Өлкө аймактары менен кубаттуу
АКСЫДА УНАА ЖОЛДУ СЕЛ КАПТАДЫ
КАРКЫРА-МИСТЕ КАНАЛЫН ОҢДОО БАШТАЛАТ
МАНАС ШААРЫНДА ИРИ МАРАФОН ӨТТҮ
- ticket title
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион Сузак районунун С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Эргеш Алиев айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- СЫНАК Спорт мектеби
- КОНКУРС Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ С.Атабеков айыл өкмөтү
- ЖАРЫЯ Атабеков айыл өкмөтү
- КОНКУРС С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- АУКЦИОН С.Атабеков айыл өкмөтү
- Аукцион С.Атабеков айыл өкмөтү
- СУЗАК КАРЫЛАР ҮЙҮ ИШКЕ ЧАКЫРАТ
- Аукцион С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- КАБА ТОКОЙ ЧАРБАСЫ сынак жарыялайт
- Сынак САЙДЫКУМ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК 2 (20.8.2024-ж.)
16,118 Бардыгы / Сабактын темасы: Бүтүн сандар менен жүргүзүлүүчү арифметикалык амалдарды кайталоо. Сабактын тиби: өтүлгөн темаларды бышыктоо Сабактын методу: интерактивдүү Предмет аралык байланыш: информатика, кыргыз тил ж.б Сабактын жабдылышы: Проектор, плакат, таркатмалар Программалык каражаттар: MS Word, MS Power Point, Paint Сабактын максаты: а) Бүтүн сандар менен жүргүзүлүүчү арифметикалык амалдар боюнча алган билимдерин бышыкташат. б) арифметикалык амалдар […]
16,119 Бардыгы / Сабактын темасы: Бүтүн сандар менен жүргүзүлүүчү арифметикалык амалдарды кайталоо. Сабактын тиби: өтүлгөн темаларды бышыктоо Сабактын методу: интерактивдүү Предмет аралык байланыш: информатика, кыргыз тил ж.б Сабактын жабдылышы: Проектор, плакат, таркатмалар Программалык каражаттар: MS Word, MS Power Point, Paint Сабактын максаты: а) Бүтүн сандар менен жүргүзүлүүчү арифметикалык амалдар боюнча алган билимдерин бышыкташат. б) арифметикалык амалдар […]
САБАКТЫН ТЕМАСЫ: БҮТҮН САНДАР МЕНЕН ЖҮРГҮЗҮЛҮҮЧҮ АРИФМЕТИКАЛЫК АМАЛДАРДЫ КАЙТАЛОО
06.05.2019 / Автор aymak16,120 Бардыгы /
Сабактын темасы: Бүтүн сандар менен жүргүзүлүүчү арифметикалык амалдарды кайталоо.
Сабактын тиби: өтүлгөн темаларды бышыктоо
Сабактын методу: интерактивдүү
Предмет аралык байланыш: информатика, кыргыз тил ж.б
Сабактын жабдылышы: Проектор, плакат, таркатмалар
Программалык каражаттар: MS Word,
MS Power Point, Paint
Сабактын максаты: а) Бүтүн сандар менен жүргүзүлүүчү арифметикалык амалдар боюнча алган билимдерин бышыкташат.
б) арифметикалык амалдар катышкан мисалдарды чыгара алышат
в) мисал иштөө аркылуу математикалык тилде сүйлөөгө көнүгүшөт, топтордо иштөөдө бири-бирине жардам беришет
Күтүлүүчү натыйжа: а) Бүтүн сандар менен жүргүзүлүүчү арифметикалык амалдар боюнча алган билимдерин бышыкташса
б) арифметикалык амалдар катышкан мисалдарды чыгара алышса
в) мисал иштөө аркылуу математикалык тилде сүйлөөгө көнүгүшүп топтордо иштөөдө бири-бирине жардам беришсе
Сабактын жүрүшү:
§ Уюштуруу
§ Үй тапшырмасын текшерүү
§ Өтүлгөндөрдү бышыктоо үчүн көнүгүүлөр
§ Үйгө тапшырма берүү
§ Баалоо
v Уюштуруу: шыктандыруу, жагымдуу маанай тартуулоо.
Мугалимдин ишмердиги: саламдашуу, классты жоктоо, сабакка даярдыкты текшерүү, окуучуларды үч топко бөлүү
1. Натуралдык сандар
2. Нөлгө барабар сандар
3. Терс сандар
v Окуучулардын ишмердиги: саламдашат, сабакка даярданышат, үч топко бөлүнүшүп жайланышып отурушат
Үй тапшырсын текшерүү: арифметикалык амалдарды жазуунун эрежелери боюнча кайталап келүү болгон.
Мугалимдин ишмердиги: Мен силердин үй тапшырмасын аткарганыңарды төмөнкү мисалды жазуу менен текшерип алам:
6-14×-5=
Кайсы жеринде орчундуу каталар кездешет?
Туура айтасынар азаматтар!
Окуучулардын ишмердиги:
Окуучулар катасын табышып, жообун айтышат
1-катасы: 6-14×(-5)= терс сан кашаага алынып жазылышы керек
2-катасы: (6-14)×(-5)= туюнтма камтылган жери кашаага алынат
Мугалимдин ишмердиги:
Туура айтасынар азаматтар!Анда эмесе, өтүлгөн теманы бышыктоо максатында төмөнкү
MS Power Point программасында жасалган слайд-шоуга көңүл бөлөбүз:
Жыйынтыктап өтүлгөн темаларды бышыктоо үчүн көнүгүүлөр бөлүмүнө өтөбүз
v Өтүлгөндөрдү бышыктоо үчүн көнүгүүлөр:
Мугалимдин ишмердиги: үч топко мисалдар берилет. Алардын капитан командалары жоопторун доскада презентациялашат.
1-топко:
19 ×(−25)+(−7)(−14)=
2-топко:
45:(−5)+(−7)(−4) =
3-топко:
24+(−2)14+7×(−
Окуучулардын ишмердиги:
Окуучулар ар бир топто мисалдарды 3-4 жол менен чыгарышат:
1-топ:
19 ×(−25)+(−7)(−14)=-377
1) 19 ×(−25)=−475
2) (−7)(−14)= 98
3) −475+98=−377
2-топ:
45:(−5)+(−7)(−4) = 19
1) 45:(−5)=-9
2) (−7)(−4) = 28
3) −9+28=19
3-топ:
24+(−2)14+7×(−4)=-32
1) (−2)14=−28
2) 7×(−4)=-28
3) 24+(-28)+(-28)=24-28-28=-4-28=-32
Мугалимдин ишмердиги:
Күндөрдүн бир күндөрүндө үч сан “-71” “28”,”-55” жолдо баратышып адашып калышыптыр. Ал сандар даракка жашынып калган өздөрүнүн жол карталарын алыш керек. Ал үчүн биз жардам беришибиз зарыл. Кантип десеңер биз ал сандарды кандай арифметикалык амалдарды катыштырып мисал иштеп жыйынтыгын ушул сандарга барабар кылып чыгарсак анда алар картасын табышат
Окуучулардын ишмердиги:
1-топ жыйынтыгы -71 болгон мисалдарга токтолушат
Мисалы, -45-26=-71
28-99=-71
-121+50
2-топ жыйынтыгы 28 болгон мисалдарга токтолушат
Мисалы, -14×(−2)=28
30-2=28
56÷(−2)=28
3-топ жыйынтыгы -55 болгон мисалдарга токтолушат
Мисалы, -11×5=−55
-25-30=- 55
75-130=-55
Мугалимдин ишмердиги: Жыйынтыктап сандардын жол карталарын колдоруна карматып жөнөтүп алабыз да кайсыл топ кандай аткаргандыгын баса белгилеп, аларды баалайм.
v Үйгө тапшырма берүү: Бүтүн сандар менен жүргүзүлүүчү амалдар боюнча 5тен туюнтма түзүп келүү
v Баалоо: Окуучуларды үй тапшырмасын аткаргандыгына класстагы аткарган мисалдарына, иш-аракеттерине карата “3”, ”4”, “5” деген баалар менен баалайм.
Ала-Бука району №9 Т.Жоробаев атындагы орто мектеби математика-информатика мугалими Айжамал Чыныбекова
Автор aymak
-
-
-
27.04.2026 / Автор anarkan_kg ГЕНДЕРДИК ТЕҢЧИЛИК — УКУКТУК МАДАНИЯТТЫН НЕГИЗИ
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК ЭМГЕКТИ КОРГОО КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ
-
29.04.2026 / Автор anarkan_kg АКСЫДА УНАА ЖОЛДУ СЕЛ КАПТАДЫ
-
-
08.05.2025 / Автор Акбермет Орозалиевна ТОО КОЙНУНДАГЫ БОРБОРДО
-
26.05.2025 / Автор anarkan_kg БҮГҮН МЕКТЕПТЕРДЕ АКЫРКЫ КОҢГУРОО КАГЫЛАТ
-
13.06.2025 / Автор anarkan_kg ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЭЛЕКТР ЭНЕРГЕТИКА ДОЛБООРУ БОЮНЧА КООМДУК УГУУ
Маек
Нуркул МЫРЗАКУЛОВ: «ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ТРАНСПОРТ – ЖАШООБУЗДУН НЕГИЗГИ КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ»
Танып не. Бүгүнкү күндө энергетикасыз жана транспортсуз Адам жашоосун элестетүү…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17



You must be logged in to post a comment.