Аймак

БАЛТАГУЛОВА УУЛБҮ ДАВИДЕВНАНЫН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ

БАЛТАГУЛОВА УУЛБҮ ДАВИДЕВНАНЫН ЖАРКЫН ЭЛЕСИНЕ

 2,463 Бардыгы /

Умтулган дайым алдыга,

Улуулукка сапар алган дайыма.

Жараткандын жазмышына арга жок,

Уулкан эже кеттиң келбес сапарга.

 

Төр башында калды сиздин ордуңуз,

Төрө атанын музейи да ээнсиреп.

Кесиптештер элесиңиз унутпай,

Таазим этип, ар убак башын ийет.

 

Калды канча жазылбаган оюңуз,

Райондун атуулу сиз болдуңуз.

Чыккан күндүн батаар кези болгонбу,

Уулкан эже бош калды орунуңуз.

 

Жашоо ,өмүр бүгүн барда эртең жок,

Таппай калдык ордуңуздан эжеке

Алтымыш төрт жаштан узап кете албай,

Өмүрүңүз гүлдөрү соолуду беле?

 

Жоктоп ыйлап жашыбыз биз төгөбүз,

Ордуңузду жоктойт дайым окуучу.

Эжекедей улуу, чынчыл инсандар ,

Бул дүйнөгө бир жаралган болуучу.

 

Кыргыз тили жана адабияты мугалими Наргозуева Э.Б

 

Балтагулова Уулбү Давидевна 1954-жылы 26-сентябрда Ала-Бука районунун, Кош-Алмурут айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. Орто мектепти аяктап, Фрунзе шаарындагы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин тарых,адам жана коом факультетин бүтүргөн.1978-1980-жылдары Н.Орозалиев атындагы орто мектепте, 1980-1990-жылдары №21-Ак-Коргондогу кесипчилик лицейинде, 1990-жылдан бери №1 Т.Балтагулов атындагы орто мектебинде тарых жана адам жана коом мугалими, мектептин кесиптик уюмунун төрайымы болуп эмгектенип келе жаткан.Ушундай көп жылдык үзүрлүү эмгектин аркасында эжеке төмөндөгүдөй сыйлыктардын ээси болгон. Мектептин, РББнүн, Айыл Өкмөтүнүн Ардак грамотасы, СССРдин 50жылдык юбилейинин лауреаты, Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин “Ардак грамотасы” Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин “Отличник төш белгиси”, райондук мамлекеттик администрациясынын, областтык администрациясынын “Ардак грамотасы”, КР Билим жана профсоюздук кыймылынын “Отличниги төш белгиси”,22-май 2018-жылы Ала-Бука районунун “Ардактуу атуулу” наамына ээ болуу менен бирге кыргыз элине, өз мекенине жана окуучуларына нравалык, эстетикалык тарбия берүү менен бараандуу салым кошкон. Эжеке үч уулдун апасы, үч неберенин сүйүктүү чоң энеси эле.

Уулбү Давидевна капыстан эле бул дүйнө менен кош айтышып жалпы кесиптештерин, уул-келиндерин, урук-тууган, жакындарын кайгыга салып, кабыргабызды кайыштырып кете берди. Ал илим-билимдүүлүгү, жөнөкөйлүгү, сабырдуулугу менен зор кадыр-баркка ээ болуп, жалпы коллективинин жана окуучуларынын алдында урмат-сыйга ээ эле. Эжекенин билим берүүдөгү өзгөчөлүгүнө, сабактарынын ар түрдүүлүгүнө окуучулары ар дайым таң калып, суктанып жүрүшчү.

Билим берүү тармагына 42 жыл өмүр берген эжекебизди акыркы сапарга узатып жатып, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болуп, Жараткан Эгебиз жаннаттан жай берсин деп тилейбиз.

Уулбү Давидевна элинин, кесиптештеринин жана окуучуларынын элесинде унутулгус болуп, түбөлүккө жашай бермекчи.

 

Алтымыш төрткө не чыктың, не чыкпадың,

Эңсеген максатыңа жете албадың.

Ээрчитип небереңди жүрөр кезде,

Эркине башың ийдиң шум ажалдын.

 

Бул дүйнө хандан калган бектен калган,

Бул дүйнө бүт турушу баары жалган.

Кантели кайгыргандан пайда барбы,

Кош эми, түбөлүк кош  кайран эже!

 

Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмү, педагогикалык кызматкерлердин райондук профсоюз комитети жана №1 Т. Балтагулов атындагы жалпы орто билим берүүчү  мектебинин эмгек жамааттары.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17