Өлкө аймактары менен кубаттуу
МАНАС ШААРЫНДА 150 КАРЫЯГА БЕЛЕК ТАПШЫРЫЛДЫ
- ticket title
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ОБЪЯВЛЕНИЕ О ПРОВЕДЕНИИ ТЕНДЕРА
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
1 Бардыгы / «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасында (ЖЭТИ) өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүү жана кызматкерлердин өрт кырсыгы болгон учурда ыкчам аракеттенүү жөндөмүн жогорулатуу максатында өрткө каршы тактикалык машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.Иш-чара Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте уюштурулуп, ага жакынкы […]
2 Бардыгы / «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасында (ЖЭТИ) өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүү жана кызматкерлердин өрт кырсыгы болгон учурда ыкчам аракеттенүү жөндөмүн жогорулатуу максатында өрткө каршы тактикалык машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.Иш-чара Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте уюштурулуп, ага жакынкы […]
ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
02.10.2026 / Автор anarkan_kg3 Бардыгы /
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКнын филиалы Жалал-Абад электр тармактар ишканасында (ЖЭТИ) өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүү жана кызматкерлердин өрт кырсыгы болгон учурда ыкчам аракеттенүү жөндөмүн жогорулатуу максатында өрткө каршы тактикалык машыгуу өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган ишкананын маалымат кызматы билдирди.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрткө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте уюштурулуп, ага жакынкы төрт райондогу электр тармактарынын кызматкерлери тартылды.
“Өрт чыккан учурда эң биринчи милдет — адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу. Андан соң электр жабдууларын коопсуз абалга келтирип, электр энергиясын тиешелүү тармактар боюнча ажыратуу жана өрттүн жайылышына жол бербөө боюнча чаралар көрүлөт. Өрткө каршы кызмат келгенге чейин энергетиктер кырдаалга жараша алгачкы аракеттерди туура жана ыкчам аткара билиши керек,- дейт ЖЭТИнин ишенимдүүлүк жана коопсуздук техника кызматынын башчысы Байкадыр Саидов.
Анын белгилөөсүндө ишканада акыркы жылдары техникалык база жаңыланып, коопсуздук талаптары күчөтүлүп, кызматкерлердин кесиптик даярдыгын жогорулатууга багытталган окуу-машыгуулар үзгүлтүксүз өткөрүлүп келет.
«Ишкананын тарыхында мындан 12–13 жыл мурда ири өрт кырсыгы катталган. Бүгүнкү күндө техникалык жаңылануулар, коопсуздук талаптары жана үзгүлтүксүз өткөрүлүп жаткан окуу-машыгуулардын негизинде мындай кырдаалдарга даярдык бир топ жакшырды. Ошол эле учурда ар кандай күтүүсүз кырдаалга даяр болушубуз керек», -деп кошумчалады Б.Саидов.
Машыгуунун жүрүшүндө ӨКМдин өрткө каршы күрөшүү кызматынын адистери тарабынан кызматкерлердин аракеттерине баа берилип, өрт коопсуздугу боюнча өрт өчүрүүчү каражаттарды жана керектүү материалдык-техникалык жабдууларды жетиштүү көлөмдө камсыз кылуу, ошондой эле өрт өчүрүүдө колдонулуучу атайын көбүк түзүүчү каражаттарды кампада сактоо боюнча сунуштар берилди.
Жалал-Абад электр тармактар ишканасы үчүн мындай практикалык машыгуулар кызматкерлердин даярдыгын текшерүү менен гана чектелбестен өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, адамдардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, электр жабдууларынын коопсуз иштешин камсыз кылуу багытындагы окуу- түшүндүрмөлөр ар бир жумуштун алдында жана ар жума сайын атайын окуулар өткөрүлүп турат.






“Аймак”
Автор anarkan_kg
-
-
-
19.09.2026 / Автор anarkan_kg ОРТОК ТОКОЙ ЧАРБАСЫНДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР ВАЗ-2107 АВТОМАШИНА МЕНЕН СЫЙЛАНЫШТЫ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg ЖЭТИде ӨРТКӨ КАРШЫ ТАКТИКАЛЫК МАШЫГУУ ӨТТҮ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg 5-ОКТЯБРДА БИШКЕКТЕГИ МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕЛЕР ОНЛАЙН ИШТЕЙТ
-
02.10.2026 / Автор anarkan_kg КЫРГЫЗСТАНДЫН БИРИНЧИ СПУТНИГИ ОРБИТАГА ЧЫГАРЫЛДЫ
-
-
-
04.06.2026 / Автор anarkan_kg «БАЛА ЫРЫСЫ» ЖӨЛӨК ПУЛУНА АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ 1-ИЮЛДА БАШТАЛАТ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.