Аймак

АК ТИЛЕК

АК ТИЛЕК

 5,996 Бардыгы /

Сөзү: А. өмүркановдуку
Обону: Т. Эшпаевдики
Ушул жылы акындар жакшы ыр жазсын,
Ушул жылы кыз-жигиттер кат алышсын.
Ушул жылы баласыздар бала көрүп,
Базар болуп үйлөрүндө бакылдашсын.

Ар кимдин кылган иши алга жылсын,
Ата-энесин сыйлабасты каргыш урсун.
Каржаңдаган карылык эшик какпай,
Кылымдардай жай жылып тура турсун.

Ар кимдин ойлогону ишке ашсын,
Ар ким турмушунан бакыт тапсын.
Онтогон оорулуулар ушул жылы,
Айыгышып арабызга аралашсын.

Ылайым гүлдөр чыгып, чөптөр жайнап,
Ырыстын ырын ырдап турса деймин.
Жаштын жары жаркылдаган ак куу болсун.
Алсыздар алдуу болуп күчкө толсун,
Быйылкы тоо гүлүнүн балына окшоп,
Кыргыз элдин жашоосу таттуу болсун.
Элибиздин жашоосу таттуу болсун!

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17