Аймак

КЫЙЫЛЫП ТУРАМ

КЫЙЫЛЫП ТУРАМ

 6,616 Бардыгы /

Сөзү: О. Султановдуку
Обону: К. Досмамбетованыкы
Жылкы айдап үрөң-бараңдап,
Жылганы бойлой бастырсам.
Жайлоонун салкын абасы,
Эркелей согуп астыртан.

Көңүлгө сиңген гүл жыты-ай
Көркөмү менен мас кылган.
“Ашуу-Төр” менен “Чолок-Төр”,
Эңседим сени сагынып.

Жадырап өскөн гүлдөрүң,
Жакама үзүп тагынып.
Обонун созсоң болушчу,
Аскадан чыккан жаңырык.

Тоодогу өткөн балалык,
Тобулгу чикит чабышып.
Бир күндө он жол урушсак,
Он жолу кайра табышып.

Куушуп оюн салчу элек,
Кулундар менен жарышып.
Ушинтип жүрчү күндөрүм,
Бүлбүлдөп узап баратат.
Мен тойбос жаштык кезимди.
Мезгилим колдон талашат.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17