Өлкө аймактары менен кубаттуу
ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
МАЙЛУУ-СУУ ШААРЫНА ЖАҢЫ МЭР ДАЙЫНДАЛДЫ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
- СООДА-САТЫК (20.08.2024-ж.)
3,814 Бардыгы / Күн менен түн тогошкон 21-мартты чыгыш элдери Нооруз же “Жаңы күн” деп кылымдар бою белгилеп келет. Миңдеген жылдар өтсө да , бул майрамдын формасы да, маңызы да болгону болгондой сакталып , чыныгы элдик майрам бойдон калууда. Ушундай улуу күндүн шарапаты менен №3 Н.Орозалиев атындагы инновациялык орто мектебинин спорттук аянтчасында чоң салтанаттуу майрамдык кече […]
3,815 Бардыгы / Күн менен түн тогошкон 21-мартты чыгыш элдери Нооруз же “Жаңы күн” деп кылымдар бою белгилеп келет. Миңдеген жылдар өтсө да , бул майрамдын формасы да, маңызы да болгону болгондой сакталып , чыныгы элдик майрам бойдон калууда. Ушундай улуу күндүн шарапаты менен №3 Н.Орозалиев атындагы инновациялык орто мектебинин спорттук аянтчасында чоң салтанаттуу майрамдык кече […]
КУТ КОНГОН НООРУЗ МАЙРАМ –МЕКТЕБИМДЕ
06.05.2019 / Автор aymak

3,816 Бардыгы /
Күн менен түн тогошкон 21-мартты чыгыш элдери Нооруз же “Жаңы күн” деп кылымдар бою белгилеп келет. Миңдеген жылдар өтсө да , бул майрамдын формасы да, маңызы да болгону болгондой сакталып , чыныгы элдик майрам бойдон калууда.
Ушундай улуу күндүн шарапаты менен №3 Н.Орозалиев атындагы инновациялык орто мектебинин спорттук аянтчасында чоң салтанаттуу майрамдык кече болуп өттү. Майрамдык кечени тарых мугалими М.Жайлообаева Умай Эне болуп :
Алас, алас , алас,
Ар балээден калас.
Жер жарылып көк чыкты,
Желин жарылып, сүт чыкты.
Оо, жараткан !
Жакшылыгыңды аяба!
Кампабыз данга толсун,
Дасторконубуз нанга толсун.
Корообуз малга толсун.
Аксакалдарыбыз акылман болсун!
Келин –кыздарыбыз ыймандуу болсун!
Жигиттерибиз эр жүрөк баатыр болсун!
Өлкөбүздө тынчтык болсун!- деп аластоо жөрөлгөсү менен баштап берди. Майрамдык кечеге райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ч. Абдыкадырова жана билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Т. Өмүралиева, райондук ички иштер бөлүмүнөн адистер, медицина кызматкери , Балдардын билим берүү борборунун башчысы А.Сартмамбетова жана ата-энелер келип катышышты.
Аянтчага боз үй тигилип, казан асылып, кыз-жигиттер селкинчек тээп, улуттук кийим кийген мугалимдер жана окуучулар айланага көрк кошушту.
Мында баса белгилей кетчү нерсе, улуттук оюндардан : көк бөрү, эр эңиш, аркан тартыш, ордо оюну, кол күрөш, жоолук таштамай , балбан күрөш сыяктуу оюндарды мектептин окуучулары менен мугалимдер арасында кызуу мелдеш болду. Ошону менен бирге кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмө уюштурулуп, 9-б классынын окуучулары жана 9-а классынын окуучусу Кундузалиев Ахаттын өз колу менен жасаган кол өнөрчүлүгү келген меймандардын купулуна толду.
Майрамдык кеченин шаңына –шаң кошуп, мектептин таланттуу окуучулары тарабынан аткарылган ыр-бийлер жаңырды.
Кеченин аягында мыкты катышуучуларга жана класстарга Ардак грамоталар жана кызыктыруучу белектер тапшырылды.
Эмне демекчибиз, сөзүбүздүн аягында айтып кетчү нерсе, мындай иш чаралар мектептерде көп-көп уюштурулуп турса, ата-эне менен мектептин, окуучу менен мугалимдин , мугалим менен ата-эненин ортосунда ынтымак, сый-урмат орноп, окуучулардын мектепке болгон кызыгуусу күчөйт жана окуучулар патриоттуулукка тарбияланат деген ойдобуз. Бул иш чараны уюштургун мектеп директору Ү. Боронбаевдин жана мектептин класстан тышкаркы иштерди уюштуруу боюнча директордун орун басары Д. Эркинбаевдин эмгеги зор десек болот.
З.Маатова , №3 Н.Орозалиев атындагы инновациялык орто мектебинин кыргыз тили мугалими.






Автор aymak
-
-
-
22.12.2025 / Автор anarkan_kg ЖАҢЫ ЖЫЛ МАЙРАМЫН ТОСУУДАГЫ ӨРТ КООПСУЗДУГУ ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТАҢЫЗДАР!
-
04.04.2026 / Автор anarkan_kg БИШКЕКТЕ СПОРТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg ОШТО “АЛА-ТОО ЖАЗЫ” ФЕСТИВАЛЫ ӨТӨТ
-
03.04.2026 / Автор anarkan_kg МАНАС ШААРЫНДА ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ
-
-
10.04.2025 / Автор anarkan_kg КЫЗ-КЕЛИНДЕР АРАСЫНДА ВОЛЕЙБОЛ ОЮНУ БОЮНА СПОРТТУК МЕЛДЕШ ӨТТҮ
-
23.04.2025 / Автор anarkan_kg АВТОЭЭНБАШТЫК ЖАСАГАН АЙДООЧУГА 15 МИҢ АЙЫП САЛЫНДЫ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.