлеген.

Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Архив

ПнВтСрЧтПтСбВс
      1
3031     
     12
       
  12345
6789101112
       
      1
3031     
    123
45678910
       
 123456
78910111213
28293031   
       
      1
30      
   1234
567891011
       
1234567
22232425262728
293031    
       
     12
17181920212223
       
  12345
6789101112
       
2930     
       
    123
45678910
       
    123
45678910
25262728   
       
 123456
78910111213
28293031   
       
     12
31      
   1234
567891011
       
293031    
       
     12
       
  12345
6789101112
20212223242526
       
      1
16171819202122
3031     
    123
45678910
11121314151617
       
 123456
78910111213
28293031   
       
      1
30      
   1234
567891011
       
   1234
567891011
262728    
       
1234567
293031    
       
    123
45678910
       
  12345
27282930   
       
      1
3031     
    123
       
 123456
78910111213
28293031   
       
     12
31      
   1234
567891011
       
293031    
       
     12
       
  12345
6789101112
       
  12345
6789101112
2728     
       
      1
3031     
   1234
       
282930    
       
     12
31      
   1234
12131415161718
       
1234567
891011121314
15161718192021
293031    
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
1234567
15161718192021
22232425262728
29      
       
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
30      
   1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 
       
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930    
       
     12
3456789
31      
  12345
13141516171819
2728293031  
       
15161718192021
22232425262728
2930     
       
    123
18192021222324
       
  12345
6789101112
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031     
      1
232425262728 
       
   1234
       
293031    
       
     12
       
  12345
       
2930     
       
    123
       
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031   
       
      1
30      
   1234
       
78910111213
14151617181920
282930    
       
     12
31      
     12
2425262728  
       
  12345
       
      1
23242526272829
3031     
    123
18192021222324
252627282930 
       
 123456
78910111213
14151617181920
28293031   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      
  12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930   
       
      1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30      

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17