Аймак

Жаңылай КЕКЕЕВА

Жаңылай КЕКЕЕВА

 4,903 Бардыгы /

Адамзатка кайрылуу…

Ээ, адамзат, алсызмын деп ойлобо!

Көзүң көрөт, бутуң басат жолдордо.

Аргасыздан сыноо менен төрөлгөн,

Жандар жашайт биздин жалган жашоодо.

 

Ээ, адамзат, “акчам жок” деп кейибе,

Жаныңда бар жакындарың тизиле.

Бул дүйнөдө канча жетим күн көрөт,

Ата-энеси келерине ишене…

 

Ээ, адамзат, кулак салчы сөзүмө,

Байлыгыңды кошо көмбөйт көрүңө.

Андан көрө жакырларга жардам бер,

Мына ошондо барк аласың өзүңө.

 09.06.2016-ж.

 

“Жан дүйнөм жалгыз”

Айланамды каптаса да караңгы,

Жарыктыктан үмүт үзбөй келемин.

Жалган жашоо, кетирсе да айламды,

Мени күткөн жарык нурду сеземин.

 

Күндөр өтсүн, калам мен да жашыбай,

Эрким жетпейт бул күндөрдө калчудай.

Айласы жок, алсыз жандай олтурам,

Тагдыр берген сыноолорго мен сынбай.

 

Мейли кетсин, жашоомдогу адамдар,

Кантип айтпайм ичте болгон арман бар.

Мезгил өтүп, жылдар калсын артымда,

Адам бардыр мени дагы сагынаар…

02.08.2015-ж.

 

“АПАКЕМЕ”

 

Апакемдин колу болду бешигим,

Ачып берген жарык дүйнө эшигин.

Ааламда жок мээрим төккөн берекем,

Аман болчу, үмүтү келечегимдин.

 

Азыр турам ак кагазга ыр жазып,

Ал ырымда балалык менен сырдашып.

Алыстарда жүрөм кусага батып,

Аз күн калды, барам сага кырды ашып.

 

“Амансыңбы, кызым?” деген сөздү угуу,

Күндө мага чексиз бакыт тартуулайт.

Апакемдин мээримине теңдеш жок,

Ак сүтүнө эч бир нерсе татыбайт.

Апам менин, алтынга да теңебейм,

Ал андан да баасы жок бийик асылзат.

20.05.2016-ж.

 

Аксыма

 

Туулган жер – туулуп өскөн турагым,

Туулган жер – туусу бийик тумарым.

Төрөлгөм мен Кербенинде Аксынын,

Тоодон аккан суусун ичтим булактын.

 

Сагынамын, куса тартып дайыма,

Сары-Челек бермети бар айылымда.

Төрт мезгилде сулуулугун көрсөткөн,

Аксым менин жүрөгүмдө дайыма…

2016-ж.

 

“Коштошуу”

Сөзү : Жаңылай Кекееваныкы

Обону : Ильяз Абдыразаковдуку

Жаныңда турамын сөзүмдү айта албай,

Жалгандарды курамын сени мен аяй.

Жалгыздык аралында калсам мейли мен,

Көзүмдөн аккан жаштын себебин билем.

Жараланган куштай,

Жалгызмын мен учпай,

Жан дүйнөм ыйлап турат кетсең сен узай.

 

Кайырма:

Өзүңдү кармабайын мен,

Бактыңды байлабайын мен,

Өткөнгө кайрылбастан уча бер…

Жылмаям, жашыбаймын мен,

Жакшынын баары сен элең,

Жайнаган жүзүң кетпейт эсимден.

 

Акылдан адашкандай издейм жолумду,

Аргасыз сен башкага бердиң колуңду.

Ойлорум туңгуюкка камады мени,

Алыстап бизден кетти арзуу кемеси.

Жараланган куштай,

Жалгызмын мен учпай,

Жан дүйнөм ыйлап турат кетсең сен узай.

04.04.2016-ж.

 

“Балалыкка кайрылуу…”

Жазда жаздым, эргүү келди дүйнөмө,

Жашыл басты бак-дарактар бүрдөнө.

Жарыктыкты жаңы көргөн бөбөктөй,

Жыргап алдым күн жылмайып нур төксө.

 

Айланага суктанып мен бүтө албай,

Турам тиктеп чексиз көкмөк асманды.

Наристенин бактысына кубанып,

Калдым эстеп биз ойногон бакчаны.

 

Ээ, ал кездер бала кыял, секелек,

Жүргөнсүдүм азыр дагы эркелеп.

Апакемдин жумшак колун жетелеп,

Баскан күндөр кандай гана керемет…

06.05.2016-ж.

 

****

Көңүл дечи?! Анын баркын түшүнбөй,

Көргөнмүн мен бөлүнгөнүн бүтүндөн.

Көздө жашты сүртүп туруп жылмайдым,

Күлсөм кетчүдөй кайгы-капа жүзүмдөн.

 

Сезим дечи?! Сезбей туруп сүйүүнү,

Сен тараптан шамал жыкты гүлүмдү.

Сагынычка көнүп калган көрүнөт,

Сезген жандай жыйыштырып, бүгүлдү.

 

Баркта дечи?! Өзүң билбей анын баасын,

Өзгөнүн гүлүн тиктеп суктанасың.

Андан көрө суу себелеп бапестечи,

Жаныңдагы жыпарыңдын билип баасын.

06.05.2016-ж.

 

МЕНИН ОЮМ…

 

Жашоодо жалгыз эмесмин, жалгыз талдай,

Жанымда жакындарым турат баалай.

Жашоонун бир нугунан суудай толкуп,

Жашагым келип кетет жалгыз жандай.

 

Жашоомдо кызыктар көп, эл жетпеген,

Аларды ийгилик деп эсептейм мен.

Антсе да мен мактанып, асман карап,

Жүрбөймүн төш көтөрүп кээ бирлердей.

 

Адамзат сыйды билсе кубанамын,

Алладан жаркын жашоо суранамын.

Кыйын кезде мага алар колун сунса,

Миң эсе жакшылыгын кайтарамын.

 

Дүйнөмдө башка кыял жашап келет,

Жарышып адам неге шаша берет?

Ар кездин баалуулугун сезе бил деп,

Жанына жакын барып айткым келет.

 20.05.2016-ж.

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17