Аймак

АШИРА АКЫН КЫЗЫБЫЗДЫН ЫР КУРЖУНУНАН

АШИРА АКЫН КЫЗЫБЫЗДЫН ЫР  КУРЖУНУНАН

 1,881 Бардыгы /

Ашира Кулишева 1981- жыл 6- ноябрда Өзбекстанда Касансай районунда төрөлгөн.Улуту кыргыз. Жалал -Абад областынын, Ала Бука районуна караштуу Кара- Үнкүр айылына келин болуп түшкөн. Кесиби мугалим. Кара -Үнкүр орто мектебинде биология сабагынан мугалим болуп иштейт. Үй бүлөлүү. 1 кыз, 2 уулдун апасы.

Ашира акын кызыбыздын ыр куржунунан сиздер үчүн ыр тартуулайбыз.

***

… Азыр  сизге кыйын  болуп жаткандыр,

Жан дүйнөңүз  жанчылгандыр ызага.

Ысык кофе… дилден сүйлөп төгүлүп,

Бийлейлиби..?  Чакырамын музага…

Азыр  сизге  эч ким жакпай жаткандыр,

Айткан сөзү оор тийип ар кимдин.

Улуу максат – чыңалткандай ынтымак,

Ызазы окшош адам керек деп билдим.

Азыр сиздин маанайыңыз жок чыгар,

Турмуш жүгүн улам –улам арткандыр…

Жашоо кыска, өмүр өксүк болбосун,

Күндү эстейли чексиздикке баткан  бир.

Ашира

Сиз улуусуз

Сиз улуусуз, таланттуусуз ашынган,

Мен тартынчак, кыялкечмин жашымдан.

Бакыт балын тартуу кылың өзүмө,

Айлансынчы акыл кетип башымдан…

Сиз токтоосуз, олуттуусуз жөндөмдүү,

Мен ыймандуу, айтып басам келмемди.

Арзуу кылгам, сүйүүңүздү арнаңыз,

Адашсынчы арман – ыза мендеги…

***

Жоготтум, кайра таптым,

Жоготкон өмүр баркын.

Жолобой качкан кезде,

Жогорку билдим наркын.

Ыйладым, кайра күлдүм,

Ыйманга жакын жүрдүм.

Ылдамы кандай күлүк,

Ырайы ачык күндүн.

Сүйүлдүм, сүйүп калдым,

Сүлүктөй жакын бардым.

Сүрдөнттү улуу сезим,

Сүйрөлгөн араң жанды.

Узаттым, кайра күттүм,

Уурдадым кайрат күчтү.

Урматым сизге болгон,

Узартат жазды, күздү.

====== ======= =====

” Мен аялмын “

Мен аялмын! – Жаш баладай эркелөөнү жактырган,

Кайра – кайра айта берип, керегин да таптырган.

Жумуш менен майда -чүйдө, алек болуп жүрсөда,

Буйрук берип жүрөгүнө, мээримдүүлүк бактырган.

Мен аялмын! -Өз ичине сыр сандыгы катылган,

Кээде турмуш кыстап турса, эрктүүлүккө батынган .

Назик сезим, күлкү сүйгөн, гүл каалаган жүрөгү ,

Тунук сүйүү, ачуу сыноо -бир мезгилде кабылган.

Мен аялмын! – Үлбүрөгөн ак жоолугун салынган,

Түрдүү кырдаал, жагдайларга- этияттык камынган.

Далай жолу үмүт менен ой кыялы- жанчылса,

Кыялына – бир топ мүнөз, акылдуулүк камтылган…

Ашира Кулишева

Кара -Үңкүр айылы.

06.03.2018

======== ========== ========

Таптым сени

Таптым мен бакытымды сөздөрүңдөн,

Табылды издегеним көздөрүңдөн.

Турмушум түп тамыры кең жайылып,

Туруктуу боло түштүм өзгөрүүдөн.

Оорутбай көңүлдөгү караңгылык,

Ойлорум ак тилектен жаратылып.

Ордолуу дүйнө тегиз, көркөм сулуу,

Он сегиз миң катмарлуу аалам тунук.

Айнектей бир кири жок асманымда,

Алдейлейт жер энемди басканымда.

Арзыган жылдыз болчу айың болом,

Адашкым келбейт сени тапканымда.

Таптым мен бир өзүңдү сүйүп калып,

Таш боорум талкаланды сынып барып.

Тагдырым тапшырганда сени мага,

Таалайлуу болдум өзүм күйүп жанып.

***

Атакем

Абайлап кийип көрүп бут кийимин,

Акырын кайра чечип коёр элем.

Асманга мени атакем көтөргөндө,

Ааламдын бакытына тоёр элем.

Эшиктен үшүп келсем, сары тону,

Жылытса кыткылыктап кайра күлгөм.

Таба албай жылуулукту ошондогу,

Жашоодо көптөн бери үшүп жүрөм.

Камкордук – кан жанына сиңген атам,

Карааны көрүнгөндө чуркайт элем…

Кандайлыгым карегимен билген атам,

Сизчелик мен өзүмдү билбей жатам.

Ашира Кулишева

Бопбоз чаң жаайт, айылдагы калаага,

Музоо мөөрөйт – энесинен адашкан.

Бир бурчунан көзүм көрүп дүйнөнү,

Мен ааламга тарып, сыйбай баратам.

Столбалар кайкайышат бөлүнүп,

Теректерден, дарактардан ыраакта.

Чоң жолдогу дөңгөлөктөр сүйрөгөн,

Боз чаң ээрчийт албууттанып шарактап.

– Көчөңөрдөн өтпөдүбү таргыл уй,

Муйузу чоң, пешенеси ак кашка?

Төлгө салып пайгамбардын жолуна,

Кээ бир жандар ишенишет ак ташка.

Чыз- чыз этип желиндерди тарткылап,

Ак сүт түшөт көбүктөнүп чакага.

Чарт- чурт эте от чыгара, тай тору,

Ташка чалат, күч келтире такага…

Боз чаң жаап, саргайыңкы илеби,

Колот турат, сары чапан кийгени.

Согушу күч бир жүрөктүн сезимин,

Шаардык жандын кыйын экен билмеги.

Жүрөгүмдүн тилеги

Билдирбей үнүн созуп сезимдерим,

Бийиксиз, ара жолдун белиндемин.

Жек көрүү же жактыруу деле эмес,

Тек кана сыйлашуунун теңиндемин.

Карындашым эмес эле Карлыгачым, — деген сөздү уккум эле келет менин.

Өзүмө өзүм айтып -“Жеңилбегин”,

Бул жашта сүйүүгө көп берилбегин.

Деген менен, бир күндү карыз алып,

“Агатай сизди сүйөм”- келди дегим.

Бир күндү акылымдан карыз алып,

Жүрөгүмө баш ийгим келди менин…

Ашира Кулишева.

Сиз

Жүрөгүмдүн бийлигине баш ийип.

Сапырылган ой санаада түйшөлдүм.

Канча ирет сүйөрүмдү айта албай,

Мен да сизден токтоолукту үйрөндүм.

Жан дүйнөмдүн жаңырыгы басылбай,

Жашоодо мен жарты айдай өңдөнөм.

Болду – дегем, өз эркимди чектейин,

Мен да сизден күттүрүүнү үйрөнөм.

Көңүлүмдүн көнөктөлөт көз жашы,

Көмүскөдө айтылбаган сөздү деп.

Көпкө чейин күтө берүү үчүн да

Көктүк керек, көрөңгөлүү болуу эп…

Акылымдын аксаганы – маанисиз,

Дешсе дешер -“тарбиясыз, таалимсиз”.

Мага бакыт – бир өмүргө жетиштүү,

“Сүйөм сени”- деп айтсаңыз эгер,сиз.

Ашира Кулишева

Алсызмын…..

Сизде оюм, кыялым да, сиз деп гана жүрөмүн,

Көөдөнүңүз толтосуна келет менин түнөгүм.

Сүйбөсөңүз эгер мени, чын жүрөктөн жактырып,

Селсаяктай тентек чалыш, шериги жок бирөөмүн.

Сөлөкөттөй сезими жок, жандуумун да жансызмын,

Кызыл тамыр жүгүрсө да, ысыгы жок кансызмын.

Мага деген “жүрөк төрү” бош болбосо чын эле,

Көздөрүнөн жашы тамган, бир бечара алсызмын.

Жактырыңыз жандай көрүп, мен ошондо сулуумун,

Сымбатына суктандырган ажарлуумун, нурлуумун.

Сүйүүңүздөн сүзүп күндө таң алдында бир убак,

Мүрөк суусун ичкен сымал, акылдуумун улуумун…

Ашира Кулишева

Көрдүм сизди

Көрдүм сизди,

көпчүлүктүн ичинен,

Салам айтып,

шыбырадым ичимен.

Көрөмүн деп,

туйган элем чын эле,

Түндө кирген,

уюткулуу түшүмөн…

Кадамдарым,

тык токтоду басылбай,

Бараттыңыз,

жайбаракат шашылбай.

Уйгу – туйгу

ойлорумдун багыты,

Желге учту,

бириндеген чачымдай.

Көзүм менен,

узатамын каламын,

Көрдүм болду,

жүрөгүмдүн талабын.

Нурга дагы,

шаңга дагы бөлөндү,

Төгөрөктүн

төрт бурчундай тарабым.

Ашира Кулишева.

***

Тамдан бүгүн тамчы өттү, түзөттүм,

Тамабы ?- деп, карап дагы күзөттүм.

Тагдырымдын тамчылары көзүмдөн,

Тамып жатат, өзүң келип түзөткүн.

Көрүнбөгөн шамал күчөп болгонун,

Күзгү сынды алмаштырып оңдодум,

Көңүлүмдүн айнеги да сыныптыр,

Көзүң көрсө, келип өзүң оңдогун.

Жарык өчтү, …чагылганды карагын,

Жарты билик чырагыма кададым.

Жан дүйнөмүн жарыгына түн түшсө,

Жарык берип, жалгыз өзүң жарагын.

Терек сынып, тегирменге кулады,

Терип шагын, …тегирменди уладым.

Темтеңдетип тириликти жүргүзбөй,

Теңселгенде, өзүң жашоо улагын.

Тентиген ой, тентиретпей карадым,

Тепчип -тешип теменеде жамадым.

Тегеренип башым эгер айланса,

Тездик менен тешиктерди жамагын.

Үзүлгөндү улап, кайра жыйнадым.

Үмүт үзбөй үшүп далай кыйналдым.

Үзүк – үзүк сөздү уксаң, эгерде…

Үйүр албай, үйүбүздү жыйнагын.

Тааныш тагдырлар

Ашира Кулишева

Сизге айтсам болобу, агатайым?

Аруу кыздын арзуусун, абал жайын,

Таттуу кыял алып учкан ал ансайын.

Аяп көңүл, жүрөгүнө бекем каткан;

Сырын айтсам болобу, агатайым…?

Албууттанат сезимим көргөн сайын,

Мага шерик сыяктуу көктө, айым.

Ашыктыктын сөздөрүн көздөрүмөн,

Сизге айтсам болобу, агатайым?

Каректерим кадалып калат дайым,

Мен жөлөнүп, шуудурап турат кайың.

Эч ким билбес, эскирбес сезим менен

Сизди сүйсөм болобу, агатайым?

Баё сезим, балалыктай таза сүйүү,

Сизге арнасам болобу, агатайым…?

Бар бекен жазды сагынган?

Жылуулук сезген абыдан,

Жаздагы сейил багынан.

Кусага баткан, барбы өзү?

Мага окшоп жазды сагынган.

Алгачкы сүйүү кабылган,

Айыпка батып жаңылган.

Ашыктык сезим алдында,

Бар бекен жазды сагынган?

Элестеп, эстеп өпкөнүн,

Аңгыча жамгыр төккөнүн.

Алгачкы сүйүүн сагынып

Күткөндөр барбы көктөмүн?

Ээрчишкен бакыт жанынан,

Чыкчуудай жүрөк кабынан.

Билемин ал да мага окшоп,

Зарыга жазды сагынган…

Ашира Кулишева.

Ала-Бука району.

Жалпы алып карасак:

Дүйнөгө баш баккандай

Жардыланып жан дүйнөбүз,

Кейиштартыпжаткандай.

Чарыгына  чалынган  биз  болдукго?

Чалчаңдаган  эрке бала баккандай…

Койсок болот

Болуп өткөн, иштен кийин мактанбай,

Өлтүрдүкго өмүрлөрдү-

Билсек дагы  сактанбай.

Турмуш  сыноо, тагдыр чечим,

Болсо  анда – сабырын –

Жаратканым өзү  сынап жатканбы ай?

Жууса керек  чаң каптаган бактарды,

Жамгыр жааса – жалбырактуу шактарды.

Тазалайбыз  кантип анан

Көкүрөктө көгөргөн-

Көз жаш менен  жуулбаган дактарды?

Төгүлгөн кан, көздөрдөгү муңкайгы,

Үмүт айтат: – «учурда кыш,

Күткөн жакшы жаз, жайды».

Жомок кылып айтып берчи

Алаксыйын бирдемге,

Терезеден  шоола чачкан

Акшамдагы кут айды…

Ашира КУЛИШЕВА

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17