Аймак

Бахрам АХМЕДОВ, Австралиядагы TRANSDEV TRANSPORT компаниясынын диспетчери: “БИЗДЕ ЭҢ АЗ БОЛГОНДО ЖУМАСЫНА 700 ДОЛЛАР АЙЛЫК АЛЫШАТ”

Бахрам АХМЕДОВ, Австралиядагы TRANSDEV TRANSPORT компаниясынын диспетчери: “БИЗДЕ ЭҢ АЗ БОЛГОНДО ЖУМАСЫНА 700 ДОЛЛАР АЙЛЫК АЛЫШАТ”

 5,231 Бардыгы /

Венадагы сувенирлерде “Австрия – кенгурунун мекени эмес” деген жазуулар бар. Анткени аны Австралия менен алмаштыргандар көп. Жер шаарында жай аптабы болгондо кыш болуп, кыш келгенде аларда жай болгон дүйнөдө эки гана өлкө бар. Анын бири Австралия. Ал дүйнөгө өнүккөн экономикасы, толеранттуу мүнөзү, анан албетте жогору да айткандай кенгурусу менен таанымал. Ал тургай эми Брисбен деген шаарына ааламдын ар бурчунан жумасына эки миңден ашуун адам агылып келип, туруктуу жашоого бел байлашат. Анткени ал шаар коопсуздук, жашоого ыңгайлуулугу боюнча жер шаарында экинчи орунда турат. Бүгүнкү биздин каарман так ушул Брисбенде жашап, иштеп жүргөн жердешибиз Бахрам Ахмедов. Ал ааламдын бул бурчуна кантип барып калганы жөнүндө кеп куруп, жаштарга кеңешин айтып өттү. Анда Жалал-Абаддын бир уулу – Австралияда.

КААРМАНЫБЫЗДЫН:

Жарандыгы – Австралия

Туулган жери – Жалал-Абад

4 баласы бар

1999-жылы Австралияга барган

Учурда Брисбен шаарында жашайт.

 

АТАМ ОКУБАСАҢАР ШАШЛЫК ЖЕЛПЕЙСИҢЕР ДЕЧҮ

Мен 1962-жылы азыркы Жалал-Абад шаарынын, ошол кездеги Сузак районунун Таш-Булак айылында туулгам. Орто мектепти Октябрдын 40 жылдыгы билим уясынан алдым. Азыр ал мектеп жок болуп кетишти окшойт. Мектепке барганда кичинекей бала элем, боюм өсө элек болсо да бирок окуп кеттим. Абдан оор басырыктуу элем, балдар менен да мушташпаптырмын. Мушташкан балдарды сыйлачумун. Жакшы окугандыктан көбүнө сабактан жардам берчүм, досторго сыйым бар эле. Мен менен урушушчу деле эмес. Ал жерде 8-класска чейин окудум. Анткени биздин мектеп 8 жылдык болчу. 9-10-классты кечки мектепке баруубуз керек эле. Ата-энем жөнөкөй адамдар болчу. Биз мектепте окуп калганда атам Мухемаджан Ахмедов Бухарага дин үйрөнүүгө окууга кетти. Мен беш бир туугандын улуусу элем. Чоң баласы катары үй-бүлөдөгү жоопкерчилик мага артылды. Ошентип турмушка эрте аралаштым. Ошондо үйдө дандырга нан жаба баштадык. Шырман жапчубуз. Мен 12 жаштагы жеткинчек элем. Окуусун бүтүрүп Ташкентте, Кашкар кыштакта, Ошто имам болуп иштеди. Анан Жалал-Абадка келди. Ал азыр китеп жазуу менен алек. Атам дин адамы болгон менен светтик билим албаса, астрономия, физиканы түшүнбөгөн адам Аллахтын кудуретин түшүнө албайт деп биздин жакшы окушубузга көңүл бурчу. Өмүр бою бизди окугула, билимдүү болгула деди. Биз мектепте окуп жүргөндө атам классыбызга кирип барып, сабагыбызга катышчу. Кийин мугалимдер менен биздин жетишкендик, кемчилдиктерибизди сүйлөшүп көзөмөлдөп тураар эле. Ал тургай классташтарыбызга “окугула, болбосо мектепти бүткөндөн кийин шашлык желпийсиңер” деп кеңешин айтчу. Журналистпи, инженерби, мугалимби кайсы кесипти болсо да окуш керек деген пикири бар эле. Ошондуктанбы жакшы окудум. Айрыкча математикадан дайым 5 алчумун. Райондук олимпиададан 1-орунду алганым эсимде. Максатыбыз жогорку окуу жайга билим алуу эле. Ошентип бала кез мектепке барып келүү, үйдө навайчылыкка жардам берүү болчу.  Апам Матлюба Ахмедова 2012-жылы ааламдан өттү.  Апам ыраматылык кимге болбосун жардам бергиси келип турган адам эле. Өзүнө тиешелүү нерсени да бирөөгө берген, башкаларга күйгөн керемет адам эле.

КАРАЖАТ ЖОК ОКУЙ АЛБАДЫМ

Ошентип мектепти аяктагандан кийин Ташкенттеги окуу жайлардын бирине Чыгыш таануу адистигине тапшыргым келди, бирок барып окууга каражат тартыш болду. Ошентип эки жыл Үйдөгүлөргө жардам берип жүрдүм. Кийин Маргиландагы медреседе билим алдым. Ал кездери диний окуу жайлар ачык эмес болчу. Кийин Жаңы-Жолдогу соода училищесинде окудум. Анан окууну бүтүп аскерге кеттим. Аскерде жүрүп ар бир эркек бала кызмат кылуу керек экендигин түшүндүм. Аскерди көргөн адам чыдамкай болот экен. Мектепте орус тилин үйрөнбөйт экенбиз, а аскерде тилди жакшы өздөштүрдүк. Мээнетти үйрөндүк. Кыйынчылык көрдүк. Баары көрүшү керек деп билем. 1983-жылы декабрда армиядан келдим, 1984-жылы январда Казарманда “Макмал” алтын комбинаты ачылып калды. Досторум ошол жакка навайчылыкты башташты. Алар менен кеттим. Тогуз-Тородо кыш оор, абдан катуу суук болот экен. Үйдөн алыс чыкканда адам сабырдуулукка, чыдамкайлыкка, өз алдынчалыкка үйрөнөт экен. Үйрөнүп кеттим. Кийин Жалал-Абадка келип чакан кино залды Жалал-Абадка ачып, бизнес баштадым. Бул шаардагы биринчи чакан кино зал болду. Анда 1987-жылдары эле. Окуу, билим алуу деген нерсе ойдон кетти. Жаш өтүп калды деп түшүнгөн экенмин. Бирок ката кылган экем. Көрсө эч качан кеч эмес экен. 35-40ка чыксаң деле окуудан чегинбеш керек турбайбы.

ОЙДО ЖОК ЖЕРДЕН АВТРАЛИЯГА КЕТТИМ

1988-жылы бир тойдо Насибаны көрүп, жактырып калдым. Анан апамды жибердим. Ошентип үйлөнүп өзүмчө турмуш баштадым. Алгач уулдуу болгондо абдан кубандым. Бирок уулбу, кызбы айырмасы жок экен. Тескерисинче кыз мээримдүүрөөк болот окшойт. Ошентип жалпы үч уул, бир кыздуу болдук. Нурлан деген бир досум менен бир кездери бизнес кылган жайыбыз бар эле. Кийин өз ишибизди улантып кеткенбиз. Арадан жылдар өтүп, көп жылдан кийин 1999-жылы аэропортко конокторду алып келип Нурланды көрүп калдым.  Бири-бирибизди жакшылап сурашып, эмне менен алексиң деп сүйлөшүп калдык. Ал “мен Австралия менен келишим түздүм, жүр чогуу баралы” деп калды. Ал кездери Австралия деген планымда жок эле. Негизи Жалал-Абадка Австралия жүзүмүн тигели деп бизнесмендер келген экен. Ошол боюнча келишим түзүп, макулдашууга бара жатыптыр. Макул болуп бизнес визага документтерди тапшырдык, 2 жумада чыгып калды. Биринчи Нурлан кетти, кийин мен ойдо түштө жок жерден жөнөп калдым.  Алардын бул жакка өстүрөлү дегенинен себеби, Австралияда кыш болгондо бизде аптаптуу жай болот эмеспи. Жүзүм үзгүлтүккө учурабасын деп, бул жактан өндүрөлү деп жатышкан экен. Алар башта Өзбекстанда жүрүп климатты, башканы изилдешиптир. Коңшуларда колхоз-совхоз болгондуктан жер ижарага көп бериле бербейт ко. Анан Кыргызстанга келишиптир. Баштагы келишим боюнча биз жер даярдамакпыз. Бирок ал жакка баргандан кийин бизге көп нерсени жүктөп койду. Анан баш тарттык. Нурлан Кыргызстанга келе берди. Мен мүмкүнчүлүк бар экенин байкадым да, иштеп көрөюүн деп чечтим. Соңунда жарандык алып калып кеттим. Биринчи барганда бардык жумушта иштеп көрдүм. Эки жылдан кийин Foxtel компаниясынын кабелдик бөлүмүнүн кызматкери болуп телекоммуникация тармагына жумушка кирдим. Бул индустрияга Жалал-Абадда кино зал ачканда кызыгуум артып калган эле. Мен бул дүйнөлүк чоң тармактын кызыктуу бөлүмү болгон кабель телеканалдарына кабель жасоо жагына орноштум. Ошол тармакта иштеп келем. Саясатты жактырам, дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө бардым. Көрө элек Япония менен Америка калды.

КЕНЖЕТАЙЫМДЫН МҮНӨЗҮ АВСТРАЛИЯЛЫК БОЛУП КАЛДЫ

Алгач 8 жыл Сиднейде жашадык. Ал шаар бизнес борбор десек болот. Жаштарга Сидней жакшы. Брисбенде улуулар ырахаттанып жашайт. Абасы таза, жагымдуу, унаа тыгыны жок. Шашкан киши көрбөйсүн, турмуш жай. Жолдор кеңири, деги көп жагынан ыңгайлуу. Кенгуруну күнүгө көрөбүз, тегерегибизде көп. Чоң жолдорго тор тартып койгондуктан өтө алышпайт, а эки тараптуу жолдорго кирип алышат. Күтүүсүз жерден чыгып калып айдоочулар сүзүп кеткен учурлар да болот

Мен баргандан кийин үч жарым жылдан кийин, 2002-жылы үй-бүлөмдү алып бардым. Ал арада мен ал жерге көнүп кетээрибизге, жашаса боло тургандыгына көзүм жетти. Анда улуу балам 13 жашта болсо, кичүүсү 2,5 жашта эле. Балдарымдын улуусу Аббас апасына окшош, көрүнүшү да, мүнөзү да. Кийинки уулубуз Асадулло менен  кызым Надира мага окшош. Жалгыз кызымды балдардан башкача көрөм, “Доллар кызым” деп эркелетип коём. А кенжетайыбыз Бакир Австралиялык мүнөз болуп калыптанып калды. Алгач англисче үйрөнүштү, анан мектепке бара башташты. Австралиянын жараны катары билим алуу балдарыма акысыз болду. Алар менен биздин билим берүү система таптакыр айырмаланат экен. Мен улуу балдарым мектепке барып жүргөндө убактым жок болду. Жумушка барам, чарчап келем. Кийин кичүү балам мектепке барганда “математикадан күчтүү элем карап көрөюнчү” деп анын алгебрасына үңүлсөм эч түшүнө алган  жокмун. Бир эле математика илими аларда башкача тартипте өтүлөт экен. Мен андай теңдемелерди эч көрбөгөм.

Улуу балам мектепти аяктаганда архитектор болгусу келди. Бирок мен ага “100дөн бир гана ийгиликтүү архитектор болот, сен инженер-электрик бол” деп кеңеш бердим. Азыр окуу жайды бүтүрүп иштеп жатат. Экинчи уулум да дипломун алып жакында эле ишин баштады. Ага да мен жөндөмүнө карап кесип тандоосуна жардам бердим. Анын киши менен тил табуусу, мамиле күтүүсү жакшы, “адамдын ичине кирип кетет” ошон үчүн аны  реалтер бол дедим. Мисалы Австралияда үй сатсаң өзүң сата албайсың, сөзсүз реалтерге кайрыласың. Жаңы курулуп бүткөн үйлөрдү да ошолор сатат. Аларга жумуш жакшы табылат. Кызымды окуу десек, Жалал-Абадка келип бирөөнү жактырып калган экен, турмушка чыгып кетти. Эми буйруса жакында Австралияга барышат.

КУРАНДАГЫ ЖАЗЫЛГАНДАРДЫ АЛАР АТКАРГАНДАЙ

Австралиялыктардан үйрөнө турган нерсе абдан көп. Биздин Куранда жазылган бирок мусулмандар аткара албаган көп нерсени алар жасашат. Хадисте айтылгандай бир адам экинчисине жылмайып кароосу да сооп болот эмеспи. Бирок бизде адамдар аны жасабайт. Салам берүү бул жакта калсын, жылмайбастан өтүп кетебиз. Алар дайыма сылык. Тартип бар. Айдоочулар бири бирине сый мамиле кылышат. Автобуска чыкканда да биринчи келгенди кийинкиси күтүп турат, жулкунушпайт. Алгач барганымда мага жардам берип менден мурда оозунуп “рахмат” дешкендерине көнө албай жүрдүм. Анан мен жардам берсем да “рахмат” дебейсиң дешет. А мен айтам, жардам берип жатпаймбы сен ыраачызылык билдиресиң да” деп тартышам. Алар маданияты ушундай, “рахмат” көп колдонулчу сөз. Кийин мен да үйрөнүп кеттим. Көрсө бул туура экен, адамдар бири бирине сылык болуп, жакшы мамиле кылса анын эмнеси жаман же туура эмес. Керсейүү аларда жок адат. Мусулмандарга шарт жакшы, мечиттер бар. Куран курстары бар. Паранжа кийгендерге да тыюу жок. Адал эт саткан, ал тургай Дубайга экспорттогон компаниялар бар.

Брисбен өзү кичине эле шаар. Көпчүлүгү кичи райондордо жашайбыз. Мэни деген жерде соода борборун курганы жатышты. Ал жерде 200 жылдык чоң дарак бар эле. Мэрия соода борборунун ээлерине шарт койду, даракты 20 метрге көчүрөсүн деди. Кандай көчүрөт ал анын маселеси. Анан компания 160 000 долларга көчүртүрдү. Аларга акча маанилүү эмес, картайып калган болсо да дарактын кыйылбашы абдан маанилүү. Мындай көп жыл жашаган өсүмдүктөрү менен токойлору кол тийгис сакталат. Брисбен мына ошонусу менен да сыймыктанат.

ЖАЛГЫЗ БОЙ ЭНЕЛЕРГЕ ӨКМӨТ ҮЙ, ЖӨЛӨК ПУЛ БЕРЕТ

Биздин континентте ата-энеси иштесе, иштебесе балдарга жөлөк пул берилет. Жалгыз бой энелерге өкмөт үй берет же батирде жашаса мамлекет төлөйт. Балдарына 18 жашына чейин жөлөк пул, өзүнө жумушсуздугуна жөлөк пул берет.

Австралияга кантип барса болот деп көптөр сурап калышат. Мен алардан сурайм, эмне кыла аласың, тил билесиңби деп. Баарын жасай берем дешет. Аларга айтам бардык нерсени эмес бир нерсени профессионалдык деңгээлде бил. Курулушта иштегендерди айтып калышат кафель коём, боёк менен сырдайм, дубалдын шабыган жасайм, үйдүн үстүн жабам деп. Жок, андай болбойт.  Бир ишти бил, анын устасы бол. Жаштарга айтаарым, окугула, окуй албасаңар бир өнөрдүн устасы болгула дейм.

Австралияда азыр эң көп зарыл болгон адистер бухгалтерлер. Англис тилин, бухгалтерияны билсе барса болот. Программисттерге да жумуш көп.  Австралияда айлык акылар жумасына эң кеминде 700 доллардан. Андан тамак-ашка 200, жатаканага 200 коротсоң, үч жүз доллар жаныңа калат.

Быйыл январда атамды Австралияга алып барайын деп жатам. Бир туугандарымды колумдан келишинче колдоп келем. Менден жардам сураган бир тууганымбы, таанышымбы эмнеге деп сурайм. Тойго десе колдоо көрсөтпөйм. Билим берүүгө кол сунам. Бир карындашым Душанбеге түшкөн, анын уулу азыр Екатеринбургга курстарды ачып, бизнес баштаптыр. Тажикстандан баргандарга орус тилин үйрөтүп, сертификат берет экен. Аракетин абдан баалайм, ыраазы болом. Ал мага окшогусу келет экен.

Өзүм дайыма туулган мекениме жайда келем. Ал жакта күн салкындап, кыш келип калат. Кыш деп коюшат бирок жаан чачыны, катуу шамалы болбосо кар жаабайт. Жалал-Абаддын коон, дарбызын сагынып келем. Анткени бизде абдан даамдуу бышат.

  

Гүлмайрам Сабирбекова, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17