Аймак

САПАР

САПАР

 2,309 Бардыгы /

Жазгы жарыш күчөп калган маалында,

Сапар чектим Алайкууга калаадан.

“Базарлыгы жок тура!” деп таарынба,

Куржун толо ыр көтөрүп баратам.

 

Бирде тоого, бирде өргө агылам,

Тагдырым да өйдө-ылдый ушундай.

Жакшыга көп, жаманга аз кабылам,

Жолу шыдыр эркин тоонун кушундай.

 

Күзгү күрөш күчөп турган маалында,

Сапар тарттым айылыма калаадан.

“Базардыгы жок тура!” деп таарынба,

Куржун толо ыр артынып баратам.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, журналист

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17