Аймак

ДАБААСЫ ЖОК ДАРТ

 3,089 Бардыгы /

Бир  класста  окуп ,бир  туугандай  болуп калган   классташтарды тагдыр  буйруп  дагы  жолуктурду.  Түзөлбөөчү татаал  дарты бар  бейтапканаада  экөө  жатчу. Биринин  жатуучу  керебети дубалга кадалып коюлуп  жанына керек  учурда, зарыл  болгондо мед  айымдарды   чакыруу үчүн  атайын  басма  кнопка орнотулган эле. Ал эми  экинчисинин керебети  терезенин жанына  кадалып  коюлган  болчу.  Бир  нече  айдан  бери  чогуу  бир бөлмөдө сүйлөшүп  гана  жатышчу , ордуларынан  туралбай…

Кар себелеп , айлана теребел   апапакай болуп  турганын, жымжырттык  өкүм сүрүп жатат, күн жылт  дей  түштү , жаз  келери  жакындаганы, жолдон  кандай  түстөгү  машиналар  өтүп  жаткандыгын,  ишке  жумушка  шашылып  бараткандарды,  бала  бакчага  жетелеп  балдарын  бактылуу  бараткандарды, улан  кыздардын күлкү аралаш  сүйлөп  бараткандарын, мектепке карай  жүгүргөндөрдү терезенин  алдындагы  керебеттеги  бейтап экинчисине  айтып  берчү.  Кайра  эле зеригип  баштаганда  кечки убак болгонун, чарчоо  баскан  жүздөрдү , сумка, сетка  көтөргөн  ата –энелер жөнүндө тынбай саймедиреп  классташына  айтып  берип  жатчу    Жадагалса ошол  сеткалардын  ичинде  мээрим  менен  сүйүнүп  алган  балдарына  арналган , балким  ал  кичинекей  топтур  же таттуулардыр  деп  болжошчу  классташтар…

Бир күнү ошол  терезенин алдындагы  классташы  жүрөгү  түйүлүп кармап  калды . Үч бүктөлүп  жатып  мыжыгып  оруган  орууга  чыдай  албай  жанында  жаткан  бир  туугандан  артык  көргөн  классташына  кнопканы  басып  мед  айымдарды  чакырып  беришин  суранды.  Ал  чакырбай  койду . Мерездик  менен  укмаксанга  алды өзүн. Жалынып  суранды  көздөрүнөн  жаш  куюлуп  жатты . Ал  жаштар  өмүрдү  кыялбай  жаткандыгы үчүн эмес  балким  кимдин ким  экенин  тааный  албагандыгы  үчүнбү  же досунун  жан дүйнөсү жабыркап  жалгыз  калышын  ойлоппу … ким  билет.   Көз  карашы  жаш  аккан  бойдон  каректерде  сакталып  калды .  Оба ошону  менен  көп  жылдан  бери  ич-ичинен  өзүнөн  бардык  жагынан  андан  бийик  сезилгени үчүн  ,  билими,  акылы , адамгерчиликтүүлүгү  жадагалса  сүйлөшүп  жүргөн  жигити ,  сулуулугу  үчүн өч  алды .Акыркы  жолу  жүрөгү жашоодон эле эмес  ишенген  досунан  да  көңүлү калып  муздашын  көргүсү  келди. Классташынын  кыйналганын  карап  туруп ,  ичинен  табалап  турду.  Көөдөнүнөн:  «-Эми мына мага карагандаөмүрдө  алсызсын , менден  төмөнсүң»- деди

Танда  атып мед айымдар  келгенде биринчи бейтап  эбак  муздап калган болчу.

Баягы  классташы : -« Ошол терезенин  алдына  мени  жаткыргыла» – деп  сабылып  суранып калды .

Орун которгон соң өзүнө ишене албай  бир демге   кирпик  какпай  делдейе түштү. Кандай  көз  менен  карабасын  терезеден  эчнерсе  көрүнбөдү. Бозоргон  калың  айнек  томсоргон  өзүн көрсөттү  көлөкөлөтүп. Эч  кандай  сулуу  табият , адамдар , жаш  балдар  , өспүрүмдөр жок , машиналар да жок. Бийик  урулган бетон  дубалга  кадалып  коюлган  калың  айнек  терезе бар экен  болгону …

Эми эмне  кылат.

Алтындарым :  -« Бир  адам  көлчүккө  карап  жылдызды  көрөт , башка бир  адам  көлчүккө  карап  көгөрүп кеткен  балчыкты  көрөт» -эмеспи.

Көрө  албастык  жылан  сымал  адамды  уулантат .  Абайлайлы  жан дүйнөбүздү агартайлы .

 

№30   Кара-Үңкүр  орто  мектеби, биолог  мугалими Кулишева.А Кара -Үңкүр айылы, Ала – Бука району.

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17