Аймак

КАЙЫП КЫЗЫ АЗЫТКЫ

КАЙЫП КЫЗЫ АЗЫТКЫ

 6,159 Бардыгы /

 

(Махабат баяны)

Арстанбап тоо кыркаларын чүмкөп жаткан ак булуттарды алыстан көргөнүмдө ошолордой ак сүйүүлөрүм эске түшүп сагынычтуу, кусалуу көз жаштарым нөшөрлөнүп төгүлөт. Бул жалган жарык дүйнөгө сүйүү азабын гана тартканы жаралган турбаймынбы. Балалык сүйүүм цыган кызы Альбина болсо, кийинкиси жашым жетимишке таяп калганда Кайып кызы Азыткы болду го… Биринен бири калышпаган эки сулуу жүрөгүмө чок салып, тирүүлөй өрткө салып кетти го чиркин…. Ай сүйүүнүн азабы ай. Карыганда шайык кыз жолугуп… эми…сүйүү…

Не экенин түшүнбөсмүн. Арстанбап тоолуу өрөөнүндө Ой-Жаңгак, Кызыл-Жар, Бабаш-Ата, Карат, Онтомо, Кыз-Коргон, Таш-Коргон, Керей, Кичи-Кеңкол, Кеңкол, анан эң кооз Сере тоо өрөөнүн жөө кыдырып, таман издерим гана  мончоктоп тизилип калчу. Жаз, жай чилдеси күчөгөн убак. Жер бетине жан кирип, жер жарылып, көк чөптөр дүркүрөп көккө чабак уруп бой көтөргөн мезгил. Тоо ичи, түн ичи суук, эрте саар чыйрыктырып муздак шамал ээн эркин согор убак. Шүүдүрүм көк чөптөргө берметтей чачылып, мөлтүрөгөн тамчылар күндүн наристе нуруна чайынып, жылт-жулт эткен кез. Таң супасы менен энеден туума жыңалачтанып, белден өскөн тоо кызгалдактарын аралап чаап  жүгүрүп, денемди, сандарымды тоо кызгалдактары сабоодой сабап, балтыр саным, денем чоктой кызарып, шүүдүрүмгө чыланып алдан тайып баратсам да, тоо кызгалдактуу талааны аралап чаап баратырмын…

Ибн Сина (окумуштуу дарыгер) жазган дарылыктын мына бири ушул го. Чиркин киши ушунчалык дене кумарын мыкты билгени менен аял албаптыр. Бирок…эң кызыгы, Эмирдин сулуу жаш келинчектеринен көзү түшкөн сулуу перисин тандап, аны менен жашыруун сүйлөшүп, түндөсү ай толгон убакта, түн ай нуруна бөлөнүп мемиреп, түн уйкуга батаарда, шар аккан суунун жээгинде сизди күтөм дечү экен… Бир чети сулуу, бир чети атагы таш жарган жыйырмадагы жаш жигиттин кучагына балкып, мемиреп, сүйүүнүн жыргал кереметине тамшанган Эмирдин эң сулуу жаш токолу Ибн Синанын кучагына бой таштачу экен…  Бал ширеге көнгөн аарыдай Ибн-Сина келинге көнгөн бойдон эки күн эсин таанытып, үч күн эсин оодарып, төртүнчү күнү түн оогондо коё берчү экен го. Ошентип ар кыл тамактанып, ар кыл сулуу аялдар менен жатып, он сегиз түр, он сегиз сулуу аял менен жатып боюнда болтуруп, он сегиз бири бирине окшобогон, деги-эле адам затына окшобогон балдар жараларын айткан экен жарыктык киши…Он сегиз сулуу, акылдуу балдар жаралыптыр го…

…Тоо кызгалдактарын аралай чаап баратам. Талаа бүтүп, ээндей берээрде бир топ кыз-келиндер мал айдап келатыптыр. Кашайгыр оболу аларды байкасам гана…Күүлөнүп алгам…Кыпкызыл, энеден туума дене….Алар, кыз-келиндер абал мени көрүп, эч нерсе түшүнбөй, бул таң азандан талаада жыңалач киши не жүрү? Өңүбүзбү, түшүңүзбү?… Ээн токойдо не жүрү?.. Адамбы, шайтанбы ия?… Толгон токой ойлорго нес болгон кыздар нес-мас, эси ооп карап турду. Бирөөсү “апа” деп чыңырды эле, баары эсине келгенсип, жайылып качып жөнөштү… Кыздардын ызуу- чуусу мени да селт этип чочутту. Негедир буттарым тушалгансып ордунан жылса кана, чиркин…

Меңиз кийип алың…

Тал чубуктай жаш кыз үстүндөгү күрмөсүн чечип, тике карап мага карматты. Узап барып, мага бир жалт карап алып, бетине төгүлгөн чачын колу менен тарап, алыстап баратты…Калтырак баскан денеме кыздын кичине тар күрмөсүн жапканымда, кыздын атырлуу жыпар жыты буруксуй түштү. Кыз жыты мас кылды… Кандайдыр сонун, жыргалдуу сезимге бөлөндүм… Кыздын алакандай күрмөсү бүтүндөй денеме от жаккансыды… Сыйкырдуу сезимдерге бөлөдү го, ай аттиң…

…Карылык. Карылык денеден сүйүү качып, дененин от табы өчүп, жашоосу түгөнүп бараткан денеге кайра от жагып, сезим козгоп, жашоого үмүт жандырган, аял затына сезим тутанкан кызды эстеп, мага берген күрмөсүн колума алып улам, улам жыттап, сагынычымды таркаткансыйм. Таш үңкүрүм көк түтүнгө толсо да, коломтого отту чоң жагып, отко кактанып отуруп, үңкүрдүн жаракалуу тетигинен ары түнкү бейкутка бөлөнгөн ак мөңгү чокулардын түнкү элесин тиктеген бойдон ойго термелем. Сыртта ай тунук.

Ак мөңгүлүү аска-тоолор ичи сырдуу, сыйкырлуу түнкү муздак шамал үңкүр ичин уялап, от табын пасайтар. Сырттан жандуу добуш эшитилди. Чочуп кеттим. Тоо арасында ит урарга жан жок эле. Бийик аска бооруна, менин үңкүрүмө жети түндө келер неме ким эле?… Ана келатыр… Дабыш жакындады…Келип калды.. Буттун дабышы, чырпык сынды. Жалгыз аяк жолдон таш кулады. Бир топ таш аскадан ары кетти. Тоо ичи жаңырган жаңырык…Жаңырык басылды…

Босогодо жаш сулуу кыз турат. Кызды тиктеген бойдон катып калыптырмын. Ээн тоодо… ээн жерде… түн ичинде… Айлуу түндө, бийик аскада… Чоочун сулуу кыз… Кыз аста секин жылып, төргө өттү. Эс-нес каткан мени тиктеп алды да, маңдайыма келип отурду.

Бейтааныш кыз, абдан сулуу. Башында жаш кыздар күйчү үкү топу, ай тегерек бет, жазы маңдай, керме каш, сурма көз, кыр мурун, оймок ооз, эки бети анардай кызыл, жылмайса булуттун арасынан сүрүлүп чыккан ай нуруна окшоп бермет тиштери жарк эте түшөт чиркин десе. Үстүндө кооздоп тигилген кызыл баркыт кемзир, ак көйнөк, бутунда кончтуу кызыл өтүк. Кырк өрүм чачы желкеден ылдый жаба төгүлгөн суудай, сыдырым желге сапырылып жатты. Ал ортодо үн сөз жок. Өңүмбү, түшүмбү? Кызык абалдамын. Өзүмө келе албайм. Бүт дене боюм майда калтырак баскан. Ээн жер, ээн тоо. Айлуу түн… Таш үңкүр, коломтодо от чачырап күйүп жатыр.  Арча жыгачы көмүрдөй күйөт, табы да, чогу да жакшы. Коломто оту бирде дуулдап көтөрүлүп, үңкүрдү жарык нурга бөлөйт. Бирде күңгүрөнүп калат. Улам, улам курук жыгачты отко калап, отту күчөтөм.

-Кечиресиз, сиз кимсиз? Ээн тоодо…

Кайыптар дүйнөсүнөн келдим… Сизди тоолорго алдырган менмин.

-Кызык, эмне үчүн…

Сизди жакшы көргөнүм үчүн….

-Кызык экен… Мм… Менин сүйгөн жарым бар, балдарым бар… Анан жетимишке барып калдым… Менден эмне чыкмак… Карылык бүтүрдү.

Кыз каткырып күлдү. Мен да кошо күлгөн болдум.

-Сиз мени сүйүүнүн азабына саласыз да, билмексен болосуз да. Күндө мени эстейсиз, сагынасыз. Кайра-кайра мени эңсеп чакырасыз…

-Сизди биринчи мертте, азыр көрүп олтурам го…

-Ээ десе, эсиңизден чыгып калыптыр да. Бир топ жыл илгери энеден туума таң супасында ээн талаада кызгалдактарды аралай жүгүрүп жүргөнүңүз эсиңизде чыгар…

-Ие, ооба эсимде…

-Кыздардын арасында мен бар болчум.

-Кызык кантип, кайсынысы?

-Үстүмдөгү күркөмдү чечип, сизге бердим эле.

-Муногу күрмө сиздикиби?…

Ар дайым ак жоолукка абайлап ороп, баштыгыма салып, ала жүрчү кызыл күрмөнү баштыктан сууруп кызга сундум.

Күрмөңүздү жаныма ала жүрчүм, качандыр бир кездери жолукса кайтарып берсемби деп. Көп жылдар күттүм. Үмүт өчпөйт экен. Ээн тоолордо кокусунан тутанган сүйүү тоолордон кетирбей байлап алды. Чөл тарапка кетсем эле сизге жолукпай калчудай коркор элем. Сиздин күрмөңүз кечиккен сүйүүмө медер болду. Мынаңыз, күрмөңүздү кайтарып берейин. Алың…

Кыз күрмөсүн колуна алып бүктөмүн жазып, эки колу менен кере жайып бир силкти эле, кыздын колундагы күрмө көздөн кайып болду. Муну көргөндө жүрөгүм шуу дей туштү. Денемди майда калтырак басты. Так бешенемде тиги дүйнөдөн келген сырлуу сулуу кыз отурганын чындап түшүндүм.

-Ошолордун баары кайын кыздар болчубу… Жок алар адамдар, арасында жалгыз гана мен болчумун.

-Ысымың ким сулуу?

-Кайып кызы Азыткы.

-Жакшы ысым экен. Азыткы… Менин атым Алик.

-Билем…Кыз жылмайды.

-Кантип?

…Илгери мен төрөлөр кезде ата-энем улуу чоң көч менен кошо чыгыш тарапка көч сапарына чыгышат экен. Ошондо апамдын боюнда бар экен. Толгоосу бышып төрөт жакындаганда  тоонун ичиндеги жалгыз тамга барышса, ичинде жаш келин толготуп жатыптыр. Жанында улгайган кемпир отурган экен.

Атам апамды үй ичиндеги бош бөлмөнүн бирине жаткырып, жанагы кемпирге апамды кошо төрөт деп дайындап өзү эшикте күтүп отуруптур. Үй ээси чөлгө кеткен экен. Эң оболу үй ээси жаш келин уул төрөптүр. Андан кийин апам мени төрөптүр. Оболу экөө эркек же кыз болсо дос кылалы, эгер бири эркек, бири кыз болсо экөөнү өмүрлүк жар кылалы, кудалашып кетели деп асыл тилек кылышкан экен ата-энем. Ошол кыз менмин…

-Ырас, кичинемде апам айтып калар эле балам, угуп кой, бой тартып баратасың. Ал кезде тоодо жашоочубуз. Атам чөлгө колхоз иши менен кеткен. Боюмда бар эле. Толгоом кармап Айша энеңди алдыргам… Анан эле үйгө сулуу кийинген эркек келинчегин көтөрүп кирип келди. Аялымдын боюнда бар эле, толгоосу бышып калды окшойт. Бош бөлмөнүн бирине алып кирейин. Чоң эне сиз төрөтүп берсеңиз деген. Ал киши мени карап эркек болсо экөөң тең дос кылалы, экөө тең кыз болсо, ортак-курбу кылалы, бири уул, бири кыз болсо кудаа-сөөк бололу, экөө бой жетсе өмүрлүк жар кылалы деген эле. Сенин болуп койгон кызың бар дечү. Апам айтчу, ал сулуу кишилер, ыйык адамдар… Болгон кызыңды табалар бекенсиң дечү. Андан бери күн күнгө, ай-жылга, мезгил закымга алмашты. Андан бери канчалаган замандар өттү…

-Демек Сиздин апаңыз айткан экен да. Менин апам кулагыма күмдай куйчу. Сенин болуп койгон жигитиң бар дечү эле?

-Таң калыштуу, ойго келбес, түшкө кирбес кызык окуя го…

-Эмнеге?

-Караңызчы, сиз баягы эле секелек кыз бойдонсуз. Мени караңчы, картайып баратпаймынбы, ушунча жыл жолугушпай кайда жүрдүң экен Сулуум?

-Биз тоо башына конгон ак булуттарга окшоп ар дайым сапар көчүндөбүз… Ырас кайыптар дүйнөсүн адамдар түшүнбөйт. Биз силерге көрүнбөйбүз. Биз нурдан бүткөнбүз. Үлбүрөгөн элестүү нурлуу жанбыз. Биз силерди көрөбүз, силерге көрүнбөйбүз… Адамга убактылуу айлана алабыз, кайра кубулуп нурга айланып кетебиз. Жаңы эс тартканда апам сизди көрсөткөн, бул бала сенин күйөөң болот. Эсеңе түйүп кой деп. Кийин бой жетерде сизди көрүп кеткем… Анан алыска көч сапары менен кетип, эми кайттык.

 

СЫРДУУ КӨК ЖАЛ КАРЫШКЫР

Сүйлөп отуруп уктап кетиптирмин. Көзүмдү ачсам таң агара баштаптыр. Чыгыш тараптагы аска-кырка тоолордон суурулуп чыгып келаткан күндүн кызгылтым нурун тоо кыркаларына чачып жер бетин тирүүлүккө бөлөдү. Кызыл көйнөк кийгенсиген тоолор ичи эрте сааркы муздак шамалга чыйрыгып тургансыйт.

Түнкү сырлуу конок кыз кылт этип эсиме түштү. Эки жакты элең карап, ордуман атып турдум. Эч жерде аты-жыты да жок. Сыртка бой таштадым, боз мунарыкка чөгүп жаткан катмарланган ак мөңгүлүү тоолор жымжырттыкка бөлөнүп туру. Көктө жалгыз учкан бүркүт, тиги бийик кырда жайылып жүрүшкөн кийиктер, аларды аңдып, шырп алдырбай октолуп турган ак Илбирс, тоо ичин жойлоп жүргөн түлкү, үркө учкан кекилик…

Кереметтүү тоонун жашоосу мына ушинтип башталат. Билген адамга тоолордун ичиндеги жашоо керемет, бейиш. Жанга жагымдуу абасы таза, көк жалтыр муздан сарыгып агып түшкөн мөлтүрөгөн суулар, көк кашка дарыялар, көктөн учуп түшкөнсүгөн, аска боорунан учкан шаркыратма, өзгө балык жондонуп көгүш түтүнгө чөгүп жаткан токойлор керемет дүйнө эмей эмне ия… Керек болсо топурагы дары, гүлү дары, чөбү дары, булагы дары, алма, алча, айбан сары, жаңагы дары… Абасы дары…

Үңкүрдүн жээгиндеги ташка көчүк басып, теребелге көз чаптырып отуруу эзелки менин адатым. Бирок бүгүн жүрөгүмдү ачыштырган түнкү сырдуу окуя. Дээримде диний ырым-жырымга түк ишенбес  “атеист” элем. Облустук гезитте иштеп жүрүп, атеизм боюнча көп-көп макала жазчу элем. Эми карасаң, түнкү кыз ким? Кайдан келди, кантип мени тапты? Башым маң… Ойлорум эки анжы…

Теребелге көз чаптырып отуруп тээ илгерки жаштык жылдарга азгырылам. 60-70-жылдарга  кайрылып учам. Аскага жөлөнүп, көзүмдү жумуп, тээ илгерки сонун жашоомо жолугам. Бар болгону 18 жаш жигит, бар болгону 12 жаш цыган кыз… Оболу кыз мага төлгө ачканда он-он экиде болсо керек эле… Көчө боюндагы отургучта өткөн-кеткенди карап эс алып тургам. Баягы секелек цыган кыз үйүнөн көчөгө жүгүрүп жетип келди. Эч тартынбай жаныма отурду.

-Алик келсең төлгө ачып берейинчи…

-Өзү толго ачышты билесиңби?

-Чоң энем Сафира күчтүү төлгөчү, көзү ачык киши болчу. Каза болгуча сыйкырлуу өнөрү менен төлгөсүн мага үйрөттү. Чоң энем айтчу эле, сен цыганга эмес, бөтөн улуттун жигитине күйөөгө чыгасың дечү. Чоң энемдин айтканы мага кызык. Ал ким экен? Кыргызбы, уйгурбу, түркбү?…

-Чоң энең айтса эле ишене бересиңби. Чоңоё бер, окууну бүт… Теңиңди өзүң табасың да, -деп цыган кыз Альбинанын чачын сылап эркелеттим.

-Алик, сен дайым мени баласынтасың. Акыры акыл-эсим өсүп, бой келбетим жетилип, чоңоюп калбадымбы.

-Дагы чоңой, анан сени менен олуттуу сүйлөшөйүн,- деп жолдо өтүп бараткан бой келбети сулуу орус кызга суктана карадым.

Секелек цыган кыз шып ордунан атып туруп  алдыма келип, орус кызды далдалап алды.

-Уятың жок Алик, жанында мен турсам, башка кызга суктанып…

-Чын эле кыз көзүнөн чууруп жаш төгүлдү. Чочуп кетип абдырай түштүм. Эмне деп соороторумду билбей эс-нес болдум. Боорума тартып  жашын сүртүп, бетинен өөп…

-Альбина ыйлабасаң. Мен сени жакшы көрөм, -дедим.

-Жакшы көргөн башка… Сүйгөн башка…  Мени сүйөсүңбү?

-Альбина, сени сүйөм…

Цыган кыз албууттанып абийиримди төгүп, ата-энесине, өткөн-кеткендерге уят кылбасын деп эркелете баласынтып алдаган болуп, тамашалаган болуп айта салдым. Кызды сүйөм дедим…

-Чынбы Алик?

-Чын Альбина..

Цыган кыз капилеттен моюнума асылып чоп- чоп эттирип бетимен өөп, үйүнө жүгүрүп кирип кетти .

Тоонун жашоосунда күтүлбөгөн аба-ырайы көп болот. Эртең мененден тартып туш оогончо чайыттай ачык күн дароо айныйт. Батыш тараптан сурүлүп келаткан кара булуттар өрөөндү тегиз ээлеген. Түнөрүп түнт түшкөн күн жакында болор чагылган жаап-нөшөрүнөн кабарлаган алгач шамал катуулай сого баштады. Табияттын бул алааматына кайдыгер карап, дагы эле баягы сонун күндөрүмөн айрыла албай отурдум.

Аялдамада 16-автобусту күтүп отургам, дем алыш күн. Сүрөтчүлүк окуу жайга экзамендердин баарын 5ке тапшырып, кубанып турган чагым. Ала-Тоого жаңы таанышкан кызды киного чакырып ага бараткам. Автобус ичи тыгын. Бирөө артыман түрткүлөйт. Кыйналып атып артыма бурулсам, кибирейип чыган кыз Албина кашкайып күлүп турат. Чиркин эми он-он экиге толуп баратса да келбет келишкен, оң-түсү сулуу эле.

-Ой, Албина сен каякка?…

-Сен барган жака…

-Койчу тамашаңды…

-Сага араң кууп жетпедимби…

-Эминеге?

-Алик сен мени сүйөм дедиң го…Кыз-жигит жолугуш керек… Мынакей жолуктук…

Экөөбүздүн  сөзүбүздү тыңшап  туруштубу жаныбызда отурушкан , турушкан  орус аялдар, кыздар, эркектери  каткырып күлүп жатышты. Кичинекей цыганга карап алып, көздөрүнөн жаш чыкканча күлүштү.

-Оо, балаң түшкүр карасаң муну…

Болжошкон жер Ала-Тоо кино театр. Кыз курбусу экөө мени күтүп туруптур. Женпедде окуган Бакен менен Салима эле. Алар адегенде мени менен жетелешип жүргөн секелек цыган кызды, анан мени таң кала карашты.

Таанышып койгула кошуна кыз Альбина… Аны, жанагы… Альбина колумду булкуп, буларга орусча сүйлөгүн, мен түшүнүп, тургудай болоюн деп көтөрөт. Кыргыз кыздарга орусча сүйлөгөнгө болбойт, уят болот. Кыздар кыргыз болсо… Мен силердин эмне жөнүндө сүйлөшкөнүңөрдү билип турайын деп көгөрөт жер тепкилеп…

Бизди угуп турган Бакен сөзгө аралашты орусча сүйлөп:- Сенин кошунаң жигит менен жаңыдан таанышып жатабыз. Жигит бизге жакты…

-Аа, эмнеге, эмне үчүн таанышасыңар.

Бакен менен Салима каткырып күлүп жиберишти.

-Кошунаң сулуу жигит экен, жагып калса…

-Эмнеге жагып калса…Алик сен мени сүйөм дедиң го…Эмне үчүн буларды да, мени да алдайсың…Алик….Алик мен…Мен кантем. Кетип калсаң…

Цыган кыз Альбина жер тепкилеп, ачуу чыңырып, ыйлап жиберди. Анан бутума оролуп мени бекем кучактап, буркурап турду. Элдин баары бизди карап өтүп жатты, көбү тегеректеп алды…

Бакен кызды өзүнө тартып, бет аарчы менен кыздын көз жашын аарчып, сооротуп…

-Ысымың ким сулуу кыз?

-Альбина…

-Биз жөн эле тамашалап койдук, сени Алик сени гана сүйөт…

Бакен да, Салима да цыган кыз Альбинанын бетинен өөп, эркелетип, мени менен коштошпой бир ооз, ооз ачпай алыстап калың элдин агымына сиңип кетишти. Дендироо болуп туруп калган мени кыз жеңден тартканда эсиме келдим. Цыган кыз колума бирдеме карматкандай болду.

-Бул эмне?

-Акча, атам берген. Киного экөөбүзгө билет сатып алчы. Кино көргүм келип атат…

Төбөдөн дыбырап алгачкы тамчылар жаап  кирди. Мына жаан дагы башталды. Түн коломтодо от. Сыртты тыңшап, оттон көз үзбөйм. Сыртта чагылган чартылдап, күн күркүрөп, жаан төгүп турду. Негедир тоз-тополоң, будуң-чаң ойлордон арыла албай, бүгүнкү күн машуугусу, же жоо саякатсыз, бекер өттү-кетти…

Так үңкүр маңдайынан чагылган тарс жарылды, ага удаа көгүш жарык теребелди нурга бөлөдү. Сыртка жалт карасам, үңкүр оозунда эшектей чоң дөбөт карышкыр мени тиктеп туруптур. Тик жүндөрүндө жаандын шүдүрүмдүү тамчылары жаркырайт. Саамда чагылган өчүп, түнөргөн түнт караңгылык басты. Босогодогу көк  жал карышкыр мага тик басып келип, жаныма чоң оттун боюна узунунан түшүп  жатып  алды… Коркконумду айт… Калтырак , титирек  басканын айт. Коркконуман сүйлөөгө тилим келсечи… Үн чыгарууга алым жетсечи… Кет дегенге кебим келсечи…  Деги кимсиң дегенге кебим келсечи… Эс-нес абалда коркуунун азабын тарттым. Өңүмбү, түшүмбү билбейм. Эмнеси болсо да таң атарга жакын көк жал карышкыр босогого жетип, бурулуп мени бир тиктеп алып сыртка чыгып, көздөн кайып болду. Таң атары менен карышкыр жаткан жерде изи түшпөгөнүн көрдүм, ал тургай астанада да, чытыр жолдо да карышкырдын изи көрүнбөдү.

 

ЧООЧУН СУЛУУ КЫЗ

…Жай чилдеси, күн демейдегиден да быйыл ысык, аптаптуу. Үйдөн тоолорума баратырмын. Аралык 60-80 чакырым, үчүнчү тилке чыныгы тоолуу токойлуу, жаңактуу, алма, алча, бадам, карагат, изирик түрлүү мөмө-жемиштерине бай токой. Тоо тарапта орлоп кеткен ичегидей чубалжыган ичке чыйыр жол менен токой аралап бара жатсам да чак түш аптабына чыдай албай, ары чаңкоом күчөп, тамчы суу көздөн өтүп, тамак кургап, алсырап баратырмын. Тоо тараптан үзүл-кесил муздак шамалдуу жел жүрсө аптыга дем алам. Чаңкоом басылсачы. Көзүмө көк кашка суу аккан дарыя элестелет. Айлуу түн ичинде обон салып, түн жаңыртып аккан сайдын добушу кулагыма угулгансыйт…

Карат жайлоосу жер түбүнөн чыккан булакка бай жер. Асканын жаракасынан чыккан булагы бар жер. Оордоп жаткан токойдо тиш какшыткан булакка бурулдум. Кызык, мына кызык сага эмесе. Ак жоолук салынган, ак көйнөк, кызыл камзир, кызыл өтүк кийген кыз чакасын булак суусуна толтуруп атыптыр суу көздөн учуп турганда, суу ичип алайынчы дедим, эч темеге көңүл бурбай. Кыз чөмүчкө чакадан толо суу сүзүп, мага сунду. Чаңкоонун азабы өткөнбү, тиш какшаган булак суусун жыргап ичип жаттым…

-Ох, кандай жыргал… Муздак экен…Ырахмат. Чөмүчтү кызга сунуп жатып эсим оой түштү. Баягы…Ошо…Энеден туума жыңалач болуп чуркап келе жатканда күрмөсүн чечип берген кыз го. Дал өзү, өткөндө үңкүрдө кезиккен Азыткыбы?…Экөө тең окшош, экөө тең сулуу… Бу кыргыз эмес го, чарбактык шайыктардын кыздарынанбы?

Толгон токой ойлордон баш катат. Не дешимди билбейм. Кыз да мени тиктеген бойдон турат. Сыягы күтүлбөгөн кездешүүнү ал да күтпөсө керек… Узак жол басып чарчап, суй жыгылдым. Көк шиберге отура кеттим. Кыз маңдайыма келип отурду. Суроолуу көздөрүн менден  үзбөйт.

-Күрмөңүздү чечип берген баягы сизби?

-Мен болчум, сизди дароо тааныгам…

-Бул жерде эмне кылып жүрөсүз өзү?

-Жайлоого малдарды айдап чыкканбыз.

-Сизчи, эмине кылып журөсүз?

Мен кантип ооруп калгандыгымды, оорунун айынан денем куураган куу сөөккө айланганын, күндөрдүн биринде жаткан жеримен кандайдыр сырдуу күчтөр Арстанбап тоолоруна алып чыгып кеткенин, ошондон бери тоолорду байырлап жашаганымды, ден соолукту оңдоюн деп даанышман дарыгер (байыркы) Ибн-Синанын, тибет медицинасынын илимий тажрыйбасын өзүмө илимий практикалык сыноо жүргүзүп жүргүзгөнүмдү кызга ачык айттым. Кайыптын кызы, ай сулуу Азыткы жөнүндө айттым, сырлуу көк жал карышкыр жөнүндө айттым. Цыган кыз Альбинаны айттым…

-Эми чарчап, кайда бармак элеңиз. Ата-энем түзүк, түшүнүктүү кишилер. Мал издеп жүрөм деңиз. Мага айткан азыркы сөздөрүңүздү аларга эч айтпаң, ооз ача көрбөң. Биздин кырдагы жайытта жүрүңүз…

Ордуман турайын деп жанымда жаткан жонума  асына жүрчү баштыгымды ачып иреттемиш болгонумда, ак жоолукка аспиеттеп оролгон нерсеге көзүм түштү. Шаша жолукту жазсам баягыда мага чечип берген кыздын күрмөсү. Ой тообо, бул каяктан келди. Мен кайып кыздын күрмөсү деп кайтарып бербедим беле. Мына кызык эми. Күрмөнү жазган бойдон кызга карадым.

-Сиздикиби, аласызбы?

-Меники… Ата-энеме курбу кызга бердим дегем. Бекем катып коюң. Эч ким көрбөсүн. Сизде калганы жакшы го…

Күрмөнү ак жоолукка ороп, баштыктын түпкүрүнө терең катып, кызды ээрчип, алардын жашаган чатырына бараттым…

 

КАЙЫПТАН БҮТКӨН АЗЫТКЫ

Тиш катмарлаган тоонун түпкүрүндө Керей деген малга кенен жайыттуу жайлоо. Деген менен туш-тарабын шакектей тегеренип, ак мөңгүлүү аска-зоолор курчаган. Адатымча жер кезип, дүйнө кезип, тоо токой, ашуу-бел, аска-капчыгай, кокту колот койбой жер тыйып кыдырып, чокой жыртып, таман чоор болуп жөө кыдырып, дейдип жүрүп, Керей жайлоосуна кез келдим го. Көк ширеген, жалгыз түп, кызыл карагайдын жанында жалгыз алты канатуу ак боз үйдү көрдүм. Эсим ооп, оозум ачылып, алты канаттуу ак боз үйдү эсим ооп карап турганымда, андан ак жоолугун бешенесине келтире, кыйгач салынган кыпча белдүү, сулуу жаш келин жаркылдап күлүп чыга келди.

-Ии, эй бала акыры келдиңизби, бийкечибиз сизди күтүп отурат,- деди шаңк этип күлүп.

…Кайдагы баланы айтат, бул сулуунун көзүнө бала көрүнөмбү? Жетимишти таяп калган киши болсом,  өзүмдү күзгүдөн карап эсим ооду. 18-20 жаштагы жаш жигит күлүп турат. Үстү башым жупуну болгону менен дене боюм албуут күчкө толуп ташкындап туру. Жаш жигитке кубулуп кеткенимди түшүнө албай турсам сулуу келин мени шаштырат.

-Ой, ий, эй бала болбойсузбу тез, бийкеч күтүп калды…

Боз үйдүн босогосун аттап, ичкери кирдим. Төрдө отурган сулуу кыз созулуп ордунан туруп,түз мага басып келди. Жүгүнө учурашып, төргө өтүңүз дегендей төргө жол берди. Төргө өтүп  кат- кат кооз жууркандарга отурдум. Боз үйдүн ички жасалгасынын кооздугун, сулуулугун, эң кымбат килем, шырдак, жолборстон талпак деги дүр дүйүм кооз буюм-терим көздү тайдырат. Кыз жаныма созулуп келип отурду.

-Алик, биздин дүнүйө менен таанышкың келеби?

-Мейли, –дедим.

-Жүр анда сыртка чыгалы, -деди Азыткы.

Кызык… Көк нурдан бүткөн элестүү үлбүрөк узун бойлуу, келбеттүү, сулуу кишилер, аялдар, кыз, балдар жүрөт. Коюу караңгылыкта жарык нурлуу, көк денелүү адамдардын баскан турганы кызык… Сүйлөшкөнү сезилбейт. Колдорун карасаң кармалбайт, кучактасаң эч нерсе жок, боштук. Бирок адам денесиндей денелүү. Кадим адамга окшош тирүү жан, нурлуу денелүү адамдар…  Жана эле менин денемдей, адам денесиндей жанымда жүргөн Азыткы да нурлуу денеге айланган…

Көгүш боз тумандан суурулуп чыктым. Жер ааламына көгүш тумандан суурулуп келдим. Жарык жер ааламы…Тоолор, булуттар, суулар, токойлор… Жер бетиндеги тирүүлүк. Терең дем алып жыргай эле түштүм. Жеңилдей түштүм… Эми элеки көргөндөрүм түшүмдөй сезилди, жок түш эмес тиги белгисиз дүйнөгө кирип чыктым… Күн уясына батып баратыптыр. Күүгүм кирип келатыптыр… Чиркин жер бетиндеги жашоо кандай сонун…  Жердеги жашоонун жыргалын сөз менен айтып жеткире албайм го…

-Үйго кирелиби?

Кылчайсам кайып кызы Азыткы күлүп туру жанымда. Жана эле үлбүрөгөн элестүү денеге айланган кайып кызы Азыткы чыныгы адам кейпинде. Болгондо да толуп ташкындаган, жүзүнөн нур төгүлгөн сулуу кыз туру. Жанымда күлүп тал чыбыктай солкулдаган кыз турат. Көргөн көзүмө ишене албай колун кармадым, кадимки адам…  кыз денеси… Кыздын алаканы ыссык.  Кызды имере буруп, эркелешкен болуп бүт-дене боюн кармалап көрдүм. Чын эле кыз денеси… адам…

Чын эле кызбы же кайып керби деп кыздын бүтүндөй дене-боюн сылап, сыйпалап көргөнүм кызга жактыбы, мага бой таштап, мени сыга кучактап дирилдеп турду… Муздак шамалга чыйрыккансып калтырап, титиреп турду… Кыз эриндери сүйүүнү издеп, кайсалап туруу… Эриндерге эриндер кептелип… от жалын… дене бой күйүп жанып…

-Алик, уят го, үйгө кирели, үйдө чечинчи…

Кыз- жигит жолугуу салты, оболу дасторкон жээгине жанаша олтуруп, дасторкон бети дүр-дүйүм азык-оокатка, мөмө-жемишке, арак-шарапка толгон. Азык оокатка ооз тийген болуп, арак-шарапты аз-аздан уурттап-татып, узун сөздүн учугу сүйүүдөн башталып, улам- улам тереңдеп, сөз касиети дембе козгоп, көздөр сүзүлүп барат. Арак-шарап дене-бойду жибитип, козголгон дембени ого бетер дүүлүктүрөт…

-Эй бала, сиз эшикке чыгып жеңилдеп келиң.  Мен силерге төшөк салайын…

Кайдан, жайдан пайда болгон кыз жеңеси мени сыртка ээрчитип чыгып кайра боз үйгө кирип кетти. Түн, көктө таруудай чачылган жылдыздар жымыңдайт. Түнкү муздак шамал чыйрыктырат…

-Эй бала, кайдасыз, кириң кыз күтүп калды…

Кыздын жеңеси түн жаңырта күлүп калды. Анан мени жетелеп келип боз үйдүн ичине түртүп киргизип ийди. Боз үйдүн төрүндө кат- кат төшөк ичинде кыз жатыптыр, босого боюндагы шамды кыз жеңеси үйлөп өчүрдү.

Анан мени өзү чечинтти. Энеден туума жылаңачтап салды. Жууркан четин ачып, жаткын- деди жеңе. Ысык дем, ысык дене, жалын от… Аябай кучактадым, кыз кыналды. Деңиз толкуп, жээкке толкун уруп, буркан-шаркан түшүп күүлөнүп соккон толкундан улам жээк оор онтоп, өксүп жатыр. Түпкүрдөн түрүлгөн толкундар бири-бирин кубалашып, жээкке күү менен чабылат. Күчтүү эпкиндүү соккуга урунган жээк оор онтоп жатыр. Көл саамга тынчып, көл бети мемиреген тынчтыкка бөлөнө түштү. Энтигишкен кыз-жигит бири-бирин сырдуу тиктеп жылмайышып, бири-бирине кыналышты. Махабат лаззатына кумарлары канып, көл бетиндей мемирей жатышты. Сырдуу уйку экөөнү азгырып алып кетти…

Таңкы муздак шамалга чыйрыгып ойгонуп кеттим. Көзүмдү ачып тура калдым. Жыпжылаңач ээн талаада жатыптырмын. Кийимдерим туш тарапка чачылган. Күн аркан бою көтөрүлүп калыптыр. Эч бир жан, кыбыраган киши жок… Боз үй кана… Кайып  кызы Азыткы кана… Кыз жеңеси кана… Алардан из да жок. Шашып-бушуп, бачым-тез кийиндим. Эч нерсеге түшүнө албай көпкө олтурдум.

Коркуу ээледиби, чоочуубу, неси болсо да бул жерден тезирээк алыстагым келип ылдый тарапка чуркап жөнөдүм. Эки-үч кыр ашып, артымды карасам баягы сырдуу жер аска зоонун ичинде калыптыр. Оор үшкүрүп, чөл тарапка зымырап учуп жөнөдүм.

 

     КӨК ЖАЛ КАРЫШКЫР

Тоолорго мен жөн жай жашоого келгеним жок. Эң байыркы Кытай өлкөсүндө жаралган Шаолинь монахтарынын согуштук искусствосу менен машыкканы келгем. Табияттын эң катаал мезгили машыгуунун азап-тозогу болгону менен дене-бой шыбап төгүлгөн ак карга кайыгып көк муштум болуп бышат. Бороон чапкындуу борошон кар көз ачырбай жаап турган мезгилде белчеңен чечинип, жылаңачтанып, жылаң баш болуп алып бороон менен кошо жарышып чуркап өтсөң дене бышат, чыйралат, камчыдай өрүлөт.

Кыш. Бул жолу да боз туман түшүп бороон чапкын, будуң чаң, тоз тополоң болуп кар бурганактап төгүп турган мезгилде тизеден кар кечип, белчеден чечинип, жылаңач, жылаң баш жан үрөп күйүгүп кырдан ылдый тик сайылып чуркап бара жаткам Боз туман арасынан эки-үч карышкыр мага көздөй атырылып келе атканын көрүп калдым. “Ай аттиң, дайым ала жүрчү узун саптуу балтам болгондо деп өкүндүм. Үчөө мени жөн эле талап, жеп салат. Кудай жалгап желкеми кийим ичине жашырып, как эки далымдын ортосуна келтирип, мойнума аса жүрчү мергенчинин чоң бычагы жанымда экен аны колго алып, бар күчтү жыйнап, кырдагы жалгыз түп жаңгакты көздөй чуркадым. Эптеп карышкырлардан мурун жаңгакка жетсем, ага учуп чыгып карышкырлардан кутулуп кетмекмин. Алдыңкы экөө жаңгак тарапты тороп, жолду кесип, мени тике качырып кирип келишти. Баары күтүүсүздөн ойго сыйбас окуя, түшкө кирбес жорук болду. Жанымдан жандай чаап өтө берген алп ого эле эшектей чоң көк жал карышкыр мени тике качырып, кол салар карышкырдын бирин челип, көтөрө чапты, кар тозуп жатып калды. Экинчисин басып жыгылды. Капталдан качырып кирген карышкырды көрүп калдым. Буйтай качып баратып, чоң бычак менен башка соктум. Көк жал карышкыр үч карышкырды заматта кекиртектеп өлтүрүп салды.

Корккондонбу, бороон-чапкындуу кар тозоңунан көк муштум болуп тоңгондонбу муун бошоп алсырап карга чөгүп олтурдум. Ушинтип узакка олтурсам тоңорумду сездим. Бар күчтү жыйып, аска боорундагы жылуу үңкүрүмө шаштым. Чуркап машыгар алдында коломтого курук-ным жыгачты көп калап, чоң от жагып келгем. Жанымда энтигип жаткан көк жал карышкырды башынан сылап, мээрим төгүп, мени өлүмдөн алып калганына чын дилимден ыраазычылык билдирдим. Башын кучактап эркелеттим.

– Кеттик,- көк жал карышкыр мени жандай чаап баратты. Отту чоң жактым. Калың кийинип чоң тонду оронуп оттун жанына кыйшайдым. Оттун ысык табына денем жибип уйку кучагына азгырылдым. Башымды көтөрүп карасам көк жал карышкыр эки колунун ортосуна башын коюп, жанымда үргүлөп жатыптыр. Таңкы сууктан чыйрыгып ойгондум. Жанымда жаткан көк жал карышкыр жок. Буюм-тайымымды жыйнап, коломтодогу чокту өчүрүп жыл бою жашаган таш үңкүрүм менен коштошуп чөлгө үйүмө жөнөдүм. Быйыл тоодо кыш оор болгудай. Кышты чөлдө өткөрмөк болдум. Үңкүрдөн сыртка чыгып, эки жакты карадым. Көк жал карышкырдан дайын жок. Кыялап салып коктуга түшө береримде, аска боорундагы үңкүрүмдү жалт карадым. Тээ алыс калган үңкүрлүү аска боз туманга чөмүлүп элес, элес көрүндү. Берки чокуда мени тиктеп турган карышкырды көрүп сүйүндүм. Башымдан тумагымды сыйрып алып, ага булгаладым. Аска кырында керилип турган көк жал карышкыр сезилбей, боз туманга сиңип кайып болду. Оор үшкүрдүм да жолго түштүм. Эх, көк жалым…

 

    САГА ЖОЛУКПАСАМ, СҮЙҮҮНҮ БИЛБЕЙТ ЭЛЕМ

Жай. Арстанбап тоолору гүлгө оролгон кез. Тоо токойлордо жаралган түрдүү бак-дарактар тегиз гүлдөгөн маалы. Өзгөчө жай айынын айлуу түнү сырдуу. Чокуга олтуруп  айлуу түндө бейпил көшүлүп жаткан аймакка көз чаптырып ойго тунам. Жанымда көк жал карышкыр чокчоюп отурат. Ал дагы тээ алыска көз салып термелет. Ай нуру төгүлгөн сырдуу тоо токойлорду тиктеп олтуруп кыялга жетеленем. Тээ илгерки замандын катмарына катылган 60-70-жылдардагы жаштыгым эсиме түшөт… Албина!…

Эх, Албина, Албина… Секелек цыган кыз, сага жолукпаганымда сүйүүнү, сүйүүнүн азап тозогун, сагынычын, кусалыгын, көз жашын, бактысын, жоготуусун, айрылуусун, кайгысын билбей калмак экенмин го… Өмүр бою зарлай-зарлай ыйлап  жер, дүйнө кезип, тоо байырлап, сени издеп жүрбөсмүн го. Көзүмдү жумсам тармал чач, супсулуу цыган кыз тиктеп чимирилип бийлегени көз алдыма тартылат. Ах, цыгандар кары-жаш дебей ыр-бийге жакын шайыр калк. Алоолонуп күйгөн чоң отту тегеренип, цыгандар ырдап, бийлеп жатыр. Гитар боздойт, цыган боздойт. Орто жаш цыган эркектери гитараны ботодой боздотсо, жаш жигиттер тыбырчылап бир жерде тура албай, башындагы шляпаны жерге бир чаап, анан жер тепкилеп учуп жөнөйт. Жоолугун желкесине жаап, колдорун куш канатындай жайган сулуу-сулуу кыз-келиндер көйнөктөрүн парпыратып, чимирилип сызып жөнөйт. Кыз-келиндердин  арасында эми гана бой жетилип келе жаткан бели бир тутам, тал чыбыктай солкулдаган кыздын бийине тамшанбаган киши жок. Жашы карысы да кызды сүрөй кол чапса, гитара безеленсе, мукамдуу ырлар түн жаңырса… Чиркин ай, цыган кыз Албина… Ал ортодо цыган кыз Альбинаны жандай коштоп жаш жигит жер тепкилеп бийлеп киргенде бүтүндөй эл экөөнү сүрөп, дүркүрөтө кол чаап, тегеренип курчап алышты. Чиркин кыз-жигит бири-бирине жарашканын айт. Экөөнүн бийин карап туруп тиги бийлеп жаткан жигиттен Альбинаны кызгандым, ага ыраа көрбөдүм.  Экөө бий кызуусуна батып, ийиктей чимирилип, тегеренген кыздын алдына чөгөлөп көкүрөк, санын чапкылап, ыргып туруп кызды кучактап чарк айланып бийлеп атты. Ах, жүрөгүмдүн ачышканын, ичимдин күйгөнүн, бүтүндөй дене боюм өрттөнгөнүн айт.

Бийден кийин ошо бийчи жигит Альбинаны кучактап жанымдан өтө бергенде өзүмдү коёрго жер таба албадым. Жанымдан өтүп бараткан Альбина мени карап койсочу. Көрмөксөн болду го. Апта бою алапайымды таппай жүрдүм го. Цыган кызга таарындым, кайгырдым, ыйладым.

Сүрөт окуу жайына экзаменди ийгиликтүү тапшырып сүйүнүп турганда цыган кыздын күйүтү кайгыга салды. Ага жолуга албай Ошко учуп кеттим.

 

       САГЫНТКАН САРЫ ЖАЛБЫРАК

Фрунзе шаары. Дзержинский булвары. Коңур күз. Бак-дарак сары, кызыл жалбырагын төгүп турат. Этюкамды орнотконум менен негедир күз айын тарта албай сагыныч, кусалык сезимдер көөдөн жара тээп, сыртка атырылып чыгат. Сагынткан сары жалбырактарды сагынычтуу тиктеп отурдум. Цыган кыз эсиме түштү. Ошондо да дал ушундай күз мезгили эле. Мына азыр өзүм отурган жол жээгиндеги узун орундукта цыган кыз экөөбүз эч нерседен кабарыбыз жок шарактап күлүп жайнап отурбадык беле. Чоктой кызыл алманы тең бөлүп жарымын ага, жарымын өзүм жеп, ширин алма даамын бир татпадык беле…

Цыган кызды ойлобоюн, эстебейин десем деле оюма, эсиме түшө берет. Альбинаны көп ойлоочу болдум. Бирок анын жигити бар го. Экөөнүн жетелешип жүргөнүн канча ирет көрдүм . Ал тургай Альбина жигити менен ээрчишип келе жатканда алдынан атайылап чыгып, жолун тороп амандашсам, кайдыгер амандашты, жигитине кошуна студент деп узап кетишти. Күлбөгөн жерим күл болду. Ардандым, таарындым. “Эмне эле секелек цыган кызга чуркайм. Экөөбүз эки башка улуттан. Цыгандар бөтөн улутка кыз бербейт жана кыз алышпайт. Алардын ички улуттук-табор мыйзамы катаал, катуу. Кыз бөлөк улутка турмушка чыкса, акыры өлүм менен бүтөт” -дейм.

Күз. Жалбырактар акырындан күбүлүп жаткан. Сагынткан сары жалбырактарды сагынычтуу, кусалуу тиктеп отуруп колума кыл калем алдым. Ак плотонго тармал чач, жаш сулуу цыган кыздын элеси пайда боло баштады. Бул сулуу кыз ким?

Сүрөт тартуунун кызуусуна батып, сүйүүнүн азаптуу ой-кыялынын тереңине чөмүлүп, жанымда эчактан карап турушкан Альбина менен курбу кызы Ира жанымда турганын эч сезбептирмин.

– Сага окшош бекен Альбина? Амансыздарбы? Жол болсун каяктан каякка жол сапары?-дедим күлүп. Чынында Альбинаны көрүп сүйүндүм, кубандым. Анткени аны абдан сагындым эле. Убакыт учкан куш турбайбы. Азыр мен сүрөтчүлүк окуу жайдын 2-курсунун студентимин. Андан бери сезилбей көп убакыт өтүптүр.

-Алик эмне көрүнбөй кеттиң?

-Окуу менен убарамын да.

-Сага жолукканым жакшы болду Алик.

-Альбина сени көргөнүмө мен дагы сүйүнүп жатам.

-Алик биздин табор көчкөнү жатат.

-Кайда?

-Билбейм- деди Ира.

-Силер дагыбы Альбина?

-Цыгандардын баары тегиз көчүшөт, -деди Ира сөзгө аралашып.

-Алик, сени көрбөй калат окшойм. Сени көрбөй арманда кетет окшойм дедим эле.

-Альбина сен көп кыжаалат болбочу. Табор дагы 2-3 жылга кечигет деп атам айтты. Ага дейре убакыт бар,- деди Ира.

-Ошондойбу, Ира.

Альбинанын көздөрүндө кубаныч нуру чайылды.

-Алик бизди киного алып барчы.

Ира Альбина тарапка каш кагып, колума жашыруун бир тутам акча карматты.

-Ира мен…

Ира оозун колу менен басып, унчукпа дегенсиди. Этюткамы ары- бери жыйыштырып, Альбинаны акырын колдон алып тургуздум.

-Альбина көптөн бери чогуу киного кире элекпиз. Үчөөбүз кино көрүп чыгалы…

Эки цыган кыз эки жагыман колтуктап алды. Жай басып, “Ала-Тоо” кино театрына бараттык…

 

ЦЫГАН КЫЗБЫ, КАЙЫП КЫЗБЫ, ТАБЫШМАКТУУ ШАЙЫК КЫЗ

Жай аптабы күчөп, күн төбөдө ойноп, мээ кайнап, токой ичи дымып турган мезгил. Ошого карабай Арстанбапка келгендер көп. Өңчөй жаштар кыз-келиндер. Акырын эки жылдан бери Арстанбапты байырлап, жапайылык жашоомду дал ушул жерде өткөрүп калгам. Дамамат тил кургап чаңкаганда таштын жаракасынан жылжып, сарыгып агып чыгар булакка жата калып чаңкоомду кандырсаң дарылык касиети күчтүү эле . Ушул тишти сындырчудай, тиш какшаткан муздак булакты ичсең, көздөрүң умачтай ачыла түшкөнүчү. Денеге дарман күч-кубат кирип калат. Кырды ашып, капчыгайга кетчү жалгыз аяк жол менен аска бойлоп бараттым. Мынакей кызык, көк жаш арчанын түбүндө мен олтурчу ак ташка көпөлөкчө конуп улам-улам булак суусунан кочуштап сүзүп, тамшана жутуп коюп, кимдир бирөөнү күткөнсүгөн кызыл жоолук, кызыл көйнөк кийген 16 жашар кыз олтуруптур.

-Арба кызым,- деп озунуп салам бердим.

Кыз ыйба түшүп, өөдө болуп башын ийип учурашарда аркасына суудай жаба төгүлгөн капкара чачтары тоонун салкын желине сапырылып, бүтүндөй дене боюн жаап ороп салды. Узун коюу кара чачы тизеден ылдый төгүлүп, шамалга дирилдеп сапырылып жатты. Кыз кирпиктерин ачып, көзүнүн төбөсү менен мени тиктегенде жүрөгүм болк этти. Көргөн көзүмө ишенбей калтырап калдым. Кубанычпы, сагынычпы, кусалыкпы, сүйүнүчпү, тээ илгерки 60-70-жылдардагы жаштык сүйүүм, цыган кыз мени тиктеп турат.

-Альбина!..

…Фрунзе кечи!… Суунун агымындай каршы-терши агылган кыз-келиндер, жаш жигиттер, орто жашап калган кишилер, аялдар сейилдеп жүрүшөт. Бүгүн ишемби, шаардыктардын көптөн бери зарыгып күткөн күнү. Дем алыш күнү баары эс алганы шаардын чок ортосу “Россия”, “Ала-Тоо” кино театрына киного келишсе, көбү Дзержинский бульварына, Панфилов паркына эс алганы келишчү.

Альбина экөөбүз жетелешип сейил бакты аралай басып жүргөнбүз. Ал кезде цыган кыз 15-16 жаштардагы жаш кыз деген менен бой келбети чымыр, келбеттүү, сулуу кыз болуп жетилип келе жаткан.

-Алик Россиядан кино көрбөйлүбү.

-Мейли.

-Кеттикпи?

-Кеттик.

Экөөбүз учкан куштай жарышып, “Россия” кино театрына жеттик. Кудай жалгап билет эми сатылып жатыптыр. Арткы орундан билет алдык. Кино башталары менен Альбина мага жабыша кыналып олтурат. Мен кыздын назик денесин кучагыма алып, өзүмө имере тартам. Кыздын көзү сүзүлөт. Эриндери ачылып, менин эриндеримди тездетет. Ширин өбүшүү… Кино бүтөр бүткөнчө жыргап өбүшүү. Киного эзилишип өбүшкөнү үчүн гана кирчүбүз. Эх, ошондогу ширин күндөр… Ошондогу Альбинанын оттуу эриндери… Эх, Альбина, Альбина…

Селт этип чочуп кеттим, ширин уйкудан чочуп ойгонгонсуп селт эттим. Көздөрүм умачтай ачылды. Булак боюндагы кыз бакырайган көзүн балбылдатып, жаркылдап күлүп мени караганда бүтүндөй дене-боюма от кеткенсип ысып, бир отуруп тоонун салкын желинен чыйрыккансып, майда калтырак басты.

-Кайып кызы Азыткы!…

…Айлуу түн. Сере аска-тоолуу өрөөн. Аска жаракасындагы кууш үңкүрдө өзүм гана. Коломтодо чоң от. Түн бир оокум. Сыртта ай сүттөй жарык. Коломтодогу отту чоң жагып, үңкүрдөн сыртка чыктым. Бийик аска кырынан теребел айлуу түнү алаканга салгандай көрүнөт. Чыгыштан батышты көздөй, булуттарды жирей асмандагы ай жылат. Кыйыры чексиз катмарланып кыр-кырланып, аска чокуланып, мөңгүлүү тоолор көгүш мунарыкка чөгүп, түнкү мээлүүн уйкуга мемиреп жаткансыйт. Асканын боорунда кең жайытта жоон түп миң жылдык арча өбөгө чабак уруп кок тиреп турчу. Айлуу түнү бул жер керемет касиеттүү.

Ар заман келип эс алуучу жай жасап алгам. Күн ачык болгон мезгилде көп убактымды дал арча түбүндө өткөрөм. Тоонун жыпар чөптүү буруксуган түнкү желине мас болуп, түндүн сырдуу көрүнүшүнө көз чаптырып отурсам, көзүмө бир нерсе көрүнгөндөй болду. Кыя жол менен кыялап келе жаткан сырдуу элес айлуу түндөн суурулуп чыкты. Ак жоолук, ак көйнөк узун бойлуу сулуу кыз.

-Арбаңыз, Азыткы

-Бар болуңуз Алик.

Кыз экөөбүз узун, чоң дөңгөчкө жанаша отурдук.

Жакында алыскы сапарга аттанабыз. Эртең түнү тиги кырдагы кең жайыкка өткүн. Сени жеңем тозуп алат. Алты канат боз үйгө алып кирет. Калганын ошондо сүйлөшөбүз. Мен ооз ачкыча ордунан шашып туруп, келген жагына багыт алып айлуу түнгө сиңип кетти.

Боз үй да, кыздын жеңеси да жок, периште кыз Азыткынын өзү да жок. Ээн талаада кийимдерим чачылып, энеден туума жылаңач жатыптырмын.  Селт эттим, уйкудан ойгонуп көзүм умачтай ачылды. Бешенемде тал чыбыктай сулуу кыз дене боюн жапкан кара чачын шамалга сапырылтып  мени тиктеп туруптур.

-Аябай чаңкадым. Булактын муздак суусунан ичейин деп атайын келдим.

-Токтоңуз, келиңиз, сууну колум менен сүзүп ичирейинчи…

Кыздын кичинекей колундагы сууга тойсомчу, чаңкоом кансачы. Кыз каткырып суу сүзүп берет, бытыгый колунан ичем.

-Ака көрдүңүзбү, адам өмүргө тойбойт, сүйүүгө чаңкоосу канбайт. Сиз да сүйүүгө чаңкооңуз канбай жүрүпсүз.

Татынакай сулуу кыздын ойго келбес сөзүнө дабдырай түштүм. Деги бул сулуу ким? Альбина цыган кызбы, Азыткы кайып кызбы? Ушул табышмактуу кыз Альбинага да, Азыткыга да бир жери окшоп жүрөгүмдү ачыштырды. Эми бул сөзү эсимди эңгиретти.

-Тиги тоонун түбүндөгү жалгыз там биздики. Жакын эле өтүңүз. Кыз жердеги баштыгын алып, мени менен жылуу коштошуп, кырга чыгып баратты.

-Эй, кызым?

Кыз тык токтоп, артка кылчайды.

-Айланайын, атың ким өзү?

-Рано.

Кыз күлүп колун булгалап, кырдан ашып көрүнбөй кетти.

Рано…

Жүрөгүм ачышкансыган менен жылуу сезимге бөлөнүп, үмүт оту жана түшкөнсүдү.

 

   САГЫНЫП КҮТКӨН КӨК ЖАЛ КАРЫШКЫР

Бир жыл бою тоого чыкпадым. Айылда болдум. Кийинки жылы март айы эле. Боз чалып жаан нөшөрлөп төгүп турган. Эрте кар жолго чыгып айыл мектебинин стадионуна чуркап машыгууга жөнөгөм. Бурулушка жеткенимде стадионго эмес түз эле тоолорго кетчү жолго салып, кандайдыр сырдуу күчтөр тоого алып жөнөштү. Мен сырдуу күчтөрдү дароо сездим. Мындан мурун бир нече жолу ушинтип алып чыгып кетишчү.

Токойлорду аралай чаап, тоолорго жакындаган сайын жүргүлөп алып учат. Токойдон суурулуп кырга чыга береримде чоң көк жал карышкыр боз туман ичинен суурулуп чыга келди.

-Көк жал!

Бакырып, буркурап ыйлап ага бой таштадым. Мойнунан кучактап, башын сылап жаттым.

-Түшүмө көп кирчү элең. Экөөбүз сагынышыппыз. Аска чокусунда чөл тарапты тиктеп турарыңды түшүмдө көп көрдүм. Мени эстепсиң да, сагыныпсың да, айланайын көк жалым.

Көк жал карышкыр алдыда желип баратты. Артынан мен жүгүрүп алгам. Сагынткан тоолорума шашып бараттым. Бир жыл бою тоого чыкпай токойлорду, алачыгымды, тоодогу үңкүрүмдү, өзгөчө көк жал карышкырды абдан сагыныпмын. Жаан жаап турса дагы тоодогу үңкүрүмдө апта жашап, чер жазып кайттым. Көк жал узакка чейин узата келип, кала берди.

 

     КЕЧИГИП, КЕЗИККЕН СҮЙҮҮ

Жетимишке таянып баратсам да жүрөгүм жаш, жалын от. Эчен жылдар бою өксүү менен өткөн өмүрүмө өкүнбөйм. Сүйүүнүн тамчы шарабын тартып, көз тунарып көз ирмем рахатына батканым менен өмүр бою сүйүүнүн өксүгүндө жашап келем. Ранонун кичинекей алаканы менен суу ичип, чаңкоом канган да жок, өмүргө тойгонум да жок. Тээ илгери 60-70-жылдардагы жаштык сүйүүм цыган кыз Альбина азап салып кетсе, 2000-жылдары сырдуу кайып кыз Азыткы азап салса, 2017-жылдары шайык кыз Рано жүрөгүмө чок салып кетти. Ал кызды көрсөм жүзүнөн эзелки цыган кыз Альбинаны көрөм. Бир туруп, бейкапар өсүп келе жаткан тили буру шайык кызды көрөм. Бейкүнөө кыз мага жолуккан сайын унутулуп бараткан эски жаранын бетин сыйрып, мени азапка салып жүргөнүн кайдан билсин. Ранону көргөнүмдө кызгалдактын арасынан кубалашып ойноочу цыган кыз алдыма тартылат. Ранону көргөнүмдө бийик тоолордун айлуу түнүндө кубулуп нурдан бөлүнүп чыга келип, ак кайың түбүндө күтүп турчу кайып кыз Азыткы көз алдыма тартылат. Эки бирдей сулуу кыздарга кубулуп окшошо калчу Рано касиеттүү кыз го.

Рано. Шайык кыз. Тили буру. Бирок үстүнө жаба төгүлгөн коюу кара чачы жер чийип, ак кайыңдай ыргалып, каш кагып, күлө багып сүйлөгөндө өчкөн сүйүү от тутанып, өчкөн от кайра жанып, жашоого болгон үмүт канат байлап, көккө атырылат. Кечигип келген сүйүү мени жаңы жашоого, жаңы сүйүүгө жетелеп жөнөйт. Жүрөгүмө өчпөс, унутулбас сүйүүм цыган кыз менен кайыптар дүйнөсүнөн кайрылып келген кайып кыз Азыткыны, Альбинаны Ранодон көрөм…

Рано, Рано… шайык кыз Рано сырдуу, табышмактуу…

 

 

Абдыразак ОМОРОВ, журналист, жазуучу

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17